Россия жана АКШ купюралары. Архив

Россия Кыргызстанга кайтарымсыз 5,2 млн. доллар бөлдү

491
(жаңыланган 12:39 23.02.2021)
Материалдык-техникалык жана каржылык жардам 2021-2022-жылдарга Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы кызматына көрсөтүлөт.

БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Россия Кыргызстанга 5,2 миллион доллар өлчөмүндө грант бөлдү. Бул тууралуу РФтин КРдеги элчилигинин маалымат кызматы кабарлады.

"Россия Федерациясынын өкмөтү баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү үчүн Кыргызстанга кайтарымсыз түрдө 5,2 миллион доллар бөлдү", — деп айтылат маалыматта.

Маалым болгондой, материалдык-техникалык жана каржылык жардам 2021-2022-жылдарга Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы кызматына көрсөтүлөт.

491
Белгилер:
күрөш, баңгизат, каражат, грант, Россия, Кыргызстан
Тема боюнча
Кремль Путин менен Жапаровдун жолуга турганын жарыялады
Кыргызстанга Россия жардам катары 100 миң ПЦР-тест бермей болду
Казакстан Кыргызстанга курал-жарак, аскердик техника берди. Тизме
Аткаминер портфель менен. Архив

Мамкаттоонун мурдагы жетекчиси Суваналиевге орун басар болуп Баткенге барды

109
(жаңыланган 20:19 01.03.2021)
Сапарбаевдин облустук администрацияда иштөө тажрыйбасы бар. Ал 2008–2010-жылдары Нарын облусунун жетекчисинин орун басары болгон.

БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Эрлан Сапарбаев өкмөттүн Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп дайындалды.

Тийиштүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койду. Өкмөттүн облустагы өкүлү Өмүрбек Суваналиев орун басарын жамаатка тааныштырууга жетишти.

Сапарбаев 2008–2010-жылдары өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп иштеген. 2012-2014-жылдары Мамлекеттик каттоо кызматын жетектеп турган.

109
Белгилер:
Эрлан Сапарбаев, кызмат, орун басар, өкмөт, Баткен
Тема боюнча
Алмаз Акматов Эсептөө палатасына аудитор болуп дайындалды
Бишкекте кайсы мектептин директору кызматында 20 жылдан ашык отурат? Тизме
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Казакстандын Казинформ маалымат агенттигине маек учурунда

Жапаров өлкө кандай өзгөрүп жатканын айтып берди. Президенттин маегинен тезистер

175
(жаңыланган 18:01 01.03.2021)
Президент коңшу мамлекеттер менен бир туугандай мамиле кура турганын айтып, чет өлкөдөн келген инвесторлор толук коргоого алынарын белгилеген.

БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Казакстандын "Казинформ" маалымат агенттигине коңшу өлкөгө боло турчу сапары, чет өлкөлөр менен болгон мамиле жана Кыргызстандагы өзгөрүүлөр тууралуу айтып берди.

Мамлекет башчы Садыр Жапаровдун сөзүнөн тезистер:

Бүгүнкү күндө бизде бардык сферада мыйзамдар иштеп жатат. Мурдагы жетекчилер, министрлер, чоң аткаминерлер камалууда. Иштеп кеткенине же азыр иштеп жатканына карабастан күнөөсү болсо жетекчилер кылган ишине жараша жазасын алат. Тийиштүү тараптарга "эгер жалган жалаа жаап, камап кое турган болсоңор өзүңөр жоопкерчиликке тартыласыңар" деп айтып жатам;

Президент Садыр Жапаров. Архив
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Кыргызстанда 30 жылдан бери коррупция гүлдөп-өскөн. 300 үй-бүлө байып, калганы жакырланып кеткен. 30 жылдан бери чирип калган системаны жипке тизгендей алып кетүү үчүн 2-3 жыл керек;

Биз мурдагылардын катасын кайталаган жокпуз. Шайлоо таза өттү. Жакында жергиликтүү шайлоо, референдум өтөт, күзүндө парламенттик шайлоо болот, баарын таза өткөрөбүз;

Мыйзам менден баштап кетмен чапкан дыйканга чейин бирдей болот;

2-3-мартта Казакстанга расмий иш сапарым менен барам. Андан кийин Өзбекстан, Кытай, Түркия өлкөлөрүнө барам. Биз бардык мамлекеттер менен мамилебизди жогорку деңгээлге жеткиргенге аракет кылышыбыз керек. Биздин саясатыбыз ушундай;

Кыргыз-казак мамилесинде чечилбеген маселелер жок. Майда-чүйдө маселелер бар, аны сүйлөшүп чечип алабыз;

Мен келгенден баштап бардык инвесторлорду коргоого алдык, бирок толук кандуу ишке аша элек. Өкмөттүн алдында инвестиция боюнча агенттик бар, жаңы Конституция кабыл алынса, ал президенттин көзөмөлүндөгү улуттук агенттикке айланат. Инвесторлорго басым жасала турган болсо, агенттик алардын кызыкчылыгын коргойт;

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Казинформ агенттигине берген маек учурунда
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Токтогул суу сактагычында суу азайды. Ушул деңгээлде кете берсек келерки жылы катастрофалык абалга тушугабыз. Ошондуктан Казакстан менен Өзбекстандан электр энергиясын импорттоо маселесин карап жатабыз;

Казакстан Кыргызстанга 1 миллиард киловаттка жакын электр энергиясын экспорттоого макулдугун берди;

Өзбекстан жана Тажикстан менен делимитация, демаркация маселесин 1-2 жыл ичинде бүтүрөбүз деп үмүт кылып жатабыз;

Азия, Орто Азия өлкөлөрүн Европа менен байланыштыра турган Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун куруу боюнча улуттук долбоорубуз бар. Жибек Жолун өркүндөтүп, ортодо турган мамлекет катары биз дүйнө жүзүндөгү мамлекеттер менен дипломатиялык байланышты жолго коё алабыз деп ишенем;

Алыскы туугандан жакынкы кошуна артык дейт, коңшу мамлекеттер менен бир туугандай мамиле түзөбүз.

175
Белгилер:
мамиле, маек, Садыр Жапаров, Казакстан, Кыргызстан
Тема:
Жапаровдун Казакстанга болгон иш сапары
Тема боюнча
Жапаров: парламенттик шайлоо күзүндө өтөт
Садыр Жапаров Казакстандан кийин Кытай, Түркияга иш сапар менен барат
Кыргызстандагы Тянь-Шань тоолору. Архив

Шейшембиге карата аба ырайы

0
2-мартка караган түнү республиканын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү ыктымал. Жолдорго муз тоңуп, тайгак болот. Унаалардын ортосундагы 500 метрлик аралык чектелиши зарыл.

БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Шейшембиде күндүз өлкө боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй облусунда +10…+15, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +11…+16, Ысык-Көл жергесинде +4…+9, Нарын өрөөнүндө -1…+4 градус болору айтылды.

Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын болбойт. Күндүн табы борбордо +13…+15, Ош шаарында +14…+16 градус болот.

0
Белгилер:
Кыргызстан, март, аба ырайы
Тема боюнча
Кайрадан суук түшөбү? Мартка карата аба ырайы