Олимпиада чемпиону Осмоналиев маданият жана спорт министрине кеңешчи болду

© Sputnik / Данияр СандыбаевОлимпиада оюндарынын жеңүүчүсү, оор атлетика боюнча Дүйнөнүн төрт жолку чемпиону жана Европанын эки жолку чемпиону Каныбек Осмоналиев
Олимпиада оюндарынын жеңүүчүсү, оор атлетика боюнча Дүйнөнүн төрт жолку чемпиону жана Европанын эки жолку чемпиону Каныбек Осмоналиев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.02.2021
Жазылуу
Министр жаңы дайындалган кеңешчиси менен спорт жана өсүп келе жаткан муунду тарбиялоо маселелерин талкуулаган.
БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Олимпиада оюндарынын жеңүүчүсү, оор атлетика боюнча Дүйнөнүн төрт жолку чемпиону жана Европанын эки жолку чемпиону Каныбек Осмоналиев маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин спорт тармагы боюнча коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган ведомствонун маалымат кызматы билдирди.
Министр Кайрат Иманалиев бүгүн Осмоналиев менен жолуккан.
Анда өлкөдө спорт жана дене тарбияны өнүктүрүү, өсүп келе жаткан муунду социалдык жоопкерчиликтүү нукта тарбиялоо маселелери талкууланганы айтылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0