Депутат президентке референдум дайындоо жана башка укук берүүгө каршы чыкты

© Фото / пресс-служба ЖКЖогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев. Архив
Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.02.2021
Жазылуу
Эл өкүлү сотторду жана алардын төрагаларын, башкы прокурорду жана башка органдардын жетекчилерин дайындоо боюнча сунушун айтты.
БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев Конституциянын жаңы долбоорунда сунушталган айрым беренелерине каршы чыкты.
Ал Конституциялык кеңешменин мүчөсү катары берген сунуштары өтпөй калганын, андыктан аягында добуш берүүдө өзгөчө пикирин билдиргенин айтты.
Депутаттын сунушу:
  • Референдум президент эмес азыркы Баш мыйзамдагыдай эле Жогорку Кеңеш тарабынан атайын мыйзам менен дайындалсын. Себеби буга чейинки тарыхта ушундай кооптуу жагдай жаралган;
  • Соттор президент аркылуу эмес, түз эле парламент тарабынан шайлансын. Такыр болбой калса Сотторду тандоо кеңеши көрсөткөн талапкерлерди президент артка кайтаруусуз жактырышы керек;
  • Конституциялык жана Жогорку соттун төрагасын дайындоону президент эмес, соттор өздөрү добуш берүү менен тандап алышы керек;
  • Борбордук шайлоо жана Эсеп палатасынын курамын дайындоону парламентке бериш керек. Себеби аткаруу бийлигин башкарган адам тарабынан дайындалган адам кантип өздөрүн текшере алат;
  • Аткаруу бийлиги толук президентке берилип жаткандан кийин башкы прокурорду президент эмес, парламент дайындашы керек;
  • Жогорку Кеңештин төрагасын кызматтан кетирүүдө көпчүлүк добуш менен эмес, депутаттардын үчтөн экисинин добушу менен кетиши керек.
Депутат жогорудагы талаптар кошулган болсо бийлик бутактарынын ортосунда тең салмактуулук сакталарын айтты.
Учурда жаңы Конституцияны демилгелеген Жогорку Кеңештин депутаттары Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү менен долбоорду талкуулап жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0