Кызматташууну бекемдейбиз. Жапаров Путин менен жолукканда эмне деди

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын президенти Садыр Жапаров Россиянын лидери Владимир Путин менен жолугушуу учурунда
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Россиянын лидери Владимир Путин менен жолугушуу учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.02.2021
Жазылуу
Кыргызстандын президенти россиялык өнөктөшүнө республикадагы саясий каатчылыкты жөнгө салуудагы көрсөткөн көмөгү жана колдоосу үчүн ыраазылык айтты.
БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Москвада Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Россия лидери Владимир Путиндин жолугушуусу болду. Анда эмне сөз болгондугун Кремлдин расмий сайты кабарлады.
Башында Жапаров Путинге Россияга чакырганы үчүн ыраазылык билдирген.
"Албетте, президент катары чет мамлекетке биринчи бул сапарым биздин мамлекеттердин ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун жогорку деңгээлин белгилейт. Биз стратегиялык өнөктөштүк менен союздаштык мамилени улантып, бекемдөө ниетиндебиз", — деген Жапаров.
Ал РФ башчысына республикадагы саясий каатчылыкты жөнгө салуудагы көрсөткөн көмөгү жана колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Россиянын лидери Владимир Путин менен жолугушуу учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.02.2021
Путин: Россия Кыргызстанга мындан ары да колдоо көрсөтөт
"Биз ЕАЭБ, КМШ, ЖККУ жана ШКУнун алкагында кызматташуу ниетиндебиз. Бул биздин өлкөнүн тышкы экономикалык саясатынын жана экономикалык багытынын приоритети. Өтө кыйын болуп тургандагы, пандемия учурундагы көрсөткөн колдоого өзгөчө ыраазыбыз. Коронавируска каршы россиялык вакцинанын майнаптуулугун жана коопсуздугун дүйнө коомчулугу таанып жаткандыгын да белгилей кетким келди. Жакынкы арада биз дагы эмдөө кампаниясын баштайбыз деген үмүттөбүз", — деген КР президенти.
Жапаров Путинди ыңгайлуу учурун карап, каалаган мезгилинде Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.
Жаңылыктар түрмөгү
0