БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабиров мандатын тапшырды. Бул туурасында ал өзү бүгүн жалпы жыйында маалымдады.
Сабиров жаштарга орун бошотуп берүү максатында кызматтан кетип жатканын айтып, жалпы шайлоочуларга жана кесиптештерине ыраазычылык билдирди.
Максат Сабиров "Республика — Ата-Журт" партиясынын мүчөсү, 2015-жылдан бери Жогорку Кеңештин депутаты болуп келе жаткан. Өткөн жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого "Республика" партиясы менен катышкан.
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Бош убактым болуп калса эле бассейнге барам. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Казинформ" маалымат агенттигине берген маегинде айткан.
Журналист ага "Сиздин убактыңыз чектелүү, тар экенин түшүнөбүз. Ошентсе да Кыргызстандын президенти бош убактысында эмне менен алектенет?" деген суроо узаткан.
"Чынын айтсам, бош убактым жок. Маалымат катчым менен кеңешчимди "мага бош убакыт бербей жатасыңар" деп урушуп жатам. Бирок убакыт болору менен бассейнге барам. Азырынча ошол жакка гана барып жатам. Кудай буюрса, күн жылып калса футбол жана чоң теннис ойнойм. Бирок бош убакыт дээрлик жокко эсе", — деген Жапаров.
Маектин соңунда Жапаров казак калкы Кыргызстанга караганда бир топ жыл алдыга кеткенин айтып, бир тууган элдин ортосундагы ынтымактын бекем болушуна тилектеш экенин билдирген.
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Кыргызстанда күзүндө парламенттик шайлоо болот, баарын таза өткөрөбүз. Бул тууралуу өлкө президенти Садыр Жапаров "Казинформ" агенттигине маек куруп жатып билдирди.
Журналист мамлекет башчысына "Биз кыргыз ЖМКлары менен интернет баракчаларын окуп турабыз. Көпчүлүк сизди катаал жетекчи катары сыпатташат. Бул эмнеге байланыштуу деп ойлойсуз?" деген суроо узатты.
"Сырттан караганда катаал көрүнүшүм мүмкүн, бирок өзүм жумшак адаммын. Сурооңуздун төркүнүн түшүнүп турам. Бүгүнкү күндө бизде бардык сферада мыйзамдар иштеп жатат. Мурдагы жетекчилер, министрлер, чоң аткаминерлер камалууда. Ошол себептен дагы катаал жетекчи дешсе керек. Мурда иштеп кеткенине же азыр иштеп жатканына карабастан күнөөсү болсо жетекчилер кылган ишине жараша жазасын алсын деп жатам. Тийиштүү тараптарга эгер жалган жалаа жаап, камап коё турган болсоңор өзүңөр жоопкерчиликке тартыласыңар деп айтам", — деди Жапаров.Ал ошондой эле Кыргызстанда 30 жылдан бери коррупция гүлдөп өскөнүн белгилеген.
"Кыргызстан боюнча 300 үй-бүлө байып, калганы жакырланып кеткен. Ошонун айынан бизде үчүнчү революция болду. Экинчи себеби — адилетсиз шайлоолор. Биз мурдагылардын катасын кайталаган жокпуз. Жакында жергиликтүү шайлоо, референдум өтөт, күзүндө парламенттик шайлоо болот, баарын таза өткөрөбүз. Мыйзам менден баштап кетмен чапкан дыйканга чейин бирдей болушу керек", — деди президент.
Ал ошондой эле 30 жылдан бери чирип калган системаны жипке тизгендей алып кетүү үчүн 2-3 жыл керектигин кошумчалаган.
Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Ооруларды алдын алуу мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин сурамына жооп берип, 2019-2020-жылдардагы жугуштуу оорулардын статистикалык айырмачылыгын айтып берди.
2020-жылы республикада жалпысынан 313 576 жугуштуу жана паразитардык оору катталган. Анын ичинен 60,7 пайызын сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекциялар түзөт. Былтыр 2019-жылга салыштырмалуу 22 оорунун түрүнүн төмөндөшү байкалган.
Маселен, курч кармаган ичеги-карын оорулары үч эсеге аз катталган. Тагыраагы, 2019-жылы көрсөткүч 32 866 болсо, 2020-жылы 11 041 болгон.
Сарык оорусу (вирустук гепатиттин түрлөрү) жалпысынан 55,4 пайызга төмөндөгөн. 2019-жылы 10 579 кишиде оору аныкталса, 2019-жылы 4 805 учур катталган. Вирустук гепатиттин 96,8 пайызын А түрү түзөт.
Жугуштуу жана паразитардык оорулар, анын ичинен курч ичеги-карын илдеттери, вирустук гепатиттин А түрү колду таза жуубагандыктан, кир буюмдардан, жашылча-жемиштерден жугары белгиленет. Ал эми сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекциялар коронавирус сыяктуу аба тамчысы аркылуу жугат.
"2020-жылы коронавирус пандемиясына байланыштуу киргизилген карантиндик чаралар, ошондой эле калк арасында санитардык-гигиеналык талаптардын так аткарылышы, башкача айтканда, бет кап тагынуу, социалдык аралыкты сактоо, колду жууп туруу, антисептик колдонуу жана онлайн окуу жугуштуу оорулардын төмөндөшүнүн бирден-бир себеби болуп саналат", — деп билдирди департамент.
Мекеме жугуштуу ооруларды алдын алуу жана жайылтпоо үчүн иш-чаралар уланып жатканын белгиледи.
Мындан тышкары, коронавирустун фонунда азайган жугуштуу жана паразитардык оорулардын катарында бруцеллез (34,8 пайызга төмөндөгөн), эхинококкоз (34 пайыз), туберкулез (31,4 пайыз), сифилис (31,2 пайыз), котур (27,8), ВИЧ-инфекция (22 пайыз), гонорея (16,6 пайыз) бар.Ошондой эле паротит (свинка) 11,5 эсеге, сальмонеллез 3,9 эсеге, көк жөтөл 4,5 эсеге, кызылча 3,3 эсеге, менингит 3 эсеге азайган.
Ал эми былтыр кара келте (паратиф), кептөөр (дифтерия), кутурма, кызамык, безгек (малярия) вирустук гепатиттин Е жана Д түрлөрү дээрлик катталган эмес.