Садыр Жапаров жергиликтүү сотко дайындаган судья Нарынга жиберилди

© Sputnik / Владимир Федоренко / Медиабанкка өтүүСот балкасы. Архив
Сот балкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.02.2021
Жазылуу
Судьяларды тандоо кеңеши Нарын облусунун административдик сотунун бош судьялык кызмат ордуна дайындоо үчүн бир талапкер боюнча сунуш берген.
БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Президенттин тийиштүү жарлыгы менен Азис Кудайбергенов жергиликтүү соттун судьялык кызматына дайындалып, Нарын облусунун административдик сотуна судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберилди. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдиришти.
Буга чейин Судьяларды тандоо кеңеши тарабынан президент Садыр Жапаровдун дарегине Нарын облусунун административдик сотунун бош судьялык кызмат ордуна дайындоо үчүн бир талапкер боюнча сунуш келип түшкөнү айтылды.
"Тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан сунушталган талапкерге карата берилген кошумча материалдарды эске алуу менен Садыр Жапаров аны судьялык кызматка дайындоо боюнча Кеңештин сунушуна макул болду", — деп айтылат маалыматта.
Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Жаңылыктар түрмөгү
0