БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Жаныбек Жалалов ээлеген кызматынан бошотулуп, өкмөт аппаратынын башчысынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон.
Жаныбек Жалалов буга чейин өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматын аркалаган.
Ал эми анын ордуна Өмүрбек Суваналиев барды.
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Кыргызстандын мамлекет башчысы Садыр Жапаров 11-12-март күндөрү Өзбекстанга мамлекеттик сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Иш сапардын алкагында Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.
"Мамлекет башчылары эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле мындан аркы өнүгүүнүн жана натыйжалуу өз ара алака түзүүнүн келечегин талкуулашат", — деп айтылат маалыматта.Сапардын жүрүшүндө Садыр Жапаровдун Өзбекстандын Олий Мажлисинин сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева, Олий Мажлистин мыйзам чыгаруу палатасынын төрагасы Нурдинжон Исмоилов жана Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушуулары пландаштырылууда.
Мындан тышкары, соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү максатында кыргыз-өзбек бизнес форумун өткөрүү пландалууда.
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматты (Финансы полициясы) жоюу боюнча иш алып бара турган комиссиянын төрагасы Кылычбек Абышев Sputnik агенттигине комиссиянын кандай тартипте иш алып барарын айтып берди.
Буга чейин өкмөттөн аталган комиссия сөз болуп жаткан кызматты жоюу боюнча чечимдин негизинде түзүлгөндүгүн билдиришкен. Абышев КРдин Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары.
Абышевдин айтымына караганда, комиссияга кирген 35 адам ар кыл мамлекеттик органдардагы эксперттер менен адистер. Анын төрагасынын орун басарлыгына Финполдун жетекчисинин орун басары болуп иштеген Жоомарт Султанов дайындалып, ал жетекчинин милдетин аткарууда.Абышев бүгүнкү күндө комиссия биринчи отурумун өткөрүп, иштин кандайча тартипте жүрө тургандыгын талкуулап алышканын билдирди. Мындан ары жасала турган иштердин планы туурасында маалымат берилмекчи.
Комиссиянын төрагасы адистердин ишин төрт багытка бөлдү:
Абышев мыйзам боюнча комиссиянын ыйгарым укуктарды мамлекеттик башка органдарга бергенге акысы жоктугун айтты. Ал арада өкмөттүн 5-марттагы токтому менен Экономика жана Финансы министрлигинин алдында Экономикалык кылмыштардын алдын алуу боюнча атайын департамент түзүлгөндүгүн айтып берди.
"Департамент Финполдон штаты, милдеттери, аткара турган иштери боюнча бир топ эле айырмаланат. Ал жакка сынак менен жаңы кызматкерлер алынат. Андан сырткары, Финполдун иштен бошогон кызматкерлери да башкалар сыяктуу эле арызын берсе болот. Аларга артыкчылыктар каралган эмес", — деди ал.
Өкмөттүн токтомунда Финполду жоюу боюнча комиссиянын ишинин мөөнөтү көрсөтүлгөн эмес. Анын төрагасы жумуштан бошотулган кызматкерлерге компенсация төлөп берүү жана башка иштерди эске алганда мыйзам боюнча үч айда бүтүш керектигин, бирок процессти тездетүүгө аракет кылышаарын айтты.
Абышев Сыймык Жапыкеев ээлеген кызматынан аталган кызматты жоюу боюнча чечимдин негизинде бошотулгандыгын кошумчалады.