Садыр Жапаровдун Россияга жасалчу иш сапарында кимдер менен жолугары айтылды

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.02.2021
Жазылуу
Визит Кыргызстан менен Россиянын союздаштык мамилелерди жана стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү боюнча алакасын мындан ары чыңдоого жана ар тараптуу кеңейтүүгө багытталмакчы.
БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров үстүбүздөгү жылдын 24-25-февраль күндөрү Россияга иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дюшекеевге таянуу менен маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүдө Садыр Жапаров Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөрү айтылат.
"Мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташтыктын бир катар актуалдуу маселелерин, ошондой эле стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүү жана өз ара натыйжалуу аракеттенүү жолдорун талкуулашат", — деп жазылат маалыматта.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.02.2021
Садыр Жапаров орус тилинин Кыргызстандагы орду тууралуу кеп салды
Ошондой эле иш сапардын жүрүшүндө Жапаровдун Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин, Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко жана Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин менен эки тараптуу жолугушуулары пландаштырылган.
Мындан тышкары, Россиянын ишкерлер чөйрөсү менен баарлашуусу, ошондой эле мекендештер жана Россияда окуган кыргызстандык студенттер менен жолугушуусу күтүлүүдө.
Жаңылыктар түрмөгү
0