Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы башчысы Абдил Сегизбаев. Архив

Башкы прокуратура Абдил Сегизбаевге козголгон 6 ишти коомчулукка жарыялады

796
(жаңыланган 23:26 11.02.2021)
Бүгүнкү күндө УКМКнын мурдагы башчысы алты иш боюнча шектүү деп саналып, сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат.

БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Башкы прокуратура Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы башчысы Абдил Сегизбаевге карата алты кылмыш иши козголгонун кабарлады.

Сегизбаев Жазык кодексинин 320-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") менен сотко чейинки башталган териштирүү ишинин алкагында Башкы прокуратура тарабынан үстүбүздөгү жылдын 25-январында кармалган. Анын баш коргоо чарасын Биринчи май райондук соту карап, эки айга камакка алуу чечимин чыгарган.

Башкы прокуратура Сегизбаевге козголгон иштерди санап берди. Алар төмөнкүлөр:

  • Сегизбаев УКМКны жетектеп турган кезде кызматтык абалынан пайдаланып Жогорку Кеңештин депутаттары Өмүрбек Текебаевди, Алмамбет Шыкмаматовду жана Аида Салянованы каралоо максатында "Белизгейт" деп аталган иши боюнча жалган, далили жок маалыматты тараткан;
  • Сегизбаевдин жеке көрсөтмөсү менен УКМК кызматкерлерин турак жай менен камсыз кылууда мурда кезеги менен берилип келген эреже бузулуп, тийиштүү кызматкерлерге батирлер берилген;
  • УКМК кызматкерлери Э.Базакечов, А.Жаманаков жана М.Жумагуловдор энчилүү курал менен мыйзамсыз сыйланышкан. Бул боюнча сотко чейинки териштирүүдө Сегизбаев шектүү катары каралууда;
  • УКМКнын мурдагы башчысы Чүй облусунун Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын, Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн, райондук сотунун жана башка кызмат адамдар менен туруктуу коррупциялык схема түзүүгө шектелип жатат. Жер тилкелердин башка өлкөлөргө чыгып кеткен жана каза болгон алгачкы ээлеринин атынан жасалма ишеним каттарды пайдаланып, Аламүдүн райондук сотунун мыйзамсыз чечимдеринин негизинде жалпы аянты 18,46 гектар айыл чарба багытындагы 92 жер тилкесин, Кой-Таш айылындагы айыл чарба багытындагы 2,2 гектар жайыт жер тилкесин жакын туугандары жана өзүнө байланышы бар адамдар менен мыйзамсыз ээлеп алган. Жогорудагы жер тилкелердин айрымдары боюнча соттук кароолор кыска убакыт аралыгында жыйынтыкталып чечилген. Сотко чейинки териштирүүдө жогорудагы жерлер боюнча жер салыктары төлөнбөй келгендиги жана анын жакын тууганына катталган жайыт жерлерине уруксат кагаздары жок капиталдык курулуштар жүргүзүлгөндүгү аныкталды;
  • Атайын кызматтын айрым жетекчилери 2017-жылы, бюджеттик каражаттын эсебинен чет өлкөлөргө негизсиз, конкреттүү максаттары жана тапшырмалары жок иш сапарга барышкан. Бул да Сегизбаевдин буйруктарынын негизинде болгондугу такталды. Учурда мамлекетке келтирилген зыян аныкталууда;
  • Дагы бир иш жашыруун грифи менен өтүп жатат.
796
Белгилер:
айып, шектүү, кылмыш иши, УКМК, Абдил Сегизбаев
Тема боюнча
УКМК коррупция боюнча дагы эки мамлекеттик кызматкерди колго түшүрдү

Алдына 4 "чычкан" чогултуп. Референдум дайындоого добуш берген депутаттардын видеосу

1213
Бүгүн ЖК депутаттары жаңы Конституциянын долбоору боюнча референдум дайындоо демилгесин биринчи окууда колдоп берди. Өлкөнүн маанилүү документи каралып жатканына карабай бир эле депутат төрт кесиптешинин ордуна добуш берди.

Алгач Дастан Бекешев жок депутаттардын ноутбугун өчүрүүнү талап кылды, бирок андай болгон жок. Аңгыча эле Самат Исманов алдына төрт ноутбуктун "мышкасын" чогултуп жатканы көзгө урунду. Аны менен катар Акылбек Жапаров дагы төрт депутат үчүн добуш берди. Натыйжада 87 макул, 9 каршы добуш менен демилге колдоо тапты. Баса, УКМКнын тергөө абагында жаткан депутат Дүйшөн Төрөкулов да "макул" деген добуш бергени айкын болду. Анын ордуна ким кнопка басканы белгисиз.

Долбоор экинчи-үчүнчү окуудан дагы колдоо тапса, президентке жөнөтүлөт. Ал кол койгондон кийин жалпы элдик добуш берүү дайындалат. Референдумду жергиликтүү кеңештердин шайлоосу менен кошо 11-апрелде өткөрүү сунушталууда.

1213
Белгилер:
добуш берүү, дайындоо, референдум, депутаттар, Жогорку Кеңеш
Тема:
Жаңы Конституциянын долбоору жана референдум
Тема боюнча
Референдум дайындоого кайсы депутат кандай добуш берди. Тизме
Жерде, түрмөдө жаткан депутаттар кантип кол койду? Момбековдун ачууланган видеосу
Премьер-министр Улукбек Марипов Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушуу учурунда

Марипов Кытай элчиси менен авиакаттам, вакцина, жүк ташуу тууралуу сүйлөштү

115
(жаңыланган 17:38 03.03.2021)
Элчи Ду Дэвень Кытай өкмөтү Кыргызстанга COVID-19 менен күрөшүүгө багытталган кезектеги гумжардам жөнөтүү чечимин кабыл алганын билдирди.

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Кытай Кыргызстандын ишенимдүү өнөктөшү. Мындан улам достук мамиленин өнүгүшүнө чоң маани берилет. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов билдиргенин өкмөттөн кабарлашты.

  • Чрезвычайный и полномочный посол Китая в Кыргызстане Ду Дэвэнь
    Кытай Кыргызстандын ишенимдүү өнөктөшү. Мындан улам достук мамиленин өнүгүшүнө чоң маани берилет. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов билдиргенин өкмөттөн кабарлашты.
    © Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
  • Премьер-министр Улукбек Марипов во время встречи с чрезвычайным и полномочным послом Китая в Кыргызстане Ду Дэвэнь
    Маалыматка караганда, Марипов Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолуккан. Өкмөт башчы Кытай тарапка коронавируска каршы күрөшүүдө көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.
    © Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
1 / 2
© Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
Кытай Кыргызстандын ишенимдүү өнөктөшү. Мындан улам достук мамиленин өнүгүшүнө чоң маани берилет. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов билдиргенин өкмөттөн кабарлашты.

Маалыматка караганда, Марипов Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолуккан. Өкмөт башчы Кытай тарапка коронавируска каршы күрөшүүдө көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Ал эми элчи Ду Дэвень Кытай өкмөтү Кыргызстанга COVID-19 менен күрөшүүгө багытталган кезектеги гумжардам жөнөтүү чечимин кабыл алганын жана жүк жакынкы күндөрү келерин айтты.

Тараптар соода-экономикалык кызматташуу, коронавируска каршы кытай вакцинасын бекер алуу, "Торугарт" менен "Эркечтам" постундагы жүк өткөрүүнү көбөйтүү маселелерин дагы талкуулашкан.

Мындан сырткары, өкмөт башчы менен элчи эки өлкө ортосундагы авиакаттамдарды жандантуу мүмкүнчүлүгүн дагы сүйлөшүшкөн.

115
Белгилер:
коронавирус, өкмөт, Кытай, Кыргызстан
Тема боюнча
Кытай Кыргызстанга коронавируска каршы вакцина алып берет
Си Цзиньпин кесиптеши Садыр Жапаровду Кытайга чакырды
Партктагы гүлдөр. Архив

Бейшембиге карата аба ырайы

0
(жаңыланган 21:08 03.03.2021)
4-мартка караган түнү республиканын көпчүлүк аймактарында жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Жолдорго муз тоңуп, тайгак болот.

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Бейшемби күнү өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир аймактарда 14 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй, Талас жергесинде +9...+14 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +10...+15, Ысык-Көлдө +3...+8, ал эми Нарын аймагында -1...+4 градуска чейин жылуу болору айтылды.

Борбор калаада күн ачык болуп, күндүн табы +12...+14 градуска чейин көтөрүлсө, Ош шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, +13...+15 градус жылуу болот.

0
Белгилер:
март, Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Төө-Ашуудагы тайгактан жүк ташуучу унаалар өйдө чыга албай жатат. Видео