БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Мамлекет башчынын маалымат катчысы Галина Байтерек Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Эрмек Нургазиевдин маселеси боюнча үн катты.
Ал мэрдин милдетин аткаруучуну кызматтан алуу же албоо боюнча акыркы чечимди өкмөт башчы кабыл аларын белгилеген.
"Коомчулуктун пикирин жана социалдык тармактарда мамлекеттик кызматкердин беделине көлөкө түшүргөн материалдардын жайылуусун эске алуу менен өлкө башчы Садыр Жапаров социалдык тармактагы жеке баракчасына мэрдин милдетин аткаруучуга байланыштуу пикирин билдирген. Бирок кадрдык акыркы чечимди өлкөнүн премьер-министри кабыл алат", — деген Байтерек.
Эске салсак, премьер-министр Улукбек Мариповдун чечими менен бүгүн, 9-февралда, Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп Эрмек Нургазиев дайындалган. Бирок социалдык тармакта Нургазиевдин алешем иштери боюнча бир топ сындар айтылып, бул боюнча президент Жапаров да пикирин билдирген.
Долбоор экинчи-үчүнчү окуудан дагы колдоо тапса, президентке жөнөтүлөт. Ал кол койгондон кийин жалпы элдик добуш берүү дайындалат. Референдумду жергиликтүү кеңештердин шайлоосу менен кошо 11-апрелде өткөрүү сунушталууда.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Кытай Кыргызстандын ишенимдүү өнөктөшү. Мындан улам достук мамиленин өнүгүшүнө чоң маани берилет. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов билдиргенин өкмөттөн кабарлашты.
Маалыматка караганда, Марипов Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолуккан. Өкмөт башчы Кытай тарапка коронавируска каршы күрөшүүдө көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.
Тараптар соода-экономикалык кызматташуу, коронавируска каршы кытай вакцинасын бекер алуу, "Торугарт" менен "Эркечтам" постундагы жүк өткөрүүнү көбөйтүү маселелерин дагы талкуулашкан.
Мындан сырткары, өкмөт башчы менен элчи эки өлкө ортосундагы авиакаттамдарды жандантуу мүмкүнчүлүгүн дагы сүйлөшүшкөн.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Бейшемби күнү өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир аймактарда 14 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Талас жергесинде +9...+14 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +10...+15, Ысык-Көлдө +3...+8, ал эми Нарын аймагында -1...+4 градуска чейин жылуу болору айтылды.
Борбор калаада күн ачык болуп, күндүн табы +12...+14 градуска чейин көтөрүлсө, Ош шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, +13...+15 градус жылуу болот.