БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Россияга болгон сапарынын алкагында "Слово Кыргызстана" өкмөттүк гезитине маек берип орус тилинин Кыргызстандагы орду тууралу кеп кылды.
Анда мамлекет башчы орус тили заманбап адабиятты жана маданиятты түшүнүүдө чексиз мүмкүнчүлүктөрдү ачкан байланыштын куралы экенин билдирген. Ошол эле учурда мамлекеттик тилдин өнүгүшүндө бир топ жылыш байкалганын белгилеген. Мисал катары жаштар, ырчылар, актерлор кыргыз тилинде сүйлөп, мыйзамдар жазылып жатканын айтып өттү."Биз негизги маалыматтарды орус тилинде алабыз. Кыргыз тили орус тилине кедергисин тийгизбей өнүгүшү керек. Орус тили расмий тил гана эмес, өлкөдөгү улуттар аралык баарлашуунун тили. Ал мыйзамдык жактан жакшы корголгон, анын макамы Конституцияда белгиленген. Мен президент жана жарандардын укуктары менен эркиндигинин кепилдиги катары бул маселедеги саясий манипуляциялоо аракеттерине чечкиндүү каршы турам", — деди Жапаров.
Ошону менен бирге мамлекет башчы чет тилдерди, айрыкча, англис тилин кошумча үйрөнүү бүгүнкү күндүн талабы, эл аралык баарлашуунун тили экенин баса белгиледи. Андыктан жаш муунду чет тилдерди тереңдетип окууга чакырып өттү.
Долбоор экинчи-үчүнчү окуудан дагы колдоо тапса, президентке жөнөтүлөт. Ал кол койгондон кийин жалпы элдик добуш берүү дайындалат. Референдумду жергиликтүү кеңештердин шайлоосу менен кошо 11-апрелде өткөрүү сунушталууда.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Кытай Кыргызстандын ишенимдүү өнөктөшү. Мындан улам достук мамиленин өнүгүшүнө чоң маани берилет. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов билдиргенин өкмөттөн кабарлашты.
Маалыматка караганда, Марипов Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолуккан. Өкмөт башчы Кытай тарапка коронавируска каршы күрөшүүдө көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.
Тараптар соода-экономикалык кызматташуу, коронавируска каршы кытай вакцинасын бекер алуу, "Торугарт" менен "Эркечтам" постундагы жүк өткөрүүнү көбөйтүү маселелерин дагы талкуулашкан.
Мындан сырткары, өкмөт башчы менен элчи эки өлкө ортосундагы авиакаттамдарды жандантуу мүмкүнчүлүгүн дагы сүйлөшүшкөн.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Бейшемби күнү өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир аймактарда 14 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Талас жергесинде +9...+14 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +10...+15, Ысык-Көлдө +3...+8, ал эми Нарын аймагында -1...+4 градуска чейин жылуу болору айтылды.
Борбор калаада күн ачык болуп, күндүн табы +12...+14 градуска чейин көтөрүлсө, Ош шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, +13...+15 градус жылуу болот.