БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Өлкө башчы Садыр Жапаров саясатчы Өмүрбек Бабанов жана ишкер Шухрат Ибрагимов менен жолукту. Маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттигине президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек тастыктады.
Анын айтымында, жолугушуу бүгүн, 10-февралда, болгон.
"Бул эми таанышуу иретинде жеке мүнөздөгү жолугушуу болду. Саясатчы Өмүрбек Бабанов Шухрат Ибрагимовду алып келип, өлкө башчы менен тааныштырып, анда инвестицияга байланыштуу маселелер козголду. Жолугушууда өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү үчүн инвестиция тартуу негизги тема болду. Жапаров мындан ары да чет өлкөлүк инвесторлор менен кезигип турат", — деди Байтерек.
Ал жолугушуу кимдин демилгеси менен уюштурулганын так билбей турганын кошумчалады.
Эске салсак, Шухрат Ибрагимов "Токмоктук Граф" деген ат менен белгилүү болгон миллиардер Алиджан Ибрагимовдун уулу.
Долбоор экинчи-үчүнчү окуудан дагы колдоо тапса, президентке жөнөтүлөт. Ал кол койгондон кийин жалпы элдик добуш берүү дайындалат. Референдумду жергиликтүү кеңештердин шайлоосу менен кошо 11-апрелде өткөрүү сунушталууда.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Кытай Кыргызстандын ишенимдүү өнөктөшү. Мындан улам достук мамиленин өнүгүшүнө чоң маани берилет. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов билдиргенин өкмөттөн кабарлашты.
Маалыматка караганда, Марипов Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолуккан. Өкмөт башчы Кытай тарапка коронавируска каршы күрөшүүдө көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.
Тараптар соода-экономикалык кызматташуу, коронавируска каршы кытай вакцинасын бекер алуу, "Торугарт" менен "Эркечтам" постундагы жүк өткөрүүнү көбөйтүү маселелерин дагы талкуулашкан.
Мындан сырткары, өкмөт башчы менен элчи эки өлкө ортосундагы авиакаттамдарды жандантуу мүмкүнчүлүгүн дагы сүйлөшүшкөн.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Бейшемби күнү өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир аймактарда 14 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Талас жергесинде +9...+14 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +10...+15, Ысык-Көлдө +3...+8, ал эми Нарын аймагында -1...+4 градуска чейин жылуу болору айтылды.
Борбор калаада күн ачык болуп, күндүн табы +12...+14 градуска чейин көтөрүлсө, Ош шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, +13...+15 градус жылуу болот.