БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Жаңы Конституциянын долбоорунда өкмөттү да президент башкара турганы жазылат. Президенттин администрация башчысы бир эле учурда министрлер кабинетинин төрагасы кызматын айкалыштырып иштейт.
Баса, Баш мыйзамдан "өкмөт", "премьер-министр" деген сөздү кезиктирүү мүмкүн эмес, ал "Министрлер кабинетинин төрагасы" деген сөздөр менен алмаштырылган. Буга чейин парламентке баш ийген өкмөт эми президенттин алдында жооптуу болууда.
Өкмөт тууралуу мыйзамдын негизги учурлары жана өзгөрүүлөр:
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-мартта, кыргызстандыктарды Мамлекеттик туу күнү менен куттуктады.
"Өлкөбүздүн эгемендиги менен эркиндигин айгинелеп турган мамлекеттик туубуз улуу кыргыз элинин рухий дөөлөттөрүн, тарыхый басып өткөн жолун чагылдырып турат. Эзелтеден эле элибиз кызыл туунун астында бир муштумдай биригип, өз алдынча мамлекет, өз алдынча эл болууга умтулуп, намысын бийик кармап келишкен", — деди Жапаров.
Куттуктоодо туу ар бир кыргызстандык жарандын, айрыкча, жаштардын Ата Мекенге болгон атуулдук ыйык сезимин, патриоттук духун көтөрүп, мекенин сүйүүгө түздөн-түз идеологиялык кызмат аткарып жатканы айтылат.
"Бүгүн дагы ата-бабаларыбыздын салтын улай өлкөнүн келечеги үчүн бир туунун астында биригип, "бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгара" албан-албан чоң ийгиликтерди жараталы. Эрдиктин, тайманбастыктын символу болгон туубуздун кызыл түсү эзели оңбосун, бакубаттуулукту, байыркы кырк уруунун биримдигин чагылдырган күн нурлары эч качан өчпөсүн, ал эми элибиздин ынтымагынын белгиси болгон түндүгүбүз түшпөсүн", — деген Жапаров.Мамлекеттик туу Кыргызстандын Жогорку Советинин 1992-жылдын 3-мартындагы токтому менен бекитилген. Аны Эдил Айдарбеков, Бекбосун Жайчыбеков, Сабыр Иптаров, Жусуп Матаев жана Маматбек Сыдыковдон турган авторлор иштеп чыккан.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу ортосуна кырк нуру тегиз чачыраган алтын түстөгү күн алкагынын, күн алкагынын ичине кыргыз боз үйүнүн кызыл түстөгү түндүгүнүн сүрөтү түшүрүлгөн тик бурчтуу кызыл кездемеден жасалган. Туунун эни анын узундугунун бештен үчүн түзөт. Нурлуу алкактын диаметри туунун энинин бештен үчүн түзөт. Күндүн жана нурлуу алкак диаметрлеринин катышы - бештен үчкө барабар. Түндүктүн диаметри нурлуу алкактын диаметринин жарымына барабар.
БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн, 2-мартта, Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин менен жолукту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү, маданий-гуманитардык өз ара байланыштарды кеңейтүү жана күн тартибиндеги башка актуалдуу темалар боюнча пикир алмашышкан.
Аскар Мамин боордош эки элдин ортосундагы достук байланыштарды чыңдоонун маанисин белгилеп, мамлекеттердин өз ара экономикалык пайдалуу кызматташтыгын тереңдетүүгө даяр экенин билдирди.
Мамлекет башчы Казакстандын жогорку жетекчилиги эки элдин ортосундагы биримдикти жана тыгыз карым-катнашты чыңдоого зор салым кошуп жаткандыгын белгилеген.
Президент кыргыз тараптын Казакстан менен соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташууну кеңейтүүгө даярдыгын жана кызыкдар экенин билдирген.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Австрияда 41 бейтап Pfizer жана BioNtech вакцинасын алгандан кийин көз жумду. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.
Ага ылайык, ошол эле маалда дарыгерлер бейтаптардын өлүмү менен препараттын ортосундагы байланышты аныкташкан эмес.
Отчетте белгиленгендей, үч бейтаптын эмдөөдөн кийин дароо эле көз жумганы сөөктү сойгон соң билинген. Дагы 11 адам эмдөөнү коронавирустун инкубациялык маалында алып каза тапкан. Калган 19 кишинин оорусу өлүмгө алып келди деп боолголонсо, сегизинин өлүмүнүн себеби учурда такталып жатканы айтылды.Декабрь айынын башында америкалык Pfizer жана германиялык BioNTech компаниялары биргелешип чыгарган вакцина COVID-19га каршы АКШда жана Европа өлкөлөрүндө эмдөөгө колдонула баштаган.