БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Премьер-министр Улукбек Марипов Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен жолукту.
Өкмөттүн маалымат кызматынын кабарлаганы боюнча, премьерлер кыскача пикир алмашкан.
Казакстандын Алматы шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин отуруму өтүп, ага ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин премьерлери катышууда.
"Марипов менен Мишустин эки тараптуу кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттары боюнча пикир алмашты", — деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле Мишустин Мариповду премьер-министр кызматына дайындалышы менен куттуктаган.
Эске салсак, Марипов 4-февраль күнү өкмөт башчы болуп дайындалган.
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматты (Финансы полициясы) жоюу боюнча иш алып бара турган комиссиянын төрагасы Кылычбек Абышев Sputnik агенттигине комиссиянын кандай тартипте иш алып барарын айтып берди.
Буга чейин өкмөттөн аталган комиссия сөз болуп жаткан кызматты жоюу боюнча чечимдин негизинде түзүлгөндүгүн билдиришкен. Абышев КРдин Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары.
Абышевдин айтымына караганда, комиссияга кирген 35 адам ар кыл мамлекеттик органдардагы эксперттер менен адистер. Анын төрагасынын орун басарлыгына Финполдун жетекчисинин орун басары болуп иштеген Жоомарт Султанов дайындалып, ал жетекчинин милдетин аткарууда.Абышев бүгүнкү күндө комиссия биринчии отурумун өткөрүп, иштин кандайча тартипте жүрө тургандыгын талкуулап алышканын билдирди. Мындан ары жасала турган иштердин планы туурасында маалымат берилмекчи.
Комиссиянын төрагасы адистердин ишин төрт багытка бөлдү:
Абышев мыйзам боюнча комиссиянын ыйгарым укуктарды мамлекеттик башка органдарга бергенге акысы жоктугун айтты. Ал арада өкмөттүн 5-марттагы токтому менен Экономика жана Финансы министрлигинин алдында Экономикалык кылмыштардын алдын алуу боюнча атайын департамент түзүлгөндүгүн айтып берди.
"Департамент Финполдон штаты, милдеттери, аткара турган иштери боюнча бир топ эле айырмаланат. Ал жакка сынак менен жаңы кызматкерлер алынат. Андан сырткары, Финполдун иштен бошогон кызматкерлери да башкалар сыяктуу эле арызын берсе болот. Аларга артыкчылыктар каралган эмес", — деди ал.
Өкмөттүн токтомунда Финполду жоюу боюнча комиссиянын ишинин мөөнөтү көрсөтүлгөн эмес. Анын төрагасы жумуштан бошотулган кызматкерлерге компенсация төлөп берүү жана башка иштерди эске алганда мыйзам боюнча үч айда бүтүш керектигин, бирок процессти тездетүүгө аракет кылышаарын айтты.
Абышев Сыймык Жапыкеев ээлеген кызматынан аталган кызматты жоюу боюнча чечимдин негизинде бошотулгандыгын кошумчалады.
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Эртең, 10-мартта, Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу расмий сапар менен Кыргызстанга келет. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Сапардын алкагында эки мамлекеттин тышкы иштер министрлеринин сүйлɵшүүлɵрү жана Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы биргелешкен стратегиялык пландаштыруу тобунун төртүнчү жыйыны ɵтөрү айтылды. Мындан сырткары, Чавушоглунун Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен жолугары дагы пландалууда.
"Алдыда боло турган жолугушуулардын жана сүйлɵшүүлɵрдүн жүрүшүндɵ саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары ɵнүктүрүү жана бекемдɵɵ боюнча мурда жетишилген келишимдерди, кыргыз-түрк мамилелери үчүн актуалдуу маселелерди талкуулоо пландаштырылууда", — деп жазылат маалыматта.
Түрк кеӊешинин алкагында түрк тилдүү мамлекеттердин ортосунда кызматташтыкты кеӊейтүү жана аталган эл аралык уюмдун күн тартибинин актуалдуу маселелери боюнча да пикир алмашуу болору кошумчаланды.