Президент Садыр Жапаров

Жапаров чуулуу кырдаалдар боюнча маек берди. Президенттин сөзүнөн тезистер

1890
(жаңыланган 22:00 13.02.2021)
Президент бир нече күндөн бери социалдык тармактарда талкууланып жаткан темалар боюнча өз пикирин билдирген.

БИШКЕК, 13-фев. – Sputnik. Мамлекет башчы Садыр ЖапаровКабар” улуттук агенттигине Раим Матраимовго карата чыккан соттун чечими, сырткы карыз, муфтияттын айланасындагы ызы-чуулар боюнча суроолорго жооп берди.

Садыр Жапаровдун сөзүнөн тезистер:

  • Акин Токталиев үчкө бөлүнүп жүргөн дин чөйрөсүн бириктиргендин ордуна бир жагына кошулуп алып, ыр-чырдын жаралуусуна түрткү болуп кетти. Ошон үчүн Дин иштери боюнча комиссиянын жетекчиси кызматынан алып, жаш, энергиялуу, дин чөйрөсүн жакшы түшүнгөн адисти койдум;
  • Сырткы карызыбыз беш миллиард долларга жакын. Айрымдарын өз убагында төлөй албай калсак бир топ объектилерибизден айрылабыз. Келишим шартына Атамбаев “ушундайга макулбуз” деп кол коюп койгон экен. Бирок бардык карыздардан өз убагында кутулабыз. Пландар бар;
  • Мени ажылыктын акчасына кызыгып жатат дегендер өздөрү 100 пайыз ошондой адамдар. Ошол үчүн башканы да ошентип ойлошот. Муфтийди мага десе башка планетадан алып келип коюп алышсын. Эң негизгиси, элибизди туура жолдон адаштырбаган, салттуу динибизди үйрөткөн муфтий болсо болду;
  • Сот Раим Матраимовго бир эле эпизод боюнча 260 миң сом айып салып, чечим чыгарган. УКМК Дубайга Матраимов кандай операцияларды жасаганы жөнүндө, банктык эсептери жана мүлктөрү боюнча суроо салып, кат жөнөтүшкөн экен. Алардын жообу келсе иш уланат. Бул бойдон калбайт;
  • "Кыргызстанга бүлүк салгыла, жекшемби сайын митинг уюштургула" деп буйрук берип турган күчтөрдү да билебиз. Баары толук көзөмөлүбүздө;
  • Конституция элдин добушуна 11-апрель жергиликтүү кеңештерди шайлоо күнү менен чогуу коюлат деген үмүтүбүз бар. Жогорку Кеңеш алып чыгыш керек. Жергиликтүү кеңеш менен бирге өткөрсөк каражат үнөм болот. Казнадан ашыкча акча кетпейт. Референдум менен жергиликтүү кеңештин шайлоолору бир күндө болот.
1890
Белгилер:
конституция, Райымбек Матраимов, интервью, Садыр Жапаров
Тема боюнча
Жапаров: сырткы карыздан кутулбасак, бир топ объектилерден айрылабыз
Россияга иш сапар менен барган президент Садыр Жапаров Москва шаарында Россияда жашаган кыргызстандыктар менен жолугушууда

Жапаров Москвадагы кыргызстандыктарга жолукту. Сүрөт

73
(жаңыланган 23:22 24.02.2021)
Жапаров Путин менен болгон жолугушуунун жыйынтыктары, анын ичинде Россияда эмгектенген кыргызстандыктардын маселеси дагы талкууланганы тууралуу маалымат берген.

БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Россияга иш сапар менен барган президент Садыр Жапаров Москва шаарында Россияда жашаган кыргызстандыктар менен жолугушууда. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

  • Кыргызстанцы проживающие в России на встрече с президентом КР в рамках его рабочего визита в РФ
    Россияга иш сапар менен барган президент Садыр Жапаров Москва шаарында Россияда жашаган кыргызстандыктар менен жолугушууда
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент КР Садыр Жапаров на встрече с кыргызстанцами, проживающими в России в рамках рабочего визита в РФ
    Ал Россия президенти Владимир Путин менен жолугушуунун жыйынтыктары, анын ичинде Россияда эмгектенген кыргызстандыктардын маселеси дагы талкууланганы тууралуу маалымат берген
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Кыргызстанцы проживающие в России на встрече с президентом КР в рамках его рабочего визита в РФ
    Жапаров сыртта иштеп жүргөн кыргызстандыктардын алдына сүйлөп жатып, эң биринчилерден болуп "Миграциялык кырдаалды жакшыртууга багытталган чараларды кабыл алуу жөнүндө" жарлыкка кол коюлганын билдирген.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
1 / 3
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Россияга иш сапар менен барган президент Садыр Жапаров Москва шаарында Россияда жашаган кыргызстандыктар менен жолугушууда

Ал Россия президенти Владимир Путин менен жолугушуунун жыйынтыктары, анын ичинде Россияда эмгектенген кыргызстандыктардын маселеси дагы талкууланганы тууралуу маалымат берген.

Жапаров сыртта иштеп жүргөн кыргызстандыктардын алдында сүйлөп жатып, эң биринчилерден болуп "Миграциялык кырдаалды жакшыртууга багытталган чараларды кабыл алуу жөнүндө" жарлыкка кол коюлганын билдирген.

"Менин максатым — элибиздин көйгөйлөрүн чечүү, Кыргызстандын бардык жарандарын жумуш орундары менен камсыздап, татыктуу жашоого алып келүү. Ошондой эле чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн мекендештердин Мекенге кайтып келүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү", — деген Жапаров.

Кыргызстан турак жай ээлери салык төлөөдөн качып, чет элдик жарандарды каттоого тургузуудан баш тартышкандыгынын натыйжасында келип чыккан мигранттарды каттоо көйгөйлөрүнө көңүл бурган.

"Казакстанда бул багытта "кабарлоо тартиби" деген жакшы тажрыйба бар: жарандар мамлекеттик органга келген жана иштеген жери жөнүндө билдирүү гана жөнөтөт, андан кийин ал каттоого турат. Ушундай эле жол-жобону ЕАЭБдин алкагында киргизүүнү сунуштайбыз", — деген Жапаров.

Эске салсак, бүгүн Жапаров Россияга иш сапары менен барып, Россия лидери Владимир Путин менен жолуккан.

73
Белгилер:
мигранттар, иш сапар, Садыр Жапаров, Россия, Кыргызстан
Тема:
Садыр Жапаровдун Россияга сапары
Тема боюнча
Путин: Россия Кыргызстанга мындан ары да колдоо көрсөтөт
Кызматташууну бекемдейбиз. Жапаров Путин менен жолукканда эмне деди

Путин менен Жапаровдун жолугушуусунун толук видеосу

90
(жаңыланган 23:24 24.02.2021)
Садыр Жапаров президент болуп шайлангандан кийин биринчи ирет чет жакка иш сапары менен барган мамлекет Россия Федерациясы болуп калды. Бүгүн, 24-февралда, Жапаров Москва шаарында Россия лидери Владимир Путин менен жолукту.

Анда Россия президенти COVID-19га байланыштуу чектөөлөр жана татаалдыктарга карабай Жапаров менен көзмө-көз көрүшкөндүгүнө кубангандыгын билдирди.

Кыргызстан президентинин маалымат кызматы Садыр Жапаров менен Россия лидери Владимир Путиндин жолуккан видеосун таратты.

Мамлекет башчылар эки тараптуу кызматташуунун маанилүү деген багыттарын, бардык маселелер боюнча биргелешкен өз ара иш алып баруунун келечегин талкуулашкан.

90
Белгилер:
видео, иш сапар, жолугушуу, Садыр Жапаров, Владимир Путин, Россия, Кыргызстан
Тема:
Садыр Жапаровдун Россияга сапары
Тема боюнча
Путин: Россия Кыргызстанга мындан ары да колдоо көрсөтөт
Кызматташууну бекемдейбиз. Жапаров Путин менен жолукканда эмне деди
Жолдогу жүк ташуучу унаа. Архив

Таңкы 6га чейин жабылды. Өлкөдөгү эки ири жолго чектөө киргизилди

0
(жаңыланган 00:53 25.02.2021)
Жолду көчкү кооптуулугунан улам жабууга Жарандык коргонуу башчысы-премьер министр бүгүн буйрук берген.

БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Бишкек — Ош жолунда кар көчкү түшүү коркунучу бар болгондуктан Жайыл, Токтогул райондорундагы жана Суусамыр — Талас — Тараз унаа жолунун Талды-Булак айылындагы посттор 25-февраль таңкы саат 06:00гө чейин убактылуу жабылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Бул премьер-министрдин буйругунун негизинде болгон.

"Бишкек — Ош жолунда кар көчкү түшүү коркунучу болгондуктан Жайыл районунун Сосновка, Токтогул районунун Арал постторунда жана  Суусамыр — Талас — Тараз жолунун Талды-Булак айылындагы постунда автоунаалардын бардык түрүнө таңкы саат 06:00гө чейин убактылуу чектөө киргизилди", — деп кабарлаган ӨКМ.

Эске салсак, Бишкек — Ош жолунун 132-чакырымында көлөмү болжол менен 1800 м3 кар көчкү түшкөндүктөн учурда жол жабылган.

0
Белгилер:
көчкү, Бишкек - Ош жолу, Жайыл району, Токтогул району, Кыргызстан
Тема боюнча
Көчкү түшүп, Бишкек — Ош жолу убактылуу жабылды