Жапаровдун сапары талкууланат. Өзбекстандын тышкы иштер министри Бишкекке келди

© Sputnik / Сергей Пятаков / Медиабанкка өтүүВстреча глав МИД РФ и Узбекистана С. Лаврова и А. Камилова
Встреча глав МИД РФ и Узбекистана С. Лаврова и А. Камилова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.02.2021
Жазылуу
Учурда өлкөнүн тышкы саясий ведомствосунун башчысы Руслан Казакбаев коңшу өлкөдөн келген кесиптеши менен жолугушууда.
БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов Бишкекке жумушчу сапары менен келди. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы билдирди.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.02.2021
Садыр Жапаровдун Өзбекстан, Түркмөнстанга барышы күтүлүүдө
Күн тартибиндеги эң негизги маселе КР президенти Садыр Жапаровдун Ташкентте жакынкы арада боло турган иш сапарын уюштуруу болмокчу.
Ошондой эле тараптар кыргыз-өзбек көп кырдуу стратегиялык өнөктөштүктүн учурдагы абалын жана келечегин талкуулашат. Аны менен катар регионалдык жана эл аралык уюмдардын алкагында мындан ары өз ара аракеттенүү боюнча пикир алмашышат.
Жаңылыктар түрмөгү
0