УКМКнын бөлүм башчысы Медеров Ысык-Көл өнүктүрүү фондунун жетекчиси болду

© Фото / пресс-служба фонда развития Иссык-Кульской областиЫсык-Көл өнүктүрүү фондунун башкармалык боюнча дирекциясынын башчысы Самат Медеров
Ысык-Көл өнүктүрүү фондунун башкармалык боюнча дирекциясынын башчысы Самат Медеров  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.02.2021
Жазылуу
Буга чейин фондду башкарып келген Алдаярбек Тойгоналиев ден соолугуна байланыштуу өз ыктыяры менен кызматтан кеткен.
БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Ысык-Көл өнүктүрүү фондунун башкармалык боюнча дирекциясынын башчысы болуп Самат Медеров дайындалды. Бул туурасында фонддун Facebook баракчасында маалымдалат.
Жаңы жетекчини эмгек жамаатына өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев тааныштырды.
Буга чейин фондду башкарып келген Алдаярбек Тойгоналиев ден соолугуна байланыштуу өз ыктыяры менен кызматтан кеткен.
Самат Медеров 1976-жылы 27-июнда туулган. Москва ишкердик жана укук институтунун Караколдогу филиалында Бухучет жана аудит адистигин аяктаган. Ошондой эле 2007-2009-жылдары Кыргыз мамлекеттик юридика академиясында окуган. Египет, Россия жана Кытайга барып билимин жогорулатып келгени айтылат.
Эмгек жолу:
  • 1994-1999 — "Ысык-Көл керектөөчүлөр коомунда" бухгалтер;
  • 2000 — "Кооператор" пансионатында башкы бухгалтер;
  • 2000-2001 — Салык кызматынын Ысык-Көл облустук башкармалыгында инспектор;
  • 2001-2004 — Ысык-Көл райондук финансы башкармалыгынын башкы адиси;
  • 2004-2011 — УКМК кызматкери;
  • 2011-2012 — УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын бөлүмүндө кызматкер;
  • 2012-2021 — УКМКнын бөлүмүндө кызматкер.
Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы. "Улуттук коопсуздук органынын мыктысы" аталган.
Жаңылыктар түрмөгү
0