Путиндин маалымат катчысы: Жапаровдун иш сапары мазмуну жагынан көлөмдүү

© Sputnik / Алексей Майшев / Медиабанкка өтүү Владимир Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков. Архив
 Владимир Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.02.2021
Жазылуу
Жапаровдун Россиянын бизнес коомчулугу, ошондой эле мекендештер жана студенттер менен кезигүүсү дагы күтүлүүдө.
БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Садыр Жапаровдун Россияга болгон жумушчу сапары мазмуну жагынан абдан көлөмдүү. Бул тууралуу Владимир Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков журналисттерге билдирди.
РИА Новости кабарлагандай, шаршемби күнү Россиянын президенти Владимир Путиндин Жапаров менен жолугушуусу күтүлүүдө. Ага чейин РФ башчысы Федералдык коопсуздук кызматынын коллегиясынын жыйынына катышат.
"Кыргызстан — биздин союздаш мамлекет, стратегиялык өнөктөш. Жапаровдун иш сапары мазмуну боюнча абдан көлөмдүү", — деген Песков.
Жолугушуунун жүрүшүндө Жапаров Россиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашары айтылды.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.02.2021
Алака жылдардын сыноосунан өткөн. Жапаров Россияда басым жасалчу маселелерди атады
Мындан сырткары, ал Россиянын премьер-министри Михаил Мишустин, Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко жана Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин менен эки тараптуу жолугушууларды пландаштырган.
Жапаровдун Россиянын бизнес коомчулугу, ошондой эле мекендештер жана студенттер менен кезигүүсү күтүлүүдө.
Жаңылыктар түрмөгү
0