БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Россиянын лидери Владимир Путинге кылыч белек кылды. Бул туурасында ал "Российская газета" гезитине берген маегинде билдиргенин өлкө башчынын маалымат кызматы жазды.
Анда журналист Жапаровдон коноктор ар дайым кур кол келбестигин эске салып, бул ирет кандай белек тартуулаганын сураган.
"Мен Россиянын президенти Владимир Путинге кооз кылыч белек кылдым. Ал кылыч Кыргызстандагы чебер усталардын колунан жасалган", — деп жооп берди Жапаров.
Эске салсак, Жапаров башында турган кыргыз делегациясы 24-25-февраль күндөрү Россияга жумушчу сапары менен барып келген. Анын жыйынтыгы туурасында бул жактан билип алыңыз.
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Текебаев акталгандан кийин мамлекет ага 4 миллион сомго чукул компенсация төлөмөр болду. Бул тууралуу саясатчы сот өкүмү чыккандан кийин журналисттерге билдирди.
Текебаев бул каражатты доолабай турганын айтты.
"Реабилитацияга болгон укуктарыбызды судья толугу менен канааттандырды. Материалдык доонун баары өкмөткө коюлат экен. Төрт жыл түрмөдө отурдук, ошол аралыктагы айлык, моралдык компенсация жана башка маселелер боюнча эсептесем 4 миллион сом болот экен. Бирок мен андан баш тартам. Бюджетте акча жок кризис болуп турган маалда өкмөттөн компенсация сураганым туура эмес болуп калат", — деди Текебаев.
Ошондой эле ал мындан ары дагы саясатка аралаша турганын кошумчалап, жакында "Ата Мекен" партиясынын саясий кеңеши менен иш пландарын аныктай турганын белгиледи.
"Сөзсүз түрдө саясатка дагы аралашам. 62 жашта болгонум жана чарчап турганым менен жарандык позициям активдүү болот. Азыр менде жана үй-бүлөмдө кубануу сезими жок. Мен муну жеңилденүү катары кабыл алат элем. Кубанып отурган бир киши бар, ал — апам. Ар бир сот отурумун унутпай сурап жаткан. Апам эртең менен реанимациядан чыкты, бүгүнкү кабар ага күч-кубат берет деп ойлойм", — деди саясатчы.
Белгилей кетсек, бүгүн Биринчи май райондук соту Текебаевди биротоло актаган.
Ал иштин алкагында Текебаев менен Чотонов кармалган. Россиялык бизнесмен Леонид Маевский Текебаев "Альфа Телеком" (Megacom) компаниясынын башкармалыгына кирүүгө мүмкүнчүлүк берүү үчүн бир миллион доллар алды деп айтып, депутаттын үстүнөн арыз жазган. 16-августта Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Текебаевди коррупция боюнча күнөөлүү деп таап, сегиз жылга эркинен ажыраткан. Шаардык сот жана Жогорку сот өкүмдү күчүндө калтырган.
Кийин жаңы жагдайлардан улам Текебаев менен Чотоновдун ишин Жогорку сот кайра кароого жөнөтүп, Фемида өкүлдөрү өткөн жылдын 29-августунда эки саясатчыны үй камагына коё берген. Мындан улам иш кайра башынан Биринчи май райондук сотунда каралып жатат.
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Саясатчылар Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов акталды.
Мындай өкүмдү бүгүн, 13-апрелде, Биринчи май райондук сотунун судьясы чыгарды.
Ошону менен бирге аларга буга чейинки үй камагындагы бөгөт чарасы да күчүн жоготот. Ал эми камакка алынган мал-мүлк ээсине кайтарылмай болду.
2017-жылдын 25-февралында Башкы прокуратура "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновго карата Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүмү ("Коррупция") жана 166-беренесинин 4-бөлүмүнүн 2-3-пунктуларында ("Алдамчылык") камтылган белгилер боюнча кылмыш ишин козгогон.
Ал иштин алкагында Текебаев менен Чотонов кармалган. Россиялык бизнесмен Леонид Маевский Текебаев "Альфа Телеком" (Megacom) компаниясынын башкармалыгына кирүүгө мүмкүнчүлүк берүү үчүн бир миллион доллар алды деп айтып, депутаттын үстүнөн арыз жазган. 16-августта Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Текебаевди коррупция боюнча күнөөлүү деп таап, сегиз жылга эркинен ажыраткан. Шаардык сот жана Жогорку сот өкүмдү күчүндө калтырган.Кийин жаңы жагдайлардан улам Текебаев менен Чотоновдун ишин Жогорку сот кайра кароого жөнөтүп, Фемида өкүлдөрү өткөн жылдын 29-августунда эки саясатчыны үй камагына коё берген. Мындан улам иш кайра башынан Биринчи май райондук сотунда каралып келген.
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Эртең, 14-апрелде, Бишкек шаарынын бир нече жеринде электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ачык акционердик коомунан кабарлашты.
Ал күнү адистер подстанциялардагы электр жабдыктарын оңдоп, бутактарды кыйып жана башка жумуштарды жасамакчы.
Жарык берүү үзгүлтүккө учурай турган аймактар: