БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Ички иштер министрлигинин 2020-жылдын жыйынтыгына арналган коллегиянын чечимдерине ылайык, жетекчилик курамга ротация жүргүзүлдү. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматы билдирди.
Ротация төмөндөгүдөй жүргүзүлдү:
Андан сырткары, ИИМдин жетекчилик курамына дайындоолор боюнча өткөрүлгөн конкурстун жыйынтыгы менен да жетекчилер дайындалган. Алар:
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Экс-президент Сооронбай Жээнбеков коомчулуктун талаптарынан алыс болуп, өз дүйнөсү менен жашап калган. Бул туурасында президент Садыр Жапаров "Российская газета" гезитине берген маегинде билдирди.
Журналист Жапаровдун элдик толкундоолор менен бийликке келгенин эске салып, акыркы жылдары бийликти алмаштыруунун "юридикалык эмес" механизми Кыргызстанда кадимки көнүмүшкө айланганын айтты. Ал эмне үчүн мындай болуп жатканына кызыккан.
Мамлекет башчы бардык өлкөлөр ушул сыяктуу тарыхый сыноолордон өтүшөрүн, андан башка өзгөчө учурлар дээрлик жокко эсе экенин билдирген.
"Мен Кыргызстандын эли өтө жигердүү жана мобилдүү эл экенин кошумчалай кетейин. Жаратылышынан эле ар дайым көчүп-конуп жүргөн, көптөгөн уруулардан куралган, эркиндикти сүйгөн элбиз. Андыктан, биздин мамлекетте бийликти узурпациялоо аракеттеринин баары ийгиликсиз аяктайт. Ошондой эле геосаясий жактан өтө ыңгайлуу жайгашкан өлкөбүзгө көзөмөл кылууга кызыкдар тышкы күчтөр дагы маанилүү роль ойной тургандыгын белгилеп кетейин", — деди Жапаров.
Бирок ал тышкы күчтөрдүн канчалык күчтүү таасири болбосун, тигил же бул бийлик биринчи кезекте өзүнүн каталарынан улам кыйрай турганын белгилеп, Жээнбековдун эмнеден жазганын айткан.
"Президент Сооронбай Жээнбеков чыныгы турмуштан, коомчулуктун коюп жаткан талаптарынан алыс болуп, өз дүйнөсү менен эле жашап калган, ошондон улам башынан эле элдин кыжырын келтирген, туура эмес чечимдерди кабыл алган. Кыскасы, революциялардын себептери көп. Эгерде андай себептер болуп жатса, анда бул коомдо демократиялык өзгөрүүлөр болушу, коомдук-саясий системанын өзгөрүшү зарыл экендигинин жана социалдык-экономикалык жактан жетишкендиктерге муктаж экендигинин белгиси", — деди президент.
Ошондой эле ал учурдагы кырдаалдан мамлекетти татыктуу алып чыгып кетүү милдети турганын кошумчалаган.
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Россиянын лидери Владимир Путинге кылыч белек кылды. Бул туурасында ал "Российская газета" гезитине берген маегинде билдиргенин өлкө башчынын маалымат кызматы жазды.
Анда журналист Жапаровдон коноктор ар дайым кур кол келбестигин эске салып, бул ирет кандай белек тартуулаганын сураган.
"Мен Россиянын президенти Владимир Путинге кооз кылыч белек кылдым. Ал кылыч Кыргызстандагы чебер усталардын колунан жасалган", — деп жооп берди Жапаров.
Эске салсак, Жапаров башында турган кыргыз делегациясы 24-25-февраль күндөрү Россияга жумушчу сапары менен барып келген. Анын жыйынтыгы туурасында бул жактан билип алыңыз.