Чырлуу иштери бар экен. Садыр Жапаров жаңы мэр боюнча пикирин билдирди

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын президенти Садыр Жапаров
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.02.2021
Жазылуу
Кечээ, 8-февралда, борбор калаанын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев отставкага кеткени маалым болгон.
БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров өзүнүн Instagram баракчасына мэрлик кызмат боюнча билдирүү жазды.
“Албетте, таза, жаш, идеялуу кадрлар көп. Маектеше келсең жүзү жарык, иштемчил көрүнөт. Мурда-кийин бийликте иштебеген, коррупциялык иштерге аралашпаган деп тандаган кадрлардын артында да хулигандык, мүлк талаш иштери бар экен. Ошондуктан шаардын мэрлигине коюуга мүмкүн эмес”, - деди Жапаров.
Эске салсак, премьер-министр Улукбек Мариповдун чечими менен бүгүн, 9-февралда, Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп Эрмек Нургазиев дайындалган. Маалымат жыйыны учурунда ага журналисттер үлүшчүлөрдү алдоо боюнча ишке катыштыгы бар-жогу тууралуу суроолорду узатышкан. Нургазиев андай иштерге эч кандай тиешеси жоктугун билдирген. Ал ошондой эле бир нече ирет Садыр Жапаров менен жолукканын айтып, ага шаарды өнүктүрүү боюнча пландарын айтып бергенин билдирген
Жаңылыктар түрмөгү
0