БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү алгач сунушталган долбоорду толук өзгөртө албаганын сынга алды.
Бүгүнкү жыйында бир нече парламентарий эмнеге олуттуу өзгөртүүлөр болбогонун сураганда кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев 80 депутат демилгелеген долбоордун концепциясынан чыга албаганын айтты.
Ошол учурда Рыспаев Конституциялык кеңешме эмнеге түзүлүп, кандай иш кылганына кызыкты.
"Алгач 80 депутат бул долбоорду алып чыккан, бирок коомчулук жактырбай аябай ызы-чуу болгон. Ошондо кайра жазып чыгалы деп Конституциялык кеңешме түзүлгөн. Бирок силер "депутаттар берген концепциядан чыга алган жокпуз" деп атасыңар, мындай тапшырманы сиздерге ким берди? Эмнеге башында ушул тууралуу айткан жоксуңар? Анда элдин үнү, мүдөөсү бул долбоордо камтылган жок деп айта алам. Биз силерге сонун кылып жазгыла деп бердик, эгер концепциядан чыга албасаңар, депутаттар деле иштеп чыкпайт белек", — деди Рыспаев.
Бөрүбашев президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытовдун Конституциялык кеңешме түзүү боюнча жарлыгында "долбоордун концепциясын толуктап иштеп чыксын" деген пункту бар экенин, ал эми өзгөртүү тууралуу жазылбаганын айтты. Ошондой эле ал эки палаталуу парламент түзүү сунушу көтөрүлүп, бирок кеңешме чечүүчү күч болбогондон кийин аны кабыл албаганын мисал келтирди.
"Бизге Конституциялык кеңешме жазып келген долбоорго сунушуңар кирбей калышы ыктымал, силер жөн гана референдумга алып чыгып бересиңер деп айтып жатышат. Ал эми силер депутаттардын концепциясынан чыга албай койдук деп атасыңар. Ушунча болуптур, анда элдин мүдөөсүн, оюн камтып, татыканакай кылып кайра башынан жазалы. Бизден силер чыга албасаңар, силердикинен биз чыга албасак. Шашпай бышырып туруп алып чыгалы. Каякка шашып баратабыз", — деди Рыспаев.
Володин бүгүнкү жолугушуу эки өлкөнүн мамилелеринин жаңы барактарын ачууга өбөлгө болоруна ишеним артты.
"Сиздин келишиңиз жана бүгүнкү жолугушуу өнүгүүнүн жаңы бийиктиктерине чыгууга, анын ичинде парламенттер аралык мамилелерди арттырат деген ниеттемин. Биз парламенттик кызматташуунун алкагындагы маселелерди талкуулап, сүйлөшөбүз", — деди Мамдума спикери.
Ошондой эле ал Садыр Жапаровду президент болуп шайланышы менен куттуктады.
"Биздин байкоочулар шайлоодо атаандаштык, ачыктык жана легитимдүүлүк жогорку деңгээлде болду деген пикирге келишти. Кыргызстандагы шайлоо АКШга караганда ачык өттү. Кошмо Штаттары ар дайым алардан үйрөнүү керектигин айтып келген, эми өздөрү сиздерден үйрөнүшү керек. АКШга караганда Кыргызстандагы шайлоого ишенсе болот", — деди Володин.
Ал эми Жапаров жаңы чакырыктар менен коркунучтарга, анын ичинде вирус коркунучуна, ошондой эле эл аралык терроризм менен экстремизмге каршы күрөшүүдө жана коопсуздукту камсыз кылууда эки өлкөнүн парламенттеринин күч-аракетин бириктирүү маанилүү экенин белгиледи.
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-февралда, Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен жолукканда коңшулар эки тараптуу мамилелерди мазмундуу жаңы деңгээлге чыгарып, жаңы долбоорлор менен толтурууга кызыкдар экендигин белгилешти. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Күн тартибиндеги эки тараптуу артыкчылык берилген багыттар, анын ичинде Кыргызстан менен Россиянын ортосунда түзүлгөн соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтык маселелери талкууланган.
"Михаил Мишустин эки тараптуу мамилелерди мазмундуу жаңы деңгээлге чыгарып, жаңы долбоорлор менен толтурууга кызыкдар экендигин айтты. Россия Кыргызстандын тышкы соода боюнча алдыңкы өнөктөштөрүнөн экенин, пандемиянын кесепетинен улам төмөндөп кеткен соода байланыштардын мурдагы деңгээлин биргелешкен аракеттер менен калыбына келтирүүгө болорун билдирди", — деп айтылат маалыматта.
Андан сырткары, учурда өкмөт аркылуу коронавирус инфекциясына каршы биргелешип күрөшүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын, бул Кыргызстандагы эпидемиологиялык кырдаалды турукташтырууга өбөлгө түзгөнүн баса белгиледи.
Аны менен сүйлөшүп жатып Жапаров Россия президенти Владимир Путин менен жолугушууда Кыргызстан менен Россиянын ортосунда түзүлгөн стратегиялык өнөктөштүктү жана союздаштык мамилелерди чыңдоону улантуу жөнүндө келишимге кол коюлгандыгын билдирген.
Жапаров пандемия учурунда гуманитардык, каржылык жана техникалык жардам түрүндө көрсөткөн колдоосу үчүн Россия өкмөтүнө ыраазычылыгын айткан.
"Кыргызстан менен Россияны маданий, тарыхый жалпылыктар гана эмес, ошондой эле жаңы саясий, соода-экономикалык алакалар байланыштырып турат. Буга байланыштуу эки мамлекеттин ортосундагы бардык потенциалды толук ачып берүүгө умтулушубуз керек", — деген президент.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар, айрыкча, соода-экономикалык кызматташтык деңгээлин жогорулатууга даяр экендиктерин билдиришкен.