Фемида айкели. Архив

Прокурор, УКМК менен макулдашкан. Сот Матраимовго чыккан өкүмдү түшүндүрдү

424
(жаңыланган 18:58 11.02.2021)
Матраимов мамлекетке 1,4 миллиард сомун акчалай, калганына бир соода борбору, тогуз батирин өткөрүп берген.

БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимов тергөө менен кызматташып, келтирилген зыянды төлөп бергени үчүн бошотулду. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, судья Гүлзат Дыйканбаева Матраимовду коррупцияга күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып салган. Анын жана жакын туугандарынын камакка алынган мал-мүлкүн ээлерине кайтарган.

"2020-жылдын 20-октябрында Башкы прокуратуранын бөлүмүнүн прокурору, УКМКнын тергөө тобунун жетекчиси жана Райым Матраимовдун ортосунда кызматташтык жөнүндө макулдашуу түзүлгөн. Тараптар 260 миң сом айып салуу түрүндөгү жаза колдонууга макулдашышкан. Аталган макулдашуу Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынан да бекитилген. Жазык процесстик кодексинин 498-беренесинин 4, 7, 8-бөлүктөрүнө ылайык, эгер айыпталуучу макулдашууда көрсөтүлгөн бардык милдеттенмелерди аткарса, судья айыптоо өкүмүн чыгарат жана ага карата макулдашууда көрсөтүлгөн жазаны колдонот", — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Райым Матраимов өткөн жылдын 20-октябрында бажы тармагындагы коррупция боюнча айыпталып, УКМК тарабынан кармалган. Биринчи май райондук соту баш коргоо чарасын тандап, сыртка чыкпоо тууралуу тил кат алган болчу.

Кийинчерээк ал мамлекетке келтирилген эки миллиард сомдук зыянды толтурууга макул болгону айтылган. Анын 1,4 миллиардын акчалай, калган 600 миллион сомуна бир соода борбору, тогуз батирин өткөрүп берген.

424
Белгилер:
макулдашуу, УКМК, прокурор, өкүм, сот, Райымбек Матраимов
Тема боюнча
Райым Матраимов АКШнын Финансы министрлигинин санкциялык тизмесине илинди
Жапаров Райым Матраимов кармалганда эмнени өтүнгөнүн айтып берди
Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев. Архив

Иманалиев: негизги эки документ жок, Конституция долбоорун карай албайбыз

36
(жаңыланган 12:10 03.03.2021)
Эл өкүлүнүн айтымында, долбоорду кароого негиз болчу эки документ жок, мындан улам регламент боюнча кароого парламенттин укугу да жок.

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев Конституциянын долбоорун жана референдум дайындоого негиз жок экенин айтты.

Анын айтымында, долбоорду кароого негиз болчу эки документ жок, мындан улам регламент боюнча кароого парламент укуктуу эмес.

"Сөз жок, керектүү эң негизги документ жок экен. Мындай жагдайда сөзсүз түрдө Конституциялык палатанын корутундусу керек. Экинчиден, "ооба, референдум өткөрүүгө өкмөт макул, мынча каражат керек" деген өкмөттүн корутундусу зарыл", — деди эл өкүлү.

Андан соң өкмөттүн парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытов өкмөттүн оң корутундусу бар экенин айтып, референдум өткөрүүгө 60 миллион сом керектелерин билдирди.

Иманалиев мындай корутунду депутаттарга берилбегенине нааразы болду.

36
Белгилер:
документ, Жогорку Кеңеш, долбоор, кароо, конституция
Тема:
Жаңы Конституциянын долбоору жана референдум
Тема боюнча
ЖКда Конституциянын автору делген депутаттардын атын ачыктоо талап кылынды
Жогорку Кеңеш жаңы Конституциянын долбоорун талкуулап жатат. Түз эфир
Мамытов Конституция долбоорун талкуулабай, референдум дайындоого чакырды
 Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов. Архив

Мамытов Конституция долбоорун талкуулабай, референдум дайындоого чакырды

44
(жаңыланган 11:46 03.03.2021)
Спикер депутаттар суроо берген сайын азыркы каралып жаткан долбоор талкууга жатпай турганын эскертип жатат.

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов депутаттарга жаңы Конституциянын долбоорун талкуулабай, референдумду дайындоо керектигин эскертти.

"Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу" мыйзамдын долбоору жалпы жыйында каралып жатат.

Анда депутаттар жаңы Баш мыйзамдын долбоорунун мүчүлүштүктөрүн айтып, оңдоону талап кылышкан.

"Долбоорду Конституциялык кеңешме жазып чыккан, азыр парламент референдумду гана дайындашы керек. Андыктан Баш мыйзамдын долбоорун талкуулабай, референдум дайындоону карайлы", — деди Мамытов.

Спикер депутаттар суроо берген сайын азыркы каралып жаткан долбоор талкууга жатпай турганын эскертип жатат.

44
Белгилер:
Талант Мамытов, Жогорку Кеңеш, долбоор, кароо, конституция
Тема:
Жаңы Конституциянын долбоору жана референдум
Тема боюнча
Касымалиева Конституциянын долбоорун чачы таралбаган адамга салыштырды. Видео
ЖКда Конституциянын автору делген депутаттардын атын ачыктоо талап кылынды
ЖКнын тармактык комитети жаңы Конституциянын долбоорун жактырды
Кара-Кече көмүр шахтасы. Архив

"Кара-Кечеден" көмүр ташыган айдоочулардын ар биринен акча алгандар кармалды

0
(жаңыланган 12:22 03.03.2021)
Учурда Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу, ошондой эле аталган кылмышка тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча иштер уланып жатат.

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасынын "Кара-Кече" филиалынын кызматкерлери менен Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы "Турускул" салмактык-габариттик көзөмөл пунктунун инспекторлору кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Колго түшкөндөр Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренеси боюнча коррупцияга шектелип жатат.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришкендей, "Кара-Кече" филиалынын кызматкерлери көмүрдү тоскоолдуксуз жүктөп кетүү үчүн ар бир айдоочудан 1000 сомдон алып турушкан.

"Статистикалык маалыматтарга ылайык, 2019-2020-жылытуу мезгилине карата Бишкек шаарындагы ЖЭБге 15 376 жүк ташуучу унаага көмүр жүктөлгөн. Ал эми 2020-2021-жылытуу мезгилинде унаалардын саны 22 199ду түзгөн. Натыйжада "Кыргыз көмүрдүн" кызматкерлери эки жылытуу мезгилинде негизсиз алган каражаттын көлөмү 37 миллион сомдон ашкан", — деп айтылат маалыматта.

Ушундай эле схема "Турускул" салмак-габариттик көзөмөлдөө инспекторлору тарабынан уюштурулганы аныкталды.

"Көмүрдү уруксат берилген көлөмдөн ашык жүктөп өтүү үчүн ар бир айдоочудан 500 сомдон алып турушкан", — дешти УКМКдан.

Ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасынын эки кызматкери жана "Турускул" салмак-габариттик көзөмөл пунктунун эки инспектору кармалып, Нарын шаардык ИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу, ошондой эле аталган кылмышка тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары улантылып жатат.

0
Белгилер:
УКМК, коррупция, инспектор, айдоочу, көмүр, Кара-Кече
Тема боюнча
Финпол: "Караван" соода борборунун аянтчалары ижарага ит бекер берилип турган
Прокуратура: министрлик пандемияда 3,5 млн. сомго керексиз дары сатып алган