Гүлнара-Клара Самат Россиядагы элчи кызматына сунушталууда

© Фото / пресс-служба ЖКДепутат Гүльнара-Клара Самат. Архив
Депутат Гүльнара-Клара Самат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.02.2021
Жазылуу
2020-жылдын октябрь айына чейин аталган кызматты Аликбек Жекшенкулов аркалап келген. Бирок мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетип жатып, аны дагы элчиликтен бошоткон.
БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Гүлнара-Клара Самат Россиядагы Кыргызстандын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматына көрсөтүлүп жатат. Бул тууралуу парламенттеги ишенимдүү булактар билдирди.
Маалыматка караганда, Жогорку Кеңешке учурдагы депутат элчи катары сунушталып жаткандыгы тууралуу документтер келип түштү.
2020-жылдын октябрь айына чейин аталган кызматты Аликбек Жекшенкулов аркалап келген. Бирок мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетип жатып, аны дагы элчиликтен бошоткон.
Ал эми Гүлнара-Клара Самат “Ата Мекен” партиясынан депутат болуп турганы менен 2020-жылдагы парламенттик шайлоого “Мекенчил” партиясынын катарында катышкан.

Эмгек жолу

  • Анын эмгек жолу 1986-жылы башталган. Гүлнара-Клара Самат Кыргызстандын Россиядагы элчилигинде эмгектенген. Ошондой эле КМШнын экономикалык кеңешинин консультанты, Абхазиядагы конфликтини жөнгө салуу боюнча КМШнын жумушчу тобун жетектеген.
  • 2006-жылы президент Курманбек Бакиевдин маалымат катчысы болуп дайындалган.
  • 2006-2007 — президенттин алдындагы Стратегиялык изилдөөлөр боюнча эл аралык институттун жетекчиси;
  • 2008-жылга чейин Кыргызстандын Боршайкомунун төрайымы болгон. Бирок кийин президенттин уулу Максим Бакиев ага кысым көрсөтүп жатканын жар салып, чет өлкөгө чыгып кеткен. Кыргызстанга кайра 2009-жылы кайтып келген.
  • Клара Кабилова өзүнүн аты-жөнүн 2015-жылы Гүлнара-Клара Самат деп өзгөртүп алган.
  • 2018-жылдын 15-майында БШК аны "Ата Мекен" партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты катары каттоодон өткөргөн.
Жаңылыктар түрмөгү
0