Алмаз Акматов Эсептөө палатасына аудитор болуп дайындалды

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевЖыйындагы аткаминерлер. Архив
Жыйындагы аткаминерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.02.2021
Жазылуу
Жаңы аудитор 2018-жылдан ушул күнгө чейин Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча бөлүмдү жетектеп келген.
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Эсептөө палатасынын аудитору болуп Алмаз Акматов дайындалды. Анын талапкерлиги президент тарабынан сунушталып, бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары колдоп берди.
© Фото / пресс-служба Счетной палаты КРЭсептөө палатасынын аудитору болуп Алмаз Акматов дайындалды
Назначенный аудитором счетной палаты Алмаз Акматов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Эсептөө палатасынын аудитору болуп Алмаз Акматов дайындалды
Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Марипов кызматтан кетип премьер-министр болгондон кийин бир аудитордук орун бош турган. Анын ордун Акматов ээлей турган болду.
Алмаз Акматов 2018-жылдан ушул күнгө чейин Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймактык бөлүмүн башкарып турган. Ага чейин Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы, Бишкек шаары, Чүй жана Талас облустары боюнча бөлүмдөрдү жетектеп келген.
Жаңылыктар түрмөгү
0