Жапаров: тарыхта кыргыз-орус элинин алысташына өбөлгө түзгөн көйгөй жаралган эмес

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстана жана Россиянын желектери. Архив
Кыргызстана жана Россиянын желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.02.2021
Жазылуу
Мамлекет башчы алдыда боло турган иш сапар эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди бекемдөөгө жана бардык тармактар боюнча кызматташууну өнүктүрүүгө шарт түзөт деген ниетин билдирген.
БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Тарыхта кыргыз-орус элдеринин ортосундагы мамилелерде эч качан бири-биринен алыстап кетүүгө өбөлгө түзгөн көйгөйлөр жаралган эмес. Бул тууралуу өлкө башчы Садыр Жапаровдун Кыргызстан менен Россиянын өз ара мамилелери жана байланыштары жөнүндө "Союздук байланыштар" аттуу макаласында жазылган.
Анда Россия менен болгон алаканы жогорку деңгээлге жеткирүү Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарына жооп берери айтылган. Жапаров өлкөнүн тышкы саясатында бул багыт негизги орунду ээлей турганын белгилеген.
"Россия кубаттуулугу жана интеграциялык долбоорлору менен чек арасында тынчтыкты камсыз кылып, айланасында жигердүү өнүгүп жаткан аймакты түптөөдө. Алдыда боло турган иш сапар биздин өлкөлөрдүн ортосундагы мамилелерди бекемдөөгө жана өз ара кызыкчылык туудурган бардык тармактар боюнча кызматташууну өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт деп ишенем", — деп жазылган макалада.
Мамлекет башчы Россия менен эриш-аркак жылын узартууну да сунуштаган.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров февраль ичи Россияга барары айтылып, иш сапарынын алдында обочолонууга алынганы кабарланган.
Жаңылыктар түрмөгү
0