БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Жакынкы күндөрү район акимдери жана орун басарлары аттестациядан өткөрүлөт. Бул туурасында премьер-министр Улукбек Марипов кыргызстандыктарга жасаган кайрылуусунда маалымдады.
Ал президент Садыр Жапаровдун башкы тапшырмасы кадрларды тандоо системасын жана практикасын кардиналдуу өзгөртүү экенин белгилейт.
Муну ишке ашыруу үчүн биринчи этапта системалуу түрдө бардык райондук акимдер жана алардын орун басарлары аттестациядан өткөрүлөт. Аны менен катар акимдерди ротациялоо принциби ишке киргизилет.
Бул иштердин башкы максаты:
"Муну менен биз жер-жерлердеги жетекчилерди натыйжалуу жана сапаттуу иштегенге түрткү беребиз. Дагы бир жолу баса белгилеп кетейин, биз бир ууч эле элбиз. Бизге бекем ынтымак гана керек! Аттестациялоо иштери өтө жакынкы күндөрү башталат, таза, ачык-айкын, акыйкат жана бирдей шартта өткөрүлөт. Бардык иштер жаап-жашырылбастан элдин көз алдында, коомчулуктун катышуусунда болот", — деди Марипов.
Ошондой эле ал учурда аттестациялык комиссиянын курамы түзүлүп жатканын айтты. Ага район жана облустардын мурдагы абройлуу жетекчилери, ар түрдүү региондон мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын ардагерлери кирет.
"Мындай кадам өлкө саясатын ишке ашырууга жөндөмдүү, жогорку квалификациялуу кадрлардын күчтүү резервин түптөөдө негизги өзөктөрдүн бири болот. Бул чечимдерибиз эл тарабынан туура кабылданып, колдоо табат деп ишенемин. Мен өз өлкөмдүн патриот уулу жана премьер-министри катары аймактарга өз ишин мыкты билген профессионалдардын келишине абдан кызыкдармын! Биз күчтүү Кыргызстанды бирге курабыз деп бекем ишенем!" — деп кайрылды өкмөт башчы.
Ошону менен бирге аттестациядан ийгиликтүү өткөн мамлекеттик администрация башчылары жана орун басарлары карьералык тепкич боюнча көтөрүүгө негизги талапкерлердин бири катары каралат.
БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн, 2-мартта, Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин менен жолукту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү, маданий-гуманитардык өз ара байланыштарды кеңейтүү жана күн тартибиндеги башка актуалдуу темалар боюнча пикир алмашышкан.
Аскар Мамин боордош эки элдин ортосундагы достук байланыштарды чыңдоонун маанисин белгилеп, мамлекеттердин өз ара экономикалык пайдалуу кызматташтыгын тереңдетүүгө даяр экенин билдирди.
Мамлекет башчы Казакстандын жогорку жетекчилиги эки элдин ортосундагы биримдикти жана тыгыз карым-катнашты чыңдоого зор салым кошуп жаткандыгын белгилеген.
Президент кыргыз тараптын Казакстан менен соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташууну кеңейтүүгө даярдыгын жана кызыкдар экенин билдирген.
БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Өкмөттүн Ош облусундагы мурдагы өкүлү Байыш Юсуповдун уулу Замир Юсупов Ош шаарынын биринчи вице-мэри болуп дайындалды. Бул маалыматты муниципалитеттин басма сөз кызматы тастыктады.
Тиешелүү буйрукка мэр Таалайбек Сарыбашов кол койгон.
Жогорку билимдүү. Кыргыз-орус славян университетинин эл аралык мамилелер факультетин жана Ош технологиялык университетин аяктаган.
Анын атасы Байыш Юсупов былтыр августта Узарбек Жылкыбаевдин ордуна келген. Бирок октябрдагы парламенттик шайлоодон кийинки нааразычылыктардан улам отставкага кетип, ордуна Жарасул Абдураимов дайындалган.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Сокулуктагы убактылуу кармоочу жайда бир киши каза болгонун Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.
2-март таң эрте Сокулук райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайынын күзөтчүсү камактагы 51 жаштагы эркек кишини эс-учун жоготкон абалда тапкан.
"Окуя болгон жерге дароо Тез жардам кызматы чакырылып, медиктер киши көз жумганын аныкташкан. Анын өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн экспертиза дайындалды", — деп айтылат билдирмеде.
Каза тапкан адам Кылмыш-жаза кодексинин 200-беренеси ("Уурулук") менен шектелип, эки айга камакка алынган.
Ишти ар тараптуу жана объективдүү иликтөө үчүн текшерүү дайындалган. ИИМ, Чүй ОИИБи менен прокуратура жетекчилиги ишти көзөмөлгө алган. Аталган факт каттоого алынып, чогултулган материалдар кошумча иликтөө үчүн УКМКга өткөрүлүп берилген.