БИШКЕК, 11-фев. – Sputnik. Муфтияттын кассасын текшере келгенде ажылык сапар үчүн чогулган акчанын сегиз миллион долларга жакыны жетишсиз болуп чыккан. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров КТРКга маек куруп жатып билдирди.
Мамлекет башчынын айтымында, президенттик кызматка киришкенге чейин, инаугурация алдында дин өкүлдөрүнүн чакыруусу менен эски мечитке барган. Анда тараптардын талашы талкууланган.
"Мечитке барсам, дин чөйрөсүндөгү 7-8 аксакал бар экен. Кийин Абдышүкүр Нарматов келди. Муфтий өзү дагы болду. Уламалар кеңешинин мүчөлөрү, текшерүү комиссиянын башчысы Бакыт Нурдинов катышты. Ошол жерде 4-5 саат сүйлөшүп отурдук. Нааразы тарап муфтийди "туура эмес башкарып жатасың, экинчиден, акчаны жеп койдуң" деп айыптап жатышты. Муфтий отчёт бер десе бербей, текшерүүгө киргизбей жаткан экен", — деди Жапаров.
Мамлекет башчы дин аалымдарын ынтымакка чакырып, муфтийди шайлоону убагында өткөрүүгө чакырганын билдирди.
Садыр Жапаров кийин муфтиятка бухгалтер жибергенин, ал комиссия менен биргеликте иштеп, натыйжада чындап эле акча жетишпей жатканы аныкталганын айтты.
"Былтыр ажылыкка барабыз дегендерден 16 миллион доллардай чогулган экен. Текшергенде чындап эле 8 миллионго жакын доллар жетпей калган. Көрсө, алар ажылык сапарга барчулардын 7 миллион 700 миң долларын сомго айлантып, киреше алуу максатында банкка салышкан экен. Бирок алар пайда көргөнгө чейин доллар 15 сомго өсүп кеткен. Натыйжада пайда көрмөк түгүл чыгым тартып калышкан. Тагыраагы, чыгым 700 миң доллардын тегереги болуп кеткен", — деди Жапаров.Мамлекет башчынын айтымында, мындан сырткары, 2020-жылдын август айында ошол эле ажылык сапарга барчулардын акчасынан 155 миллион сомду бир фирмага берилди деп туруп, шайлоого катышкан партияга салып жиберишкен.
"Эл акчасын талап кылса, жарымы берилип, жарымы дагы деле бериле элек экен. Ызы-чуу мына ошондон чыгып жатат", — деди президент.
Мамлекет башчынын толук маегин бул жактан көрүңүздөр.
БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн, 2-мартта, Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин менен жолукту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү, маданий-гуманитардык өз ара байланыштарды кеңейтүү жана күн тартибиндеги башка актуалдуу темалар боюнча пикир алмашышкан.
Аскар Мамин боордош эки элдин ортосундагы достук байланыштарды чыңдоонун маанисин белгилеп, мамлекеттердин өз ара экономикалык пайдалуу кызматташтыгын тереңдетүүгө даяр экенин билдирди.
Мамлекет башчы Казакстандын жогорку жетекчилиги эки элдин ортосундагы биримдикти жана тыгыз карым-катнашты чыңдоого зор салым кошуп жаткандыгын белгилеген.
Президент кыргыз тараптын Казакстан менен соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташууну кеңейтүүгө даярдыгын жана кызыкдар экенин билдирген.
БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Өкмөттүн Ош облусундагы мурдагы өкүлү Байыш Юсуповдун уулу Замир Юсупов Ош шаарынын биринчи вице-мэри болуп дайындалды. Бул маалыматты муниципалитеттин басма сөз кызматы тастыктады.
Тиешелүү буйрукка мэр Таалайбек Сарыбашов кол койгон.
Жогорку билимдүү. Кыргыз-орус славян университетинин эл аралык мамилелер факультетин жана Ош технологиялык университетин аяктаган.
Анын атасы Байыш Юсупов былтыр августта Узарбек Жылкыбаевдин ордуна келген. Бирок октябрдагы парламенттик шайлоодон кийинки нааразычылыктардан улам отставкага кетип, ордуна Жарасул Абдураимов дайындалган.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Сокулуктагы убактылуу кармоочу жайда бир киши каза болгонун Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.
2-март таң эрте Сокулук райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайынын күзөтчүсү камактагы 51 жаштагы эркек кишини эс-учун жоготкон абалда тапкан.
"Окуя болгон жерге дароо Тез жардам кызматы чакырылып, медиктер киши көз жумганын аныкташкан. Анын өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн экспертиза дайындалды", — деп айтылат билдирмеде.
Каза тапкан адам Кылмыш-жаза кодексинин 200-беренеси ("Уурулук") менен шектелип, эки айга камакка алынган.
Ишти ар тараптуу жана объективдүү иликтөө үчүн текшерүү дайындалган. ИИМ, Чүй ОИИБи менен прокуратура жетекчилиги ишти көзөмөлгө алган. Аталган факт каттоого алынып, чогултулган материалдар кошумча иликтөө үчүн УКМКга өткөрүлүп берилген.