БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Өмүрбек Суваналиев өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койду.
Суваналиев буга чейин Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары кызматын аркалаган. Жээнбеков кызматтан кетер алдында жумуштан алынган болчу.
Аталган облусту Суваналиевге чейин Жаныбек Жалалов башкарган.
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмодзода жана Өзбекстандын Фергана облусунун башчысы Хайрулло Бозаров менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн маалымат кызматы кабарлады.
Жетекчилер облустар аралык соода-экономикалык, маданий байланыштарды чыңдоо, кошуналык жакын мамилени, чектеш элдердин ынтымагын жана достугун бекемдөөнү сүйлөшүшкөн.
"Өзгөчө чек аралаш аймактарда коомдук коопсуздукту сактоо, чыр-чатактардын алдын алуу жана жаралган көйгөйлөрдү биргелешип чечүү боюнча макулдашышты", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле үч облустун кызматташуу тууралуу планы талкууланган. Анда экономикалык байланыштарды чыңдоого өзгөчө көңүл бурулары белгиленди.
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева аны жоопко тартууга жол ачкан чечим боюнча комментарий берди. Билдирүүнү маалымат кызматы таратты.
Бүгүн Судьялар кеңешинин алдындагы Дисциплинардык комиссия Калиеваны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдугун берген.
"Мени кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүүнү мыйзамсыз деп эсептейм. Себеби жыйын менин катышуумсуз өттү. Ооруганымды тастыктаган маалым кат жана мен жокто бул маселени карабай турууну өтүнүп жазган арызым эске алынган жок. Мындан сырткары, эмнеге анча шашып чечим кабыл алганы түшүнүксүз. Мыйзамда төрт айлык мөөнөт каралган. Мындай аракеттер мыйзамга каршы келет", — деди Калиева.
Буга чейин УКМК Калиева ар кандай шылтоо менен Дисциплинардык комиссиянын ишин чоюп келе жаткандыгын айткан. Буга Жогорку соттун маалымат кызматы жыйын башкы судьянын ден соолугуна байланыштуу жылдырылып келгенин билдирген.
Атайын кызмат "Жергиликтүү сот" автоматташтырылган маалыматтык системаны ишке киргизүүдөгү коррупция фактысы боюнча Жогорку соттун кызмат адамдарына иш козгогон. УКМК төрагасы бул ишке Калиеванын да тиешеси бар экенин айтып, ага карата иш козголгонун билдирген.
Атайын органдын мындай маалыматына Жогорку сот жооп берип, акыркы учурда УКМК сот бийлигинин өкүлдөрүн негизсиз, далили жок айыптап жатканын айткан. Ошондой эле бул сот системасынын беделин түшүрүп жатканы кошумчаланган.
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн, 5-мартта, кыргызстандыктарды Ак калпак күнү менен куттуктаганын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Өлкө башчысы калпак кыргыз элинин улуттук баалуулуктарынын бири болгонун белгилеп, абалтадан элибиз улуттук кийимдерин аздектеп, өзгөчө баш кийимге аяр мамиле кылып келгенин белгилеген.
"Ата-бабабыз кастарлаган ак калпак кыргыздын улуттук көркөм дөөлөттөрүнүн көрөңгөсү экендиги талашсыз. Кыргыз эли эл болуп түзүлгөндөн бери жашоонун, улуулуктун, тазалыктын символу, ыйык белгиси катары акылман, уз-чебер энелерибиз ак мөңгүлүү Ала-Тообузду көзгө тартып, шөкөттөп, ак калпагыбызды урпактарга таберик мурас калтырган. Анын ар бир кыюусу, сайылган саймасына чейин терең философиялык маани берип, эр-азаматтардын жаш курагына ылайыктап кийгизген", — деп айтылат куттуктоодо.
Улуттук кийимдин маанилүүлүгүн сактоо максатында 2016-жылдын 29-июнунда Жогорку Кеңештин "Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү жөнүндө" расмий токтому чыккан.
"Кыргыздын улуттук кийимдери элдин этностук тарыхынын ажырагыс бир бөлүгү катары тарыхый узак мезгилде көчмөн маданиятыбыздын үлгүсү болуп, муундан-муунга таберик болуп сакталып калды", — деди президент.
Сөзүнүн соңунда кыргыздын байыркы нарк-насили, улуттук көркөм дөөлөттөрү сакталып, кыраакы кыргыз дүйнөсүн ааламга тааныта берерине тилектештигин билдирген.