ИИМдин имараты. Архив

Сапаттуу кадрдык курам түзүү. ИИМ бүгүнкү ротациянын себебин түшүндүрдү

196
(жаңыланган 18:15 15.02.2021)
Жаңы дайындалган жетекчилер кырдаалга жаңыча көз караш менен карап, көйгөйлүү маселелерди чечүү жолдорун табары белгиленет.

БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Ички иштер министрлиги ротацияны эмне үчүн жүргүзгөнүн түшүндүрүп берди.

Бүгүн Бишкек, Ош шаарларынын, бир катар облустук, райондук ички иштер башкармалыктарынын жана милициянын башка кызматтарынын жетекчилери алмашкан. Алардын тизмесин бул материалдан окуй аласыз.

Ротациянын негизинде ички иштер органдарынын маанилүү кызматтарына кесипкөй жетекчилер дайындалганы белгиленет.

"Кадрдык өзгөрүүлөр башкаруу тутумун өнүктүрүүгө байланыштуу болгондуктан, ички иштер органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга, сапаттуу кадрдык курамды түзүүгө багытталган. Практикалык иштерге өзгөчө маани берүүгө убакыт келди. Ошондуктан ИИМдин борбордук аппаратынын маанилүү кызматына, облустардын, Бишкек жана Ош шаарынын жетекчилик курамына өз ишинин кесипкөй кызматкерлери дайындалды", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле ИИМ жаңы дайындалган жетекчилер калыптанып калган кырдаалга жаңыча көз караш менен карап, көйгөйлүү маселелер болсо чечүүнүн жолдорун табат деп ишендирет.

196
Белгилер:
себеп, милиция, кызмат, жетекчи, ротация, ИИМ
Тема боюнча
Бишкек шаардык милициясына жаңы жетекчи дайындалды
Бишкек менен Оштун прокурорлору кызматынан бошотулду
Финансылык чалгындоо кызматына жаңы жетекчи дайындалды
ЖКнын депутаты Акылбек Жапаров. Архив

Кара мышыкпы, ак мышыкпы, чычкан алса болду. Президент Акылбек Жапаров боюнча үн катты

214
(жаңыланган 21:37 26.02.2021)
Өлкө башчы "Кумтөрдү" Акылбек Жапаров текшерет деген маалыматтан кийин ага "карышкырга кой кайтартыпсыңар" деген билдирүүлөр көп келе баштаганын айткан.

БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров соцтармакта "Кумтөр" ишканасын текшерүү боюнча мамлекеттик комиссияны депутат Акылбек Жапаровдун жетектөөсүнө нааразы болуп жаткандарга Instagram баракчасы аркылуу жооп берди.

Буга чейин "Кумтөр" компаниясынын ишмердүүлүгүн текшере турган депутаттык комиссия "мамлекеттик комиссия" деп өзгөртүлүп, аны Акылбек Жапаров жетектемей болгон.

Өлкө башчы "Кумтөрдү" Акылбек Жапаров текшерет деген маалыматтан кийин ага "карышкырга кой кайтартыпсыңар" деген билдирүүлөр көп келе баштаганын айткан.

"Урматтуу кыргызстандыктар! Кытай реформатору Дэн Сяопин "кара мышыкпы, ак мышыкпы, чычкан алса болду" деп айткан. Анын сыңарындай ким текшерсе да айырмасы жок. Кыргызстанга пайдалуу жыйынтык менен келсе болду. Көзөмөл күчтүү болот", — деп жазган Жапаров.

Президенттин мындай билдирүүсүнө карабай соцтармак колдонуучулары нааразы болгон пикирлерин калтырууда. 

Кумтөр — өлкөнүн экономикасы үчүн бараандуу орунду ээлеген алтын чыгарган ишкана. Акциянын көпчүлүк бөлүгү Кыргызстанга таандык.

214
Белгилер:
Кумтөр, Акылбек Жапаров, Садыр Жапаров
Тема боюнча
"Кумтөрдү" Акылбек Жапаров жетектеген мамлекеттик комиссия текшермей болду
Түркия башчысы Режеп Тайип Эрдоган. Архив

Садыр Жапаров Түркиянын президенти Эрдоганды туулган күнү менен куттуктады

57
(жаңыланган 20:57 26.02.2021)
КР президенти түрк тарапка 2020-жылы коронавирус пандемиясы менен күрөшүүдө Кыргызстан элине көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылыгын билдирген.

БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров Түркия башчысы Режеп Тайип Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Өлкө башчылар кызматташуунун актуалдуу маселелерин, стратегиялык өнөктөштүктүн алкагында буга чейин жетишилген келишимдерди ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашкан.

"Сүйлөшүүдө Садыр Жапаров Эрдоганды туулган күнү менен куттуктап, ага бекем ден соолук, мамлекеттик ишмердигине ийгиликтерди каалады. КРдин президенти түрк тарапка 2020-жылы коронавирус пандемиясы менен күрөшүүдө Кыргызстан элине көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылыгын билдирди", — деп айтылат маалыматта.

Түркиянын башчысы да өз кезегинде Жапаровду кызматына расмий киришкендиги менен дагы бир жолу куттуктаган. Тараптар бири-бирин өлкөлөрүнө иш сапары менен келип-кетүүгө да чакырышкан.

Мамлекет башчылары эки өлкө ортосундагы кызматташууну арттыруу боюнча биргелешкен пландарды белгилешкени кошумчаланды. 

57
Белгилер:
чакыруу, телефон, куттуктоо, президент, Режеп Тайип Эрдоган
Тема боюнча
Садыр Жапаровдун чет өлкөгө жасаган биринчи сапарынын жыйынтыгы. Сереп
Башкы прокуратуранын имараты. Архив

Башкы прокуратура ишкерлер үчүн күнү-түнү жооп берген ишеним номерлерин жарыялады

0
(жаңыланган 22:35 26.02.2021)
Ишеним телефону жеке ишкердик субъектилеринин ишине укук коргоо, фискалдык жана контролдоочу органдардын негизсиз кийлигишүүсү, ошондой эле менчик ээлеринин укуктарынын бузулуусу боюнча кайрылууларды кабыл алары маалым болду.

БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Башкы прокуратура ишкерлер үчүн күнү-түнү жооп бере турган ишеним телефон номерлерин жарыялады. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

"Мамлекет башчы Садыр Жапаровдун "Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндөгү" жарлыгын аткаруу максатында ишеним телефону иштеп баштады", — деп айтылат маалыматта.

Эми ишкерлер күнү-түнү (0312) 88-90-33 номерине чала алышат.

Ишеним телефону жеке ишкердик субъектилеринин, чакан бизнестин ишине укук коргоо, фискалдык жана контролдоочу органдардын негизсиз кийлигишүүсү, ошондой эле менчик ээлеринин укуктарынын бузулуусу боюнча кайрылууларды кабыл алары маалым болду. 

0
Белгилер:
текшерүү, ишкердик, ишеним телефону, Башкы прокуратура, Кыргызстан
Тема боюнча
Дарыканаларды текшерүүгө мораторий жоюлат. Мыйзам долбоору даярдалууда