БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Жаңы Конституциянын долбоорунда референдумдан кийин жөнгө салынуучу жоболор камтылган.
Ага ылайык, президент учурдагы Баш мыйзамда көрсөтүлгөн алты жылдык мөөнөтү бүткөнгө чейин иштейт. Белгилей кетсек, сунушталган Конституцияда мамлекет башчы беш жылдык мөөнөт менен эки жолу шайланат.
Өткөөл жоболордун тизмеси:
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары жалпы жыйында жаңы Конституциянын долбоору боюнча референдум дайындоо демилгесин биринчи окууда колдоп беришти.
Эл өкүлдөрүнүн 87си макул болсо, 9у каршы чыккан.
Жогорку Кеңештин сайтына кайсы депутат кандай добуш бергени тууралуу маалымат жарыяланды.
Долбоор экинчи-үчүнчү окуудан дагы колдоо тапса, президентке жөнөтүлөт. Ал кол койгондон кийин жалпы элдик добуш берүү дайындалат. Референдумду жергиликтүү кеңештердин шайлоосу менен кошо 11-апрелде өткөрүү сунушталууда.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары жаңы Конституциянын долбоору боюнча референдум дайындоо демилгесин жактырды.
Аталган долбоор бүгүн парламенттин жалпы жыйынында биринчи окууда каралды. Натыйжада 87 эл өкүлү макул, 9 депутат каршы добуш беришти.
Долбоор экинчи-үчүнчү окуудан дагы колдоо тапса, президентке жөнөтүлөт. Ал кол койгондон кийин жалпы элдик добуш берүү дайындалат. Референдумду жергиликтүү кеңештердин шайлоосу менен кошо 11-апрелде өткөрүү сунушталууда.
Токойдун четинде эс алып тамактанып отурган советтик жоокерлердин ортосундагы КРдин эл артисти Айтурган Темирова менен РФтин эл артисти Вера Глаголеванын сүрөтү 1985-жылы Беларуста тартылган.
Ошол жылы режиссер Болот Шамшиев казакстандык снайпер, Советтер Союзунун Баатыры Алия Молдагулова жөнүндө "Снайперлер" тасмасын тартууну баштап, башкы каармандын ролун Темирова аткарган.
Ал кезеңди белгилүү актриса мындайча эскерет:
"Бул сүрөт жоокерлер согуш талаасында кандай салгылашуу болгонун сүйлөшүп жатканда тартылып алынган экен. Жанымда курбу кызым Вера Глаголева отурат. Мен болсо алардын айтканына ичим чыкпай нааразы болуп, башка пландарды түзүп жаткам. Бул эпизоддор Беларустун Смолевич аскер полигонунда тартылган. Ал жерде көптөгөн советтик аскердик фильмдер жаралган. "Снайперлер" аябагандай оор шарттарда тартылган эле. Анын кесепетинен үч жолу операция болуп, эки жылдан кийин гана калыбыма келгем", — деди Темирова.
Анда Шамшиев 44, Темирова 27 жашта болуп, экөө бир уул, бир кызды тарбиялап жаткан.
Актрисанын кызы Сүйүтай Шамшиева буларды кошумчалады:
Аталган тасмага казакстандык, россиялык, кыргызстандык актерлор катышкан. Кинокартина соңуна чыккан соң 1986-жылы Алмата шаарында өткөн ХIХ Бүткүл союздук фестивалда "Мыкты аскердик-патриоттук тасма" сыйлыгына ээ болуп, башкы кармандын образын жараткан Темировага СССРдин Коргоо министрлиги ефрейтор аскер чинин ыйгарган.