Президент Садыр Жапаров. Архивдик сүрөт

Садыр Жапаров: жаңы Конституция кабыл алынса, үч күч бир тартипке түшөт

320
(жаңыланган 18:02 14.02.2021)
Өлкө башчы Садыр Жапаров казынадагы акчаны үнөмдөө үчүн референдум менен жергиликтүү кеңештин шайлоолору бир күндө болорун да белгилеген.

БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Жаңы Конституция кабыл алынса президент, парламент жана өкмөт баштаган негизги үч күч бир тартипке түшөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров кечээ, 13-февралда, "Кабар" улуттук маалымат агенттигинин суроолоруна жооп берип жатып айткан.

Журналист ага "Конституциянын долбоору Жогорку Кеңешке келип түштү. Сын пикир айткандар да жок эмес. Качан элдин добушуна коюлат?" деген суроо узаткан.

"Албетте, сын пикирлер айтылбай койбойт. Беш кол тең эмес. Бирок бул башаламан башкарууга чекит кое турган Конституция болду. Бүгүнкү кадрдык башаламандыктар, ызы-чуулардын баары азыркы иштеп турган Баш мыйзам менен байланыштуу. Бүгүн парламент, өкмөт, президент деген үч күч бар. Жаңы Конституция кабыл алынса, баары бир тартипке түшөт. Бизде "тартип болбой эле койсун" деген күчтөр бар. Ошолор элди дүрбөтүп, "кокуй эле кокуй, мындай болуп калды, кокуй эле кокуй, тигиндей болуп калды" деп элди адаштырганга аракет кылып жүрүшөт. Кемчиликтер болбой койбойт. Болсо дароо оңдоп кетип жатабыз. Иштебеген киши жаңылбайт дейт. Эң негизгиси мамлекеттин жалпы кызыкчылыгын көздөгөн стратегиялык чоң иштерде жаңылбасам болду. Ички майда-чүйдө пикир келишпестиктер, кадрдык кемчиликтер өз убагы менен бүтөт. Трагедия кылыштын кереги жок", — деген Жапаров.

Ал жазга чукул чоң иштер башталарын да билдирген.

"Конституция элдин добушуна 11-апрель - жергиликтүү кеңештерди шайлоо күнү менен чогуу коюлат деген үмүтүбүз бар. Аны Жогорку Кеңеш алып чыгышы керек. Жергиликтүү кеңеш менен бирге өткөрсөк каражат үнөм болот. Казынадан ашыкча акча кетпейт. Референдум менен жергиликтүү кеңештин шайлоолору бир күндө болот", — деген өлкө башчы.

Эске салсак, жаңы Конституциянын долбоору Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланып, коомдук талкууга коюлган. Мыйзам боюнча, Жогорку Кеңеш жаңы Конституциянын долбоорун колдоп же четке кагып, эгер жактырылса, референдум дайындашы керек.

320
Белгилер:
Парламент, өкмөт, күч, референдум, конституция, Садыр Жапаров
Тема:
Жаңы Конституциянын долбоору жана референдум (89)
Тема боюнча
Жапаров: сырткы карыздан кутулбасак, бир топ объектилерден айрылабыз
Садыр Жапаров: Матраимов боюнча сот чечимине кийлигишпейбиз, бирок иш уланат
Россиянын жана Евробиримдиктин желектери. Архив

Россияны ооздуктоо боюнча милдеттенмелерден арыла албаган Европа

39
(жаңыланган 12:15 28.02.2021)
Батыш Россияга каршы санкциялардын жаңы топтомун киргизүүдө: апта башында Евробиримдик "Навальныйды куугунтуктоого" катыштыгы бар россиялык аткаминерлердин бир тобуна жекече санкция киргизүүнү макулдашты.

Ал эми Кошмо Штаттарда Навальный эле эмес, Россия айыпталып жаткан америкалык мекемелер жана компанияларга хакердик чабуул үчүн да "санкция жана башка чаралардын" бүтүндөй топтому даярдалып калды. Жаңы чектөөлөр жаатында Петр Акоповдун макаласы РИА Новости сайтына жарыяланган.

Жети жылдан бери РФке көрсөтүлгөн санкциялык кысымды айтпаганда да мунун баарын болжоого болот эле. Албетте, Россиянын Батыштагы "өнөктөштөрү" өз аракеттерин бекемдеп келген дооматтар ар убак эле кызыктуу эмес. Ал эми мотивдери таптакыр түшүнүксүз. Алардан РФ президенти Владимир Путин ФСБнын коллегиясында кеп кылды.

"Биз Россияны ооздуктоо саясатына тушугуп келебиз. Кеп мында эл аралык мамилелерге таандык табигый атаандаштык тууралуу эмес. Алардын аракети биздин өнүгүүнү үзгүлтүккө учуратып, аны басаңдатуу, тышкы периметрлери боюнча көйгөй жаратып, ички туруксуздукту козгоп, баалуулуктарды солгундатып, натыйжада Россияны чабалдатып, тышкы көзөмөлгө мажбурлоого багытталган ырааттуу жана кыйла агрессивдүү нуктагы чагымчылдыктарга багытталган. Биз күбө болуп тургандай, мындай көрүнүш постсоветтик мейкиндиктеги айрым өлкөлөрдө да байкаларын билебиз" – деди РФ лидери.

Путин белгилегендей, мындай максаттар жашыруун эмес, "ачык булактардагы стратегиялык документтер менен таанышып, бир катар өлкөлөрдүн мамлекеттик ишмерлеринин ачык билдирүүлөрүн карап чыгуу эле жетишерлик".

Ооздуктоонун бардык ыкмалары жакшы белгилүү, Путин тек гана аларды санап чыкты:

"Бизди экономикалык жана башка санкциялар менен тушап, биз эле эмес, биздин өнөктөштөр да кызыкдар болгон ири эл аралык долбоорлорго бөгөт коюуга, өлкөбүздүн коомдук жана саясий турмушуна, демократиялык жол-жоболоруна түз кийлигишүүгө тырышат. Анан да, албетте, атайын кызматтардын арсеналынан инструменттерди кызуу пайдаланышат".

Мунун баары Россиянын тарыхында биринчи ирет болуп жаткан жок, бул методдордун баарын аталган өлкөгө каршы колдонушкан. Андыктан ага россиялык бийлик туруштук берип, жооп кайтарууну деле үйрөнүп калды көрүнөт. Дал ушул себептен Путин "Россияга карата мындай аракет майнапсыз" экенин баса белгиледи өңдөнөт. Ошону менен бирге эле Россия өз суверенитетин жана кызыкчылыктарын коргогон коргонуучу ролу тууралуу жар салып, мындан тышкары, баары менен мамилени өнүктүрүүгө, өз ара ишеним жана сый-урматтын негизиндеги ачык диалогго даярдыгын баса белгилеп келишет. Путин да дал ушуну эске салды. Бирок буга кандай жооп болду?

"Россия Европа биримдиги менен кызматташууга кызыкдар эмес, ал эми россиялык бийлик өлкөнү авторитаризмге карай алып бара жатат" деген бүтүмгө келишти ЕБ өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери. Натыйжада жаңы санкциялар жөнүндө чечим кабыл алышты. Ал эми европалык демократия башчысы Жозеп Боррель Россияны "өзүн душман сымал алып жүрүүнү чечкен коңшу" деп атады. Калыстык үчүн анын:

"Тескерисинче, аракет этүүнү чечкен коңшулар менен тирешүүдөн кача алгыдай үлгүнү аныктап алууга тийишпиз" деп баса белгилегенин да айтып коюу керек. Башкача айтканда, Европа жана Батыш тирешүүгө шылтоону Россия издеп, мамилени өнүктүрүүнү каалабай, ал гана эмес европалык иштерге дайым кийлигишип, ЕБге кысым көрсөтөт имиш. Ошондуктан Евробиримдик эми Москва менен үч принципте мамиле курмакчы. Боррель сүрөттөгөндөй, Москва эл аралык укук жана адам укуктарын бузганда каршы туруу, эгер Россия ЕБге кысым көрсөтүүнү күчөткөн учурда ооздуктоо, Евробиримдик кызыкдар багыттарда Россия менен кызматташуу керек. Күрөшүү, ооздуктоо, ЕБге пайдалуу жерлерде кызматташуу – булардын баары европалык дипломатиянын салгылаш топтому. Бирок кеп эмне жөнүндө болууда?

"Эл аралык укук жана адам укуктарын бузуу" дегендери Крым менен Навальныйдан башка бардык, анан калса, россиялык ички да, эл аралык темалар да ачыкталат. Россияда гей никенин жоктугу, башкача айтканда адам укугунун бузулушу үчүн санкцияларбы? Алгыла. "Абхазияны Грузияга кайтаруудан" баш тартууга да чектөөлөрбү? Сөзсүз. Германиялык бундестагдын компьютердик тутуму талкаландыбы? Албетте, Россияны жазалоо абзел.

Ушундай эле нукта ЕБге кысым көрсөтүү иретинде баарын атай берүүгө болот. Москвага "Германия үчүн альтернатива" парламенттик фракциясынын өкүлдөрү келсе – орустар Меркелге ор казууда дешет. Москва Польша же Чехиядагы советтик жоокерлердин эстелигин кулатууга каршылыгын билдиреби – эркиндикти сүйгөн байкуш чыгыш европалыктарды кысмакка алып жатканын айтышат. Газ түтүгүн курса, Европаны бөлүп-жарууда дешет. Куруудан баш тартса, Европаны тоңдургусу бар деп кине тагышат. Бирок иш жүзүндө баары башкача: өзүн кас катары алып жүргөн коңшу дал Европа биримдиги. Россияга шарт коюп, насаатын айтып, РФтин ички иштерине кийлигишип, эң кызыгы, муну кадыресе көрүнүш катары санайт.

Атлантикалык демилге болсо да Украинаны Россиядан жүз буздурууга, Чыгыш менен Батыштын тарыхый чек араларын өзгөртүүгө, өз турмуштук мейкиндигин орус цивилизациясынын эсебинен кеңейтүүгө тырышкан жана буга Россиянын унчукпай тим калышын каалаган дал Евробиримдиктин өзү. Кандай болгон күндө да Россия Европа менен өзү үчүн ылайык келген шарттарда алакасын кайра түзөт. Муну ЕБдегилер канчалык эрте түшүнсө, бул процесс ошончолук оңой жана тез жүрөт. Баары бир Европанын башка альтернативасы жок. Ал өзүн Россиядан оолактатып же коңшудан Россиянын душманына айлана да албайт. Антсе өзүнө өзү залал келтирет.

39
Белгилер:
милдеттеме, алака, Владимир Путин, Алексей Навальный, санкциялар, Европа, Россия
Тема боюнча
Россия менен Евробиримдик мамилеси: Лавровдун билдирүүсү көңүл чордонунда
Шанхай кызматташтык уюмунун башкы катчысынын орун басарынын милдетин аткаруучу болуп дайындалган Муратбек Азымбакиев. Архив

Муратбек Азымбакиев ШКУнун башкы катчысынын орун басарынын милдетин аткарат

55
(жаңыланган 10:46 28.02.2021)
Азымбакиев буга чейин Катчылыктын экономикалык жана социалдык маселелер боюнча департаментинин улук эксперти болуп иштечү. Ошондой эле билим берүү, маданият жана туризм жаатында ШКУга мүчө-мамлекеттердин кызматташуу маселелерин тескеп келген.

БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Муратбек Азымбакиев Шанхай кызматташтык уюмунун башкы катчысынын орун басарынын милдетин аткара баштады. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, аталган кызматта ал ШКУ катчылыгынын Маалымат жана талдоо департаментин жетектейт.

"Муратбек Азымбакиев буга чейин Катчылыктын экономикалык жана социалдык маселелер боюнча департаментинин улук эксперти болуп иштеген. Ошондой эле билим берүү, маданият жана туризм жаатында ШКУга мүчө-мамлекеттердин кызматташуу маселелерин тескечү. Ал Тышкы иштер министрлигинин системасында 1993-жылдан бери эмгектенет", — деп айтылат маалыматта.

Азымбакиев ТИМдин Борбордук аппаратында жана чет өлкөдө ар кандай кызматтарда эмгектенген. Алар:

  • Департаменттин директору;
  • министрдин кеңешчиси;
  • КР Тышкы иштер министрлигинин катчылыгынын жетекчиси;
  • АКШда Нью-Йорктогу БУУнун алдындагы КРдин туруктуу өкүлчүлүгүнүн 2, 3-катчысы;
  • Индиядагы КР элчисинин кеңешчиси;
  • Швейцарияда БУУнун Женевадагы бөлүмүнүн алдындагы КРдин туруктуу өкүлүнүн орун басары.
  • Эл аралык жол транспорту башчысынын орун басары;
  • Женевадагы Эл аралык автомобилдик каражаттар союзунун катчылыгында эл аралык жол транспортунун башчысы.

Муратбек Азымбакиевдин I класстагы кеңешчи деген дипломатиялык рангы бар экени айтылды.

55
Белгилер:
Муратбек Азымбакиев, кызмат, ШКУ, ТИМ
Тема боюнча
Текебаев Кыргызстандын Бельгиядагы элчиси болобу? Саясатчынын жообу

Тегеренип тээп, жыгылганын баса калып... Түндө өткөн UFC турниринин видеосу

0
(жаңыланган 15:59 28.02.2021)
Кечээ Абсолюттук мушкерлер уюмунун кезектеги беттеши өтүп, кеченин башкы беттешинде франциялык Сирил Ган суринамдык Жаирзиньо Розенструйкту утту.

Лас-Вегаста өткөн UFC Fight Night 186 мелдешинин кызыктуу учурлары UFC Russia YouTube каналына жүктөлдү.

Оор салмактагы мушкерлер Ган менен Розенструйк беттештин убактысы бүткүчө кармашып, аягында калыстар жеңишти франциялык спортчуга ыйгарган. Спорт күйөрмандары суринамдык мушкер мурдагыдай нокауттарын көрсөтө алган жок деп сындашкан.

Турнирдин дагы бир маанилүү кармашында россиялык Магомед Анкалаев украиналык Никита Крыловду калыстардын бирдей чечими менен жеңген.

0
Белгилер:
мушкер, видео, беттешүү, турнир, UFC
Тема боюнча
Шевченконун баш оорусу болом. Чемпиондун жаңы атаандашы тууралуу эмне белгилүү
Эсинен тандыра уруп... UFC мелдешинен алынган бир нече учурдун видеосу