Өз дүйнөсү менен жашап калган. Жапаров Жээнбековдун эмнеден жазганын айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековЭкс-президент Сооронбай Жээнбеков. Архив
Экс-президент Сооронбай Жээнбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.02.2021
Жазылуу
Мамлекет башчы Кыргызстанга тышкы күчтөрдүн канчалык күчтүү таасири болбосун, бийлик биринчи кезекте өзүнүн каталарынан улам кыйрай турганын айтты.
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Экс-президент Сооронбай Жээнбеков коомчулуктун талаптарынан алыс болуп, өз дүйнөсү менен жашап калган. Бул туурасында президент Садыр Жапаров "Российская газета" гезитине берген маегинде билдирди.
Журналист Жапаровдун элдик толкундоолор менен бийликке келгенин эске салып, акыркы жылдары бийликти алмаштыруунун "юридикалык эмес" механизми Кыргызстанда кадимки көнүмүшкө айланганын айтты. Ал эмне үчүн мындай болуп жатканына кызыккан.
Мамлекет башчы бардык өлкөлөр ушул сыяктуу тарыхый сыноолордон өтүшөрүн, андан башка өзгөчө учурлар дээрлик жокко эсе экенин билдирген.
"Мен Кыргызстандын эли өтө жигердүү жана мобилдүү эл экенин кошумчалай кетейин. Жаратылышынан эле ар дайым көчүп-конуп жүргөн, көптөгөн уруулардан куралган, эркиндикти сүйгөн элбиз. Андыктан биздин мамлекетте бийликти узурпациялоо аракетинин баары ийгиликсиз аяктайт. Ошондой эле геосаясий жактан өтө ыңгайлуу жайгашкан өлкөбүзгө көзөмөл кылууга кызыкдар тышкы күчтөр дагы маанилүү роль ойной тургандыгын белгилеп кетейин", — деди Жапаров.
Бирок ал тышкы күчтөрдүн канчалык күчтүү таасири болбосун, тигил же бул бийлик биринчи кезекте өзүнүн каталарынан улам кыйрай турганын белгилеп, Жээнбековдун эмнеден жазганын айткан.
Президент Садыр Жапаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.02.2021
Жапаров Путинге эмне тартуу кылганы белгилүү болду
"Президент Сооронбай Жээнбеков чыныгы турмуштан, коомчулуктун коюп жаткан талаптарынан алыс болуп, өз дүйнөсү менен эле жашап калган, ошондон улам башынан эле элдин кыжырын келтирген, туура эмес чечимдерди кабыл алган. Кыскасы, революциялардын себептери көп. Эгерде андай себептер болуп жатса, анда бул коомдо демократиялык өзгөрүүлөр болушу, коомдук-саясий системанын өзгөрүшү зарыл экендигинин жана социалдык-экономикалык жактан жетишкендиктерге муктаж экендигинин белгиси", — деди президент.
Ошондой эле ал учурдагы кырдаалдан мамлекетти татыктуу алып чыгып кетүү милдети турганын кошумчалаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0