Бишкек мэриясы. Архив

Бишкекке жаңы вице-мэр дайындалды

226
(жаңыланган 20:10 08.02.2021)
Жаңы вице-мэр Русланбек Акылбеков буга чейин мамлекеттик жана жеке уюмдарда жетекчилик кызматтарда эмгектенген.

БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Бишкектин жаңы вице-мэри болуп Русланбек Акылбеков дайындалды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Тийиштүү буйрукка мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кол койду.

Акылбеков жеке юридикалык жана финансылык компаниянын директору болгон. 2012-жылы Биринчи май райондук акиминин орун басары болуп турган. Мындан сырткары, мамлекеттик жана жеке уюмдарда жетекчилик кызматтарда эмгектенген. Буга чейин вице-мэр Азиз Алымкулов ээлеген кызматынан бошотулган. Ал эки жыл иштеди.

226
Белгилер:
вице-мэр, мэрия, Бишкек
Тема боюнча
Жакында ЖК депутаттарынын мыйзамсыз иштерин угасыңар! Түлөбаевдин убадасы

АКШ Кыргызстандан үйрөнсүн. Мамдума төрагасы Жапаров менен жолуккан видео

25
Президент Садыр Жапаров Россиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин менен жолугуп, парламент аралык мамилени талкуулады.

Володин бүгүнкү жолугушуу эки өлкөнүн мамилелеринин жаңы барактарын ачууга өбөлгө болоруна ишеним артты.

"Сиздин келишиңиз жана бүгүнкү жолугушуу өнүгүүнүн жаңы бийиктиктерине чыгууга, анын ичинде парламенттер аралык мамилелерди арттырат деген ниеттемин. Биз парламенттик кызматташуунун алкагындагы маселелерди талкуулап, сүйлөшөбүз", — деди Мамдума спикери.

Ошондой эле ал Садыр Жапаровду президент болуп шайланышы менен куттуктады.

"Биздин байкоочулар шайлоодо атаандаштык, ачыктык жана легитимдүүлүк жогорку деңгээлде болду деген пикирге келишти. Кыргызстандагы шайлоо АКШга караганда ачык өттү. Кошмо Штаттары ар дайым алардан үйрөнүү керектигин айтып келген, эми өздөрү сиздерден үйрөнүшү керек. АКШга караганда Кыргызстандагы шайлоого ишенсе болот", — деди Володин.

Аны менен катар Мамдуманын төрагасы март айынын аягында Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов менен Душанбеде ЖККУнун Парламенттик ассамблеясынын кеңешинин алкагында жолугушаары пландалып жатканын кошумчалады.

Ал эми Жапаров жаңы чакырыктар менен коркунучтарга, анын ичинде вирус коркунучуна, ошондой эле эл аралык терроризм менен экстремизмге каршы күрөшүүдө жана коопсуздукту камсыз кылууда эки өлкөнүн парламенттеринин күч-аракетин бириктирүү маанилүү экенин белгиледи.

25
Белгилер:
Вячеслав Володин, Мамлекеттик Дума, Садыр Жапаров, Кыргызстан, Россия
Тема:
Садыр Жапаровдун Россияга сапары
Тема боюнча
Путиндин маалымат катчысы: Жапаровдун иш сапары мазмуну жагынан көлөмдүү
Президент Садыр Жапаровду Москва кантип тосуп алды. Видео
Президент Садыр Жапаров Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен жолугушуу учурунда

Кыргызстан президенти менен Россия өкмөтүнүн төрагасы Москвада эмнени талкуулады

31
(жаңыланган 17:40 25.02.2021)
Жапаров пандемия учурунда гуманитардык, каржылык жана техникалык жардам түрүндө көрсөткөн колдоосу үчүн Россия өкмөтүнө ыраазычылыгын айткан.

БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-февралда, Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен жолукканда коңшулар эки тараптуу мамилелерди мазмундуу жаңы деңгээлге чыгарып, жаңы долбоорлор менен толтурууга кызыкдар экендигин белгилешти. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

  • Президент Кыргызстана Садыр Жапаров встретился с председателем правительства России Михаилом Мишустиным в рамках своего визита в Москву
    Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-февралда, Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен жолукканда коңшулар эки тараптуу мамилелерди мазмундуу жаңы деңгээлге чыгарып, жаңы долбоорлор менен толтурууга кызыкдар экендигин белгилешти
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент Кыргызстана Садыр Жапаров встретился с председателем правительства России Михаилом Мишустиным в рамках своего визита в Москву
    Күн тартибиндеги эки тараптуу артыкчылык берилген багыттар, анын ичинде Кыргызстан менен Россиянын ортосунда түзүлгөн соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтык маселелери талкууланган
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент Кыргызстана Садыр Жапаров встретился с председателем правительства России Михаилом Мишустиным в рамках своего визита в Москву
    Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар, айрыкча, соода-экономикалык кызматташтык деңгээлин жогорулатууга даяр экендиктерин билдиришкен.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
1 / 3
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-февралда, Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен жолукканда коңшулар эки тараптуу мамилелерди мазмундуу жаңы деңгээлге чыгарып, жаңы долбоорлор менен толтурууга кызыкдар экендигин белгилешти

Күн тартибиндеги эки тараптуу артыкчылык берилген багыттар, анын ичинде Кыргызстан менен Россиянын ортосунда түзүлгөн соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтык маселелери талкууланган.

"Михаил Мишустин эки тараптуу мамилелерди мазмундуу жаңы деңгээлге чыгарып, жаңы долбоорлор менен толтурууга кызыкдар экендигин айтты. Россия Кыргызстандын тышкы соода боюнча алдыңкы өнөктөштөрүнөн экенин, пандемиянын кесепетинен улам төмөндөп кеткен соода байланыштардын мурдагы деңгээлин биргелешкен аракеттер менен калыбына келтирүүгө болорун билдирди", — деп айтылат маалыматта.

Андан сырткары, учурда өкмөт аркылуу коронавирус инфекциясына каршы биргелешип күрөшүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын, бул Кыргызстандагы эпидемиологиялык кырдаалды турукташтырууга өбөлгө түзгөнүн баса белгиледи.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Россиянын лидери Владимир Путин менен жолугушуу учурунда
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
"Мишустин Кыргызстан менен Россиянын өкмөттөр аралык комиссиясынын, ошондой эле Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун алгылыктуу иштерине токтолгон. Россия өкмөтүнүн төрагасы Кыргызстан менен мындан ары натыйжалуу кызматташууга даярдыгын айтты", — деп билдиришти маалымат кызматынан.

Аны менен сүйлөшүп жатып Жапаров Россия президенти Владимир Путин менен жолугушууда Кыргызстан менен Россиянын ортосунда түзүлгөн стратегиялык өнөктөштүктү жана союздаштык мамилелерди чыңдоону улантуу жөнүндө келишимге кол коюлгандыгын билдирген.

Жапаров пандемия учурунда гуманитардык, каржылык жана техникалык жардам түрүндө көрсөткөн колдоосу үчүн Россия өкмөтүнө ыраазычылыгын айткан.

"Кыргызстан менен Россияны маданий, тарыхый жалпылыктар гана эмес, ошондой эле жаңы саясий, соода-экономикалык алакалар байланыштырып турат. Буга байланыштуу эки мамлекеттин ортосундагы бардык потенциалды толук ачып берүүгө умтулушубуз керек", — деген президент.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар, айрыкча, соода-экономикалык кызматташтык деңгээлин жогорулатууга даяр экендиктерин билдиришкен.

31
Белгилер:
кызматташуу, өкмөт, Михаил Мишустин, Садыр Жапаров, Россия, Кыргызстан
Тема:
Садыр Жапаровдун Россияга сапары
Тема боюнча
Россия Кыргызстанга экономиканы көмүскөдөн чыгарууга 623 млн. сом берет
Жапаров Москвада Россиянын ири бизнесмендери менен жолукту. Кимдер келди