БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Жогорку сот УКМКнын маалымат кызматы тараткан билдирүүгө жооп кайтарды.
Буга чейин атайын кызмат Жазык кодексинин 320-беренесинин ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") негизинде Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиевага козголгон иш боюнча сотко чейинки териштирүүнү баштаганы айтылган. УКМКнын маалымат кызматы билдиргендей, сот бийлигинин айрым өкүлдөрү өткөн жылдын февраль айында жеке кастыктан улам интернетке башка судьянын беделин түшүргөн видеоматериалдарды интернетке жарыялап, муну менен кесиптешин жоопкерчиликке тартууну максат кылышканы аныкталган. Жогорку соттун төрайымы бул боюнча мыйзамдуу чараларды көрүүнүн ордуна ишти жаап-жашырууга аракет кылганы белгиленген.
Атайын органдын мындай маалыматына Жогорку сот жооп берип, акыркы учурда УКМК сот бийлигинин өкүлдөрүн негизсиз, далили жок айыптап жатканын айткан. Ошондой эле бул сот системасынын беделин түшүрүп жатканы кошумчаланган.
"Чынында Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева тарабынан Свердлов райондук сотунун судьясынын жүрүм-турумуна карата соттор кеңешинин алдындагы тартип комиссиясына сунуш жиберилген. Анын буйругу менен талкуу жараткан сот залындагы видео кимдер тарабынан интернетке жарыяланганын аныктоо боюнча комиссия түзүлгөн. Комиссия интернетке тараган видео видеокаттоодон жаздырып алынган деген тыянакка келген. Корутунду боюнча, видео уруксатсыз кирүүнүн изин аныктоого мүмкүн болбогон эки жерден алынган. Ал эми видеону интернетке таратууга шектелген судьянын иш бөлмөсүнөн далилдерди таба алган эмес", — деп айтылат маалыматта.
Билдирүүнүн соңунда эки башка мазмундагы маселе менен Жогорку соттун төрайымы кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгын жаап-жашырган деп айыптоо негизсиз экени белгиленген.
Долбоор экинчи-үчүнчү окуудан дагы колдоо тапса, президентке жөнөтүлөт. Ал кол койгондон кийин жалпы элдик добуш берүү дайындалат. Референдумду жергиликтүү кеңештердин шайлоосу менен кошо 11-апрелде өткөрүү сунушталууда.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Кытай Кыргызстандын ишенимдүү өнөктөшү. Мындан улам достук мамиленин өнүгүшүнө чоң маани берилет. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов билдиргенин өкмөттөн кабарлашты.
Маалыматка караганда, Марипов Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолуккан. Өкмөт башчы Кытай тарапка коронавируска каршы күрөшүүдө көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.
Тараптар соода-экономикалык кызматташуу, коронавируска каршы кытай вакцинасын бекер алуу, "Торугарт" менен "Эркечтам" постундагы жүк өткөрүүнү көбөйтүү маселелерин дагы талкуулашкан.
Мындан сырткары, өкмөт башчы менен элчи эки өлкө ортосундагы авиакаттамдарды жандантуу мүмкүнчүлүгүн дагы сүйлөшүшкөн.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Бейшемби күнү өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир аймактарда 14 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Талас жергесинде +9...+14 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +10...+15, Ысык-Көлдө +3...+8, ал эми Нарын аймагында -1...+4 градуска чейин жылуу болору айтылды.
Борбор калаада күн ачык болуп, күндүн табы +12...+14 градуска чейин көтөрүлсө, Ош шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, +13...+15 градус жылуу болот.