Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив

Арзыбек Бурканов кадр саясатына кийлигишип жатабы? Садыр Жапаровдун жообу

1602
(жаңыланган 20:19 12.02.2021)
Мамлекет башчы эгер бирөө кадр жибере турган болсо, анын артын текшериш үчүн УКМКга же ИИМге жөнөтөрүн билдирди.

БИШКЕК, 12-фев. – Sputnik. Арзыбек Бурканов бир дагы кадрды мага алып келген жок. Мен кандай буйрук берсем ошону гана аткарып жүрдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров КТРКга берген маегинде билдирди.

Журналист мамлекет башчыга коомчулукта Арзыбек Бурканов кадрдык саясатка түздөн-түз кийлигишип, көп маселени чечип койгон киши катары сыпатталып жатканын айтып, мунун канчалык чындыгы бар экенин сурады.

“Бул ушакчылардын эле сөзү. Арзыбек Бурканов бир дагы кадрды мага алып келген жок. Мен кандай буйрук берсем ошону гана аткарып жүрдү. Мен мурункулардай болуп бир адамдын жетегинде кетип калбайм. Мен муну акыркы жолу бардыгына айтып коёюн. Иш жүзүндө дагы көрсөтөм. Эгер бирөө кадр жибере турган болсо, анын артын текшериш үчүн УКМКга же ИИМге жөнөтөм. Ал жактан деле кээ бирөөлөр таза деп келет. Бирок кызматка койсоң эле тааныштары, кошуна-колоңдору мындай иштери бар деп бир нерсеси чыгып калып жатпайбы”, — деди Жапаров.

Мамлекет башчы жаш кадрлар боюнча дагы пикирин билдирген.

“Жаш кадрларды өстүрүп чыгуу үчүн 5-10 жыл убакыт керек экен. Ага чейин колубузда бар кадрларды, алардын тажрыйбасын колдонушубуз керек. Эртең кайсы бир тармакка жаш кадрды коюп, ишти тартып кетишин мен күтсөм болот. Бирок мамлекет, эл күтпөйт экен да. Эл 1-2 жылдан кийин эле кана жыйынтык деп сурайт. А мен жаш кадрларды коюп койдум эле, алар ишти жылдыра албай жатат деп айта албайм. Ошон үчүн эски кадрларды, мейли булганган болсо дагы алып келип, бул жерге сени коёюн, бирок көнгөн адатыңа кирип кетсең кесилесиң деп жатабыз”, — деди президент.

Ал ошондой эле кайсы аткаминер эмне менен шугулданып жатканы ага бир саатта эле жетип каларын, Кыргызстанда бир нерсени жашыруу мүмкүн эместигин кошумчалады.

1602
Белгилер:
Арзыбек Бурканов, кадрлар, президент, Садыр Жапаров
Тема боюнча
Өкмөттүн аппарат жетекчисинин биринчи орун басары алмашты
Кубанычбек Кадыровдун бир тууганы Бишкектин прокурору болду
Депутат добуш берип жаткан учурда. Архив

Референдум дайындоого кайсы депутат кандай добуш берди. Тизме

281
(жаңыланган 16:18 03.03.2021)
Аталган долбоорду алгач Жогорку Кеңештин тармактык комитети карап, жактырып берген. Андан кийин жалпы депутаттардын кароосуна чыгарылган.

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары жалпы жыйында жаңы Конституциянын долбоору боюнча референдум дайындоо демилгесин биринчи окууда колдоп беришти.

Эл өкүлдөрүнүн 87си макул болсо, 9у каршы чыккан.

Жогорку Кеңештин сайтына кайсы депутат кандай добуш бергени тууралуу маалымат жарыяланды.

Результаты голосования депутатов Жогорку Кенеша по вопросу референдума по проекту новой Конституции
© Фото / Пресс-служба ЖК
Результаты голосования по вопросу референдума

Долбоор экинчи-үчүнчү окуудан дагы колдоо тапса, президентке жөнөтүлөт. Ал кол койгондон кийин жалпы элдик добуш берүү дайындалат. Референдумду жергиликтүү кеңештердин шайлоосу менен кошо 11-апрелде өткөрүү сунушталууда.

281
Белгилер:
конституция, референдум, добуш, депутат, Жогорку Кеңеш
Тема:
Жаңы Конституциянын долбоору жана референдум
Тема боюнча
Жерде, түрмөдө жаткан депутаттар кантип кол койду? Момбековдун ачууланган видеосу
Депутат Бешимбаева: жаңы Конституциянын автору эмесмин, тизмеден алып коюңуздар
Кыргыз Республикасынын конституциясы. Архив

ЖК жаңы Конституциянын долбоору боюнча референдум дайындоону биринчи окууда колдоду

43
(жаңыланган 15:52 03.03.2021)
Долбоор экинчи-үчүнчү окуудан дагы колдоо тапса, президентке жөнөтүлөт. Ал кол койгондон кийин референдум дайындалат.

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары жаңы Конституциянын долбоору боюнча референдум дайындоо демилгесин жактырды.

Аталган долбоор бүгүн парламенттин жалпы жыйынында биринчи окууда каралды. Натыйжада 87 эл өкүлү макул, 9 депутат каршы добуш беришти.

Долбоор экинчи-үчүнчү окуудан дагы колдоо тапса, президентке жөнөтүлөт. Ал кол койгондон кийин жалпы элдик добуш берүү дайындалат. Референдумду жергиликтүү кеңештердин шайлоосу менен кошо 11-апрелде өткөрүү сунушталууда.

43
Белгилер:
депутаттар, долбоор, колдоо, Жогорку Кеңеш, конституция
Тема:
Жаңы Конституциянын долбоору жана референдум
Тема боюнча
Жерде, түрмөдө жаткан депутаттар кантип кол койду? Момбековдун ачууланган видеосу
Депутат Бешимбаева: жаңы Конституциянын автору эмесмин, тизмеден алып коюңуздар
Тазалык исканасынын кызматкерлери. Архив

Марттан тарта шаардагы көчө шыпырган "тазалыкчылардын" айлыгы көтөрүлмөй болду

0
(жаңыланган 17:14 03.03.2021)
8-март — Аялдардын эл аралык күнүнө карата "Тазалык" ишканасында иштеген аялдарга сый акы бериле турганы маалым болду.

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Март айынан тарта Бишкектеги көчө шыпыргандардын айлыгы 40 пайызга чейин жогорулайт. Бул тууралуу "Тазалык" ишканасынын маалымат катчысы Жибек Каракеева Facebook баракчасына жазды.

Анын айтымында, ай сайын өзгөчөлөнүп, ишин сапаттуу жана убагында аткарган жумушчуларга окладдын 30 пайызына барабар болгон сый акы да берилип турат.

Айлык маянаны жогорулатуу жана кызматкерлерге сый акы берүү демилгеси мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов, вице-мэр Жамалбек Ырсалиев жана "Тазалык" ишканасынын жетекчиси Рыспек Сарпашовдун колдоосу менен ишке аша турганы кошумчаланды.

Майрамды утурлай "Тазалык" ишканасында иштеген аялдарга сый акы берилери маалым болду.

0
Белгилер:
айлык-акы, "Тазалык" ишканасы
Тема боюнча
Былтыркы жылдын тогуз айында кыргызстандыктардын кирешеси 5%га азайды