БИШКЕК, 11-фев. – Sputnik. Президент Садыр Жапаров жаңы Конституцияны кабыл алуу боюнча референдумду жергиликтүү кеңештердин шайлоосу менен бирге, тагыраагы, 11-апрелде өткөрүүнү сунуштап жатканын КТРКга берген маегинде билдирди.
Ал өз сөзүндө учурда Кыргызстан эски Баш мыйзам менен жашап жаткандыктан президент менен премьер-министр өзүнө тийиштүү гана тармактарга кадрларды дайындап жатканын билдирди.
"Жаңы Конституцияга дагы 1-2 ай бар. Эгер депутаттар колдоп берсе, референдум жергиликтүү кеңештердин шайлоосу менен бирге 11-апрелде өтөт", — деди Жапаров.
Эске салсак, буга чейин мамлекет башчы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону 11-апрелде өткөрүү боюнча жарлыкка кол койгон.
Долбоор экинчи-үчүнчү окуудан дагы колдоо тапса, президентке жөнөтүлөт. Ал кол койгондон кийин жалпы элдик добуш берүү дайындалат. Референдумду жергиликтүү кеңештердин шайлоосу менен кошо 11-апрелде өткөрүү сунушталууда.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Кытай Кыргызстандын ишенимдүү өнөктөшү. Мындан улам достук мамиленин өнүгүшүнө чоң маани берилет. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов билдиргенин өкмөттөн кабарлашты.
Маалыматка караганда, Марипов Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолуккан. Өкмөт башчы Кытай тарапка коронавируска каршы күрөшүүдө көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.
Тараптар соода-экономикалык кызматташуу, коронавируска каршы кытай вакцинасын бекер алуу, "Торугарт" менен "Эркечтам" постундагы жүк өткөрүүнү көбөйтүү маселелерин дагы талкуулашкан.
Мындан сырткары, өкмөт башчы менен элчи эки өлкө ортосундагы авиакаттамдарды жандантуу мүмкүнчүлүгүн дагы сүйлөшүшкөн.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Бейшемби күнү өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир аймактарда 14 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Талас жергесинде +9...+14 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +10...+15, Ысык-Көлдө +3...+8, ал эми Нарын аймагында -1...+4 градуска чейин жылуу болору айтылды.
Борбор калаада күн ачык болуп, күндүн табы +12...+14 градуска чейин көтөрүлсө, Ош шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, +13...+15 градус жылуу болот.