"Бийликти басып алууга жол берилбейт". Жаңы Конституциядагы толукталган норма

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын желегин көтөргөн адамдар. Архив
Кыргызстандын желегин көтөргөн адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.02.2021
Жазылуу
Учурдагы Баш мыйзамда бийликти эч бир адам ээлеп ала албастыгы жана бийликти узурпациялоо өзгөчө оор кылмыш болору белгиленген.
БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Коомдук талкууга чыккан жаңы Конституциянын долбооруна "бийликти күч колдонуп басып алууга жол берилбейт" деген норма киргизилди.
Учурда иштеп жаткан Баш мыйзамдын 5-беренесинин экинчи абзацында "Элдин эч бир бөлүгү, бир да бирикме, бир да адам мамлекетте бийликти өзүнө ыйгарып алууга укуксуз. Мамлекеттик бийликти узурпациялоо өзгөчө оор кылмыш болуп эсептелет" деп жазылган.
Жыйында сүйлөп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.02.2021
Аткаминерлерди иштен алууну сунуштайт. Курултай түзүлсө эмне менен алектенет
Ал эми жаңы Конституциянын 6-беренесинин экинчи абзацында "Кыргыз Республикасында эч ким бийликти ээлеп ала албайт. Мамлекеттик бийликти узурпациялоо өзгөчө оор кылмыш болуп эсептелет" деп белгиленип, алдына дагы бир норма кошулган. Ал "Мамлекеттик бийликти күч колдонуп басып алууга же күч колдонуп мыйзамсыз кармап турууга, мамлекеттик органдардын же алардын кызмат адамдарынын ыйгарым укуктарын ыйгарып алууга багытталган аракеттерге жол берилбейт" деп көрсөтүлгөн.
Жаңылыктар түрмөгү
0