Агенттик менен ведомстволордун тагдыры чечилип, кимиси каякка кошулары анык болду

© Sputnik / Табылды КадырбековАппарат правительства КР
Аппарат правительства КР - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.02.2021
Жазылуу
Буга чейин талаш жараткан Финпол, Миграция кызматы менен Мамлекеттик каттоо кызматынын тагдыры чечилди. Ошондой эле Санариптик өнүктүрүү мамлекеттик кызматы негизделгени маалым болду.
БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Премьер-министр Улукбек Марипов "Өмөттүн жаңы түзүмү бекитилгендигине жана аткаруу бийлигинин органдарын реформалоого байланыштуу уюштуруу чаралары жөнүндө" токтомго кол койду.
Документте камтылгандардын негизи пунктуларын жарыялайбыз.
Төмөнкүлөр түзүлсүн:
  • Экономика жана финансы министрлиги Экономика министрлигинин жана Финансы министрлигинин базасында;
  • Коргоо министрлиги Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин жана Куралдуу күчтөрдүн Генералдык штабынын базасында;
  • Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Саламаттык сактоо министрлигинин, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин базасында;
  • Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлиги Транспорт жана жол министрлигинин жана Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин базасында.
Төмөнкүлөр өзгөртүп түзүлсүн же өткөрүп берилсин (бардык ведомстволор тиешелүү штаты, финансылык, материалдык-техникалык каражаттары менен кошо өтөт):
  • Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине, мында туризм чөйрөсүндөгү функциялар Экономика жана финансы министрлигине;
  • Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине, мында Экономика жана финансы министрлигинен региондук өнүктүрүү чөйрөсүндөгү функциялары өткөрүп берилсин;
  • Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети Энергетика жана өнөр жай министрлигине;
  • Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети өкмөткө караштуу Санариптик өнүктүрүү мамлекеттик кызматына;
  • Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин карамагына;
  • Суу ресурстары мамлекеттик агенттиги Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин карамагына. Ал эми агенттиктин алдындагы Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаменти Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлигине;
  • Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттик Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине;
  • Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги Экономика жана финансы министрлигине;
  • Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик Энергетика жана өнөр жай министрлигинин карамагына;
  • Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине. Ал эми экология жана курчап турган чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү функциялар Өзгөчө кырдаалдар министрлигине өткөрүп берилсин;
  • Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине. Ал эми этностор аралык мамилелер чөйрөсүндөгү функциялар Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине;
  • Мамлекеттик салык кызматы Экономика жана финансы министрлигине;
  • Мамлекеттик бажы кызматы Экономика жана финансы министрлигине;
  • Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы Экономика жана финансы министрлигине;
  • Мамлекеттик миграция кызматы Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине. Ал эми тышкы миграция чөйрөсүндөгү функциялар Тышкы иштер министрлигине;
  • Мамлекеттик каттоо кызматы, "Кыргыз почтасы" ишканасынан тышкары, Юстиция министрлигине;
  • Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы Экономика жана финансы министрлигине;
  • Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы Экономика жана финансы министрлигине;
  • Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы (Финансы полициясы) Экономика жана финансы министрлигине;
  • Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы жана Мамлекеттик соттук-эксперттик кызмат Юстиция министрлигине;
  • Жогорку аттестациялык комиссия Билим берүү жана илим министрлигине;
  • Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине;
  • Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция Өзгөчө кырдаалдар министрлигине (айрым функциялары башка министрликтерге өтөт);
  • Мамлекеттик материалдык резервдер фонду Өзгөчө кырдаалдар министрлигине;
  • Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду Экономика жана финансы министрлигине;
  • Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду жана Социалдык фонд Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине;
  • Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттиги Экономика жана финансы министрлигине;
  • Мамкаттоонун алдындагы "Кыргыз почтасы" ишканасын Санариптик өнүктүрүү мамлекеттик кызматына;
Ошондой эле төмөнкүдөй тапшырма берилди:
  • Экономика жана финансы министрлиги бир айлык мөөнөттө штаттык бирдиктердин, аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөө персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө долбоорлорду өкмөткө киргизсин;
  • Аткаруу бийлигинин тиешелүү жетекчилери бир айлык мөөнөттө түзүмдөрүн жана штаттык ырааттамаларын ушул токтомго ылайык келтиришсин.
Токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө өкмөт аппаратынын аткаруу бийлигинин тиешелүү мамлекеттик органдарын тейлеген түзүмдүк бөлүмдөрүнө жүктөлдү.
Жаңылыктар түрмөгү
0