Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалган Бакыт Матмусаев. Архив

Бишкек шаардык милициясына жаңы жетекчи дайындалды

236
(жаңыланган 11:44 15.02.2021)
Ички иштер министрлигинин коллегиясынын чечимдерине ылайык, жетекчилик курамга ротация жүргүзүлгөнү айтылат.

БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси Канат Жумагазиев кызматтан бошотулду. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Ички иштер министрлигинин 2020-жылдын жыйынтыгына арналган коллегиянын чечимдерине ылайык, жетекчилик курамга ротация жүргүзүлгөн.

Ага ылайык, Жумагазиев Ысык-Көл облустук милицияны чыңдоо максатында ОИИБдин жетекчиси кызматына которулган.

Анын ордуна ИИМдин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын начальниги Бакыт Матмусаев дайындалды.

236
Белгилер:
Бакыт Матмусаев, Канат Жумагазиев, дайындоо, кызмат, ИИМ
Тема боюнча
Бишкек менен Оштун прокурорлору кызматынан бошотулду
Ысык-Көл милициясынын башчысы Улан Асанбаев кызматтан алынды
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров

Жапаров Өзбекстанга мамлекеттик сапар менен бармай болду

38
(жаңыланган 16:27 09.03.2021)
Сапардын алкагында соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү максатында кыргыз-өзбек бизнес форумун өткөрүү пландалууда.

БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Кыргызстандын мамлекет башчысы Садыр Жапаров 11-12-март күндөрү Өзбекстанга мамлекеттик сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Иш сапардын алкагында Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

"Мамлекет башчылары эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле мындан аркы өнүгүүнүн жана натыйжалуу өз ара алака түзүүнүн келечегин талкуулашат", — деп айтылат маалыматта.

Сапардын жүрүшүндө Садыр Жапаровдун Өзбекстандын Олий Мажлисинин сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева, Олий Мажлистин мыйзам чыгаруу палатасынын төрагасы Нурдинжон Исмоилов жана Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушуулары пландаштырылууда.

Мындан тышкары, соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү максатында кыргыз-өзбек бизнес форумун өткөрүү пландалууда.

38
Белгилер:
мамлекеттик сапар, президент, Өзбекстан, Кыргызстан
Тема боюнча
Коңшулук мамилени арттыралы. Жапаров Өзбекстандын ТИМ башчысын кабыл алды
Финпол кызматкерлери. Архив

Финполду кандай кылып жоюшат, кызматкерлери кайда барат? Комиссиянын жообу

374
(жаңыланган 16:11 09.03.2021)
Комиссия төрт топко бөлүндү, бүгүн алардын алгачкы отуруму өттү. Финполду жоё турган комиссиянын мүчөлөрү кандай иштерин Sputnik Кыргызстандын материалынан окуңуздар.

БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматты (Финансы полициясы) жоюу боюнча иш алып бара турган комиссиянын төрагасы Кылычбек Абышев Sputnik агенттигине комиссиянын кандай тартипте иш алып барарын айтып берди.

Буга чейин өкмөттөн аталган комиссия сөз болуп жаткан кызматты жоюу боюнча чечимдин негизинде түзүлгөндүгүн билдиришкен. Абышев КРдин Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары.

Өкмөттүн алдындагы Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын имараты. Архив
© Фото / пресс-служба ГСБЭП при ПКР
Абышевдин айтымына караганда, комиссияга кирген 35 адам ар кыл мамлекеттик органдардагы эксперттер менен адистер. Анын төрагасынын орун басарлыгына Финполдун жетекчисинин орун басары болуп иштеген Жоомарт Султанов дайындалып, ал жетекчинин милдетин аткарууда.

Абышев бүгүнкү күндө комиссия биринчи отурумун өткөрүп, иштин кандайча тартипте жүрө тургандыгын талкуулап алышканын билдирди. Мындан ары жасала турган иштердин планы туурасында маалымат берилмекчи.

Комиссиянын төрагасы адистердин ишин төрт багытка бөлдү:

  • Биринчи топ Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын кызматкерлеринин мындан аркы тагдырын чечип жана үч айлык маянанын өлчөмүндө кенемте төлөп берүү маселесин карайт;
  • Экинчи топ ыкчам-тергөө тобу болот. Комиссиянын бул топто иштеген мүчөлөрү ачылган кылмыш иштеринин материалдарын андан ары кимге берүү маселесин карайт. Анткен менен Финполдун милдетин аткара турган мамлекеттик орган аныктала элек;
  • Үчүнчү топ Финполдун мүлкүнүн эсебин алып каттайт. Анын ичинде бухгалтериясын, оргтехникаларын жана имаратын да карашат;
  • Төртүнчү топ уюштуруу жана укуктук маселелер боюнча иш алып барат, тагыраагы, кызматты жоюу иштерин документтештирет.

Абышев мыйзам боюнча комиссиянын ыйгарым укуктарды мамлекеттик башка органдарга бергенге акысы жоктугун айтты. Ал арада өкмөттүн 5-марттагы токтому менен Экономика жана Финансы министрлигинин алдында Экономикалык кылмыштардын алдын алуу боюнча атайын департамент түзүлгөндүгүн айтып берди.

"Департамент Финполдон штаты, милдеттери, аткара турган иштери боюнча бир топ эле айырмаланат. Ал жакка сынак менен жаңы кызматкерлер алынат. Андан сырткары, Финполдун иштен бошогон кызматкерлери да башкалар сыяктуу эле арызын берсе болот. Аларга артыкчылыктар каралган эмес", — деди ал.

Өкмөттүн токтомунда Финполду жоюу боюнча комиссиянын ишинин мөөнөтү көрсөтүлгөн эмес. Анын төрагасы жумуштан бошотулган кызматкерлерге компенсация төлөп берүү жана башка иштерди эске алганда мыйзам боюнча үч айда бүтүш керектигин, бирок процессти тездетүүгө аракет кылышаарын айтты.

Абышев Сыймык Жапыкеев ээлеген кызматынан аталган кызматты жоюу боюнча чечимдин негизинде бошотулгандыгын кошумчалады.

374
Белгилер:
комиссия, Сыймык Жапыкеев, финансы полициясы, Кыргызстан
Тема боюнча
Финполду жоюу боюнча комиссиянын курамына киргендер. Тизме
Белгилүү кардиохирург, профессор Калдарбек Абдраманов. Архив

Коронавирустан кийин жүрөккө операция жасаткандар көбөйдү. Абдрамановдун маеги

0
Чет элдик адистер коронавирустун кесепети адамды өмүр бою коштошу мүмкүндүгүн айтышат. Өнөкөт оорулар күч алып, жаңы илдеттер пайда болуп, ошондой эле адам психикалык жактан жабыркашы мүмкүн.

Өнөкөт оорулардын ичинен жүрөк-кан тамыр системасында көйгөйү барлар коронавирусту оор кабыл алары башынан эле айтылып келет.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы бул жаатта белгилүү кардиохирург, профессор Калдарбек Абдраманов менен маектешти.

— Жүрөк-кан тамыр оорулары мурда эле көп эле, коронавирустун фонунда алар өстү деген божомолдор бар. Азыр абал кандай болуп жатат?

— Коронавирустун эпкини адамдын бардык органдарына жана системага тиет. Бизге мурун же кийин жүрөк-кан тамыр системасынын ооруларына кабылып, коронавирус жуктургандан кийин ошол илдеттери күчөп кеткендер беш-алты эсе көп кайрылууда. Бөтөнчө айылда буту-колу шишип, энтигип, жүрөгү кысылып жүргөн 60-65 жаштан өткөн адамдар бар, анан убагында келишпейт. Жашы өткөн адамдардын кан тамырлары ичкерип, ийкемдүү болбой калат, абалды өнөкөт оорулар ого бетер татаалдаштырып жиберет. Ошолорду вирус ооруканага алып келип жатат. Коронавирустун айынан жүрөк илдеттеринин саны өсүп кетти деп айта албайм, бирок ооруканага кайрылгандар көп.

Хирург столичной больницы Калдарбек Абдраманов.
© Фото / Айбек Темиров
Жалал-Абад шаарындагы Түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургиясы илимий борборунун жетекчиси Калдарбек Абдраманов

— Коронавирус түздөн-түз пайда кылган жүрөк дарты менен келгендер болдубу?

— Өтө аз. Маселен, 30-40 жаштагы кишилер коронавирустун айынан миокардит — жүрөк булчуңунун сезгениши, жүрөк жетишсиздиги менен кайрылууда.

— Жаш балдар дагы келип жатабы?

— Коронавирус жаш-кары дебейт, бардыгы аны менен ооруйт. Бирок ар башкача көтөрө турганы белгилүү. Жакында Кыргызстанда коронавирустун балдарга тийгизген таасири боюнча алгачкы жолу Жалал-Абадда конференция өткөрдүк. Ошондо тубаса жүрөк кемтиги жана башка жүрөк оорусу бар балдар коронавирусту оорураак көтөрүп жатканы айтылды.

— Коронавирус жүрөк-кан тамыр ооруларын кандайча козгоп жатат?

— Вирустун организмге негизги кирүү жолдорунун бири — чел кабыктар. Алар мурунда, ооздо, өпкөдө, кекиртекте, кызыл өңгөчтө жайгашкан. Ошол чел кабыктагы рецепторлор аркылуу организмге кирет. Алгач чел кабыктын клеткаларын талкалап, анан кан менен денеге тарайт.

Ал эми кан тамырга түшкөн вирус анын да ички чел кабыктарын жабыркатып, мунун кесепетинен майда тамырлар жабыркайт. Кан коюуланып, майда кан тамырларда кан уюп калат. Кандын уюшу бара-бара чоң кан тамырларга өтүп, өпкөнүн майда тамырлары жабылып, адамда дем жетишпей баштайт. Негизинен өпкөдөгү майда тамырлар канды жүгүртүп, кычкылтек менен байытып аны жүрөккө, анан чоң кан тамырлар аркылуу организмге өткөрөт. Коронавирус ошол  кычкылтекти таратуу процессин начарлатат. Сатурация түшүп кетти деп ушуну айтат.

Экинчиден, вируска адамдын организми түрдүүчө жооп кайтарат. Кээде инфекция менен күрөшөм деп жатып организмдеги коргоо системасы өзүнүн соо клеткаларын талкалап салат.

Главный кардиохирург страны, профессор, доктор медицинских наук Калдарбек Абдраманов
© Фото / Предоставлено Калдарбеком Абдрамановым
Абдраманов: коронавирустун айынан мурда-кийин жүрөк илдеттери бар бейтаптар көп кайрылууда

— Элдин көбү коронавирус менен ооруп бүттү деген божомол бар. Айрымдары кесепети менен күрөшүп жатат десек болот. Сиздердин ооруканага операция жасатам дегендер көппү?

— Бейтаптар жүрөгүм ооруп жатат, ооруканага жаткыргыла деп келет. Мындай учурда дагыгерлерге да кыйын. Алар бейтаптардын же коронавирустан, же жүрөк оорудан кыйналып жатканын билишпейт. Диагностикалык шаймандар жетишпейт. Элди ара жолго таштап дагы коё албайсың. Дарыгерлер атайын кийимдерди кийип карап жүрүшөт. Эки-үч ай мурун, өзгөчө жайында кайрылгандар көп болуп кыйналганбыз.

Пандемияга чейин күнүнө бир-эки, кээде гана үч жолу операция жасачумун. Азыр күнүнө 3-5 операция кылып калдым. Ошондо дагы кезекке тургандар бар. Эмгек өргүүгө чыгып, бирок ортодон бейтаптар үчүн беш-алты күнгө кайра кайтып келип жасап жаттым. Тыныгуу, кайра жумушка чыга калуу менен коштолгон эки ай убакытта 63 операция жасаптырмын. Азыр дагы кезек күткөн отуздай оорулуу бар.

— Бейтаптарга айтар сөзүңүз бардыр...

— ЖМКдан, социалдык тармактардан элди дарыгерлерге убагында кайрылгыла деп какшап келем. Жүрөккө операция жасатып өмүрүн 20-30 жылга узарткандар арбын. Мүмкүнчүлүктөр көп, жакшы дарыгерлер бар. Акчасын ден соолукка эмес утурумдук нерселерге короткондор көп. Кенебей жүрө бербегиле, коронавирус бизден эми кетпей калды көрүнөт. Медициналык сабаттуулукту жогорулатуу керек. Айрымдар кайсы доктур эмне ооруну карай турганын, кайсы ооруканага баруу керектигин билишпейт, тааныш издешет.

Деги эле калктын саламаттыгына көңүл бурууда жана медицина тармагын реформа кылууда жогорку жактагы жетекчилер жасалма кагаз жүзүндө реформа эмес, реалдуу кадамдарга барышы керек.

столичной больницы Калдарбек Абдраманов
© Фото / пресс-служба ЮРНЦССХ
Кардиохирург: пандемияга чейин күнүнө бир-эки, кээде гана үч жолу операция жасачумун. Азыр күнүнө 3-5 операция кылып калдым.

— Мүмкүн болсо УКМК төрагасы Камчыбек Кыдыршаевичтин ден соолугу тууралуу суроо берейин дегем. Өзү социалдык тармактагы баракчасына сиздин сунушуңуз менен чет өлкөгө дарыланууга барганын жазды эле...

— Камчыбек Кыдыршаевичтин ден соолугун көптөн бери көзөмөлдөп  жүрөм. Анын өтө кооптуу оорусу жок, ден соолугу жакшы негизи. Бир убакта коронавирус инфекциясы менен катуу ооруган. Мен да ошол убакта ооруп, бири-бирибизге колдоо сөздөрүн айтып турдук. Ал иним деле жаш эмес, жашы 50дөн ашып калды. Ооруганыбызга алты ай өтсө дагы коронавирустун таасири баарыбызда азыркыга чейин болуп жатат. Мындан бир нече ай мурун текшерилгенде жүрөгүнүн тамырларында өзгөрүүлөр бар болчу. Шашылыш эмес, пландуу түрдө комплекстүү изилдеп, тамыр аркылуу операция жасаса болорун айткам. Кийин мамлекеттин, элдин иши деп жумушуна алаксып жүрүп ден соолугуна көп көңүл бурбай калгандай болду. Анан биз профессорлор чогуу консилиум өткөрүп, мүмкүнчүлүк болсо өнүккөн медицинасы бар жерге барып калсаң ошол операцияны жасата кел деп жолдомо бергем. Мен анда кайсы жакка барарын билген эмесмин. Өнүккөн мамлекеттерде адамдын организмин 1-2 күндүн ичинде эле комплекстүү түрдө текшерип, бат эле изилдеп сакайтып коюшат.

Ошону биз да жасайлы, жаңы оорукана, жабдык алалы деп келген өкмөт жетекчилерине айта берип тилим тешилди. Атайы мамлекеттин медицинасын өнүктүрүүнүн программасын иштеп чыккам, ЖМКдан айтып келе жатам, 10 жылдан бери эч бир өкмөт көңүл бурбай койду.

Эми жаңы бийлик ушуга көңүл буруп, биздин  өзүбүздүн  мүмкүнчүлүктөрдү, билимибизди, тажрыйбабызды пайдаланып, медицинаны көтөргөнгө жол ачат деп ишенип турам.

Хирург столичной больницы Калдарбек Абдраманов
© Фото / К. Эргешов
Абдраманов: Медициналык сабаттуулукту жогорулатуу керек. Айрымдар кайсы доктур эмне ооруну карай турганын, кайсы ооруканага баруу керектигин билишпейт, тааныш издешет

— Камчыбек Кыдыршаевич операциядан көп өтпөй эл аралап кеткени да таң калтырды...

— Ал ошондой операция. Тамырларды бат эле кеңейтип коебуз, адам эки-үч күндө басып кетет. Камчыбек иним дагы ошол сыяктуу жумушуна бат чыкты, ден соолугу азыр жакшы.

— Ошондо ал кишинин диагнозу эмне?

— Адатта дарыгерлер бейтаптардын диагнозу тууралуу айтышпайт. Ал киши дагы өзү элге айтууну каалай бербейт. Анын оорусу элдин бардыгында эле болот. Жакшы медициналык көзөмөл болсо узак өмүр сүрөт.

0
Белгилер:
бейтап, маек, оору, жүрөк, коронавирус, Камчыбек Ташиев, Калдарбек Абдраманов, Кыргызстан
Тема боюнча
Дарыгер: коронавирус жүрөк оорусуна алып келиши ыктымал
КРде жүрөк ооруларынан эмгекке жарамдуу эркектер көп көз жумат. Статистика