УКМК Матраимовго байланыштуу иштер боюнча түшүндүрмө берди

© AFP / MARK WILSON Бюро гравировки и печати долларов США
 Бюро гравировки и печати долларов США - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.02.2021
Жазылуу
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун Матраимовго карата чыгарган өкүмүнө карата эки ача пикир пайда болгонуна байланыштуу УКМК коомчулукка түшүндүрмө берүү зарыл деп эсептейт.
БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райым Матраимов кытай жараны Айеркен Саймаитинин банктар аркылуу өлкөдөн 700 миллион доллар чыгарып кетишине тиешеси бар-жогун аныктоо боюнча тергөө иштери улантылууда. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун Матраимовго карата чыгарган өкүмүнө карата эки ача пикир пайда болгонуна байланыштуу УКМК коомчулукка түшүндүрмө берүү зарыл деп эсептейт.
"Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 11-февралда Матраимов Жазык кодексинин "Коррупция" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, жаза чарасы тергөө менен кызматташуу тууралуу келишимге ылайык, айып түрүндө жаза колдонулсун деп өкүм чыгарган. Ошол эле учурда сот жазалоо жана кызматташуу келишиминде каралбаган мүлктү конфискациялоо укугуна ээ эмес", — деп айтылат түшүндүрмөдө.
Мындан тышкары, чет өлкөлөрдө кымбат баалуу кыймылсыз мүлкү бар экендиги жөнүндө ЖМКларга бир нече жолу чыкканына байланыштуу аларды аныктоо боюнча тергөө жүрүп жатканы айтылды.
Фемида айкели. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.02.2021
Прокурор, УКМК менен макулдашкан. Сот Матраимовго чыккан өкүмдү түшүндүрдү
Буга байланыштуу Түркия, Дубай, Украина жана Россияга юридикалык жардам көрсөтүү боюнча эл аралык өтүнүчтөр жөнөтүлгөн.
"Мүлкү бар экендиги жөнүндө жоопторду алгандан кийин сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тергөө амалдары улантылып, мүлкү камакка алынып, Матраимовдун аракеттерине юридикалык баа берилет", — дешти УКМКдан.
Эске салсак, Райым Матраимов өткөн жылдын 20-октябрында бажы тармагындагы коррупция боюнча айыпталып, УКМК тарабынан кармалган. Биринчи май райондук соту баш коргоо чарасын тандап, сыртка чыкпоо тууралуу тил кат алган болчу.
Митинг против коррупции в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.02.2021
Матраимовду камайбы же коргойбу? Митингде Жапаровдон убадасын аткаруу талап кылынды
Кийинчерээк ал мамлекетке келтирилген эки миллиард сомдук зыянды толтурууга макул болгону айтылган. Анын 1,4 миллиардын акчалай, калган 600 миллион сомуна бир соода борборун, тогуз батирин өткөрүп берген.
11-февралда Биринчи май райондук сотунун судьясы Гүлзат Дыйканбаева Матраимовду коррупцияга күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып салган. Анын жана жакын туугандарынын камакка алынган мал-мүлкүн ээлерине кайтарып берген.
Жаңылыктар түрмөгү
0