БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Кечээ сот Райымбек Матраимовдун 2 миллиарддан ашуун акча төгүп берген эпизоду менен 260 миң сом айып пул салып, чечим чыгарган экен, биз соттун ишине кийлигишпейбиз. Мындай пикирин президент Садыр Жапаров "Кабар" улуттук маалымат агенттигине берген маегинде айткан.
Агенттик Матраимовду кечээ сот 260 миң сом айып пул менен бошотуп жиберип, бул коомчулуктун нааразычылыгын жараткандыгын жана иши ушуну менен аяктап калдыбы деген маанайда суроо узаткан.
"Райым Матраимов тергөө менен кызматташуу деген берененин негизинде күнөөсүн мойнуна алып, 2 миллиарддан ашуун акча төгүп берген. Бул бир эле эпизод менен. Кечээ сот ошол эпизод менен 260 миң сом айып пул салып, чечим чыгарган экен. Соттун ишине кийлигишпейбиз", — деген Жапаров.
Президент ага улай УКМК бул боюнча башка өлкөлөргө сурам жөнөткөндүгүн, анын жыйынтыгын күтүп туруу керектигин айткан.
Эске салсак, 11-февралда Биринчи май райондук соту Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимовду коррупцияга күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып салды. Судья Гүлзат Дыйканбаеванын чыгарган өкүмүнүн негизинде Матраимовдун жана анын жакын туугандарынын камакка алынган мал-мүлкү ээлерине кайтарылган. Чет жакка чыкпоо боюнча тандалган баш коргоо чарасы күчүн жоготкон.
Кийинчерээк ал мамлекетке келтирилген эки миллиард сомдук зыянды толтурууга макул болгону айтылган. Анын 1,4 миллиардын акчалай, калган 600 миллион сомуна бир соода борбору, тогуз батирин өткөрүп берген.
БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Россияга иш сапар менен барган президент Садыр Жапаров Москва шаарында Россияда жашаган кыргызстандыктар менен жолугушууда. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Ал Россия президенти Владимир Путин менен жолугушуунун жыйынтыктары, анын ичинде Россияда эмгектенген кыргызстандыктардын маселеси дагы талкууланганы тууралуу маалымат берген.
Жапаров сыртта иштеп жүргөн кыргызстандыктардын алдында сүйлөп жатып, эң биринчилерден болуп "Миграциялык кырдаалды жакшыртууга багытталган чараларды кабыл алуу жөнүндө" жарлыкка кол коюлганын билдирген.
"Менин максатым — элибиздин көйгөйлөрүн чечүү, Кыргызстандын бардык жарандарын жумуш орундары менен камсыздап, татыктуу жашоого алып келүү. Ошондой эле чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн мекендештердин Мекенге кайтып келүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү", — деген Жапаров.Кыргызстан турак жай ээлери салык төлөөдөн качып, чет элдик жарандарды каттоого тургузуудан баш тартышкандыгынын натыйжасында келип чыккан мигранттарды каттоо көйгөйлөрүнө көңүл бурган.
"Казакстанда бул багытта "кабарлоо тартиби" деген жакшы тажрыйба бар: жарандар мамлекеттик органга келген жана иштеген жери жөнүндө билдирүү гана жөнөтөт, андан кийин ал каттоого турат. Ушундай эле жол-жобону ЕАЭБдин алкагында киргизүүнү сунуштайбыз", — деген Жапаров.
Эске салсак, бүгүн Жапаров Россияга иш сапары менен барып, Россия лидери Владимир Путин менен жолуккан.
Анда Россия президенти COVID-19га байланыштуу чектөөлөр жана татаалдыктарга карабай Жапаров менен көзмө-көз көрүшкөндүгүнө кубангандыгын билдирди.
Кыргызстан президентинин маалымат кызматы Садыр Жапаров менен Россия лидери Владимир Путиндин жолуккан видеосун таратты.
Мамлекет башчылар эки тараптуу кызматташуунун маанилүү деген багыттарын, бардык маселелер боюнча биргелешкен өз ара иш алып баруунун келечегин талкуулашкан.
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Бишкек — Ош жолунда кар көчкү түшүү коркунучу бар болгондуктан Жайыл, Токтогул райондорундагы жана Суусамыр — Талас — Тараз унаа жолунун Талды-Булак айылындагы посттор 25-февраль таңкы саат 06:00гө чейин убактылуу жабылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
Бул премьер-министрдин буйругунун негизинде болгон.
"Бишкек — Ош жолунда кар көчкү түшүү коркунучу болгондуктан Жайыл районунун Сосновка, Токтогул районунун Арал постторунда жана Суусамыр — Талас — Тараз жолунун Талды-Булак айылындагы постунда автоунаалардын бардык түрүнө таңкы саат 06:00гө чейин убактылуу чектөө киргизилди", — деп кабарлаган ӨКМ.
Эске салсак, Бишкек — Ош жолунун 132-чакырымында көлөмү болжол менен 1800 м3 кар көчкү түшкөндүктөн учурда жол жабылган.