Жакында ЖК депутаттарынын мыйзамсыз иштерин угасыңар! Түлөбаевдин убадасы

© пресс-служба мэрии города БишкекБишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев. Архив
Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.02.2021
Жазылуу
Жетекчинин айтымында, шаарда объектилер менен жер участкалары инвентаризациядан өтүп жатат. Натыйжада ким кайсы жерди мыйзамсыз алып, салык төлөбөй жүргөнү аныкталмакчы.
БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев жакында элдин баары Жогорку Кеңештин депутаттарынын мыйзамсыз аракеттерин биле турганын айтты.
Жетекчи буга чейин ЖК депутаттары анын отставкасын талап кылышканын эскертти. Бирок ал мэр бир гана "өзүнүн" парламенти — шаардык кеңештин алдында отчет берерин билдирген.
"Кээ бир депутаттар мыйзамдарды окушпайт, саясий иштерге кийлигишет, туура эмес тапшырмаларды беришет. Мен өзүмдүн гана жумуш берүүчүмө баш ием. Ал – Бишкек шаардык кеңеши. Жогорку Кеңеш менен шаардык кеңеште борбор калаадагы бизнестерге тиешеси бар депутаттар отурат. Алардын кээ бирлери мыйзамсыз иштер менен алектенишет. Жакында Жогорку Кеңештин депутаттарынын мындай аракеттерин сиздерге көрсөтүп беребиз", — деди Түлөбаев.
Ал, ошондой эле, шаарда объектилер менен жер участкалары инвентаризациядан өтүп жатканын билдирди. Натыйжада ким кайсы жерди мыйзамсыз алып, салык төлөбөй жүргөнү аныкталмакчы.
"Бардык нерсенин өз убактысы бар. Бир күнү айтып беребиз", — деп белгиледи Түлөбаев.
Пригородная средняя общеобразовательная школа  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.02.2021
Түлөбаев: Бишкектеги мектеп менен бакчаларды мартта бир шарт менен ачабыз
Эске салсак, январь айында ЖК депутаттары Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу жана анын орун басарлары тармактык комитеттин чакыруусуна барбай койгонун айтып сындашкан. Ошондой эле Түлөбаевди иштен алууну президентке сунуштамай болушкан.
Калаа башчысы болсо ЖК депутаттарын мыйзамды окуп иш кылууга чакырып, мэр шаардык кеңештин алдында гана отчет берерин билдирген.
Жаңылыктар түрмөгү
0