Президент Садыр Жапаров Россиянын лидери Владимир Путинден белекке алган кылыч

Владимир Путин Садыр Жапаровго кунда жок кылыч белек кылды. Сүрөт

(жаңыланган 12:36 01.03.2021)
Жапаровдун Россия президентинен алган белеги Тарых музейине тапшырыла турганын мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

БИШКЕК, 28-фев — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Россиянын лидери Владимир Путинден белекке кылыч алды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине ишенимдүү булактар кабарлашты.

  • Меч подаренный президенту КР Садыру Жапарову главой РФ Владимиром Путиным
    Президент Садыр Жапаров Россиянын лидери Владимир Путинден белекке кылыч алды
    © Фото / источники
  • Меч подаренный президенту КР Садыру Жапарову главой РФ Владимиром Путиным
    Эске салсак, Жапаров 24-25-февралда Москвага иш сапары менен барган
    © Фото / источники
1 / 2
© Фото / источники
Президент Садыр Жапаров Россиянын лидери Владимир Путинден белекке кылыч алды

Эске салсак, Жапаров 24-25-февралда Москвага иш сапары менен барган. Ошол эле күнү РФ лидери менен жолуккан. Кийинчерээк ал ЖМКларга берген маегинде Путинге кыргыз усталары жасаган кылыч тартуулаганын айткан.

"Баарынын кызыгы, Владимир Владимирович дагы Садыр Нургожоевичке баалуу металлдар менен кооздолгон кылыч белек кылган. Президенттик протокол кызматы белектерди дайыма кылдаттык менен ойлонуп, аны ар бир персона үчүн тандап эрте эле камдашат. Эки өлкө президенттеринин бири-бирине курал бериши чоң жана тарыхый мааниге ээ", — деген ишенимдүү булактар.

КР президентинин маалымат катчысы Галина Байтерек аталган билдирүүнү тастыктады.

"Садыр Нургожоевич Владимир Владимировичке берген белегин да, андан алган кылычты да өтө деле жарнамалагысы келген жок. Анын үстүнө мамлекет башчы алган белегин Тарых музейине тапшырууну табыштады", — деди Байтерек.

Жапаров Москвага болгон иш сапарында Путинге жолуккандан тышкары парламент төрагасы, өкмөт башчысы, кыргыз мигранттары жана россиялык ишкерлер менен да кезиккен.

Белгилер:
белек, кылыч, Владимир Путин, Садыр Жапаров
Тема:
Садыр Жапаровдун Россияга сапары (41)
Тема боюнча
Россия Кыргызстанга жардам катары 4,5 миң тонна үрөн жөнөтөт
Кыргызстандын армиясы россиялык С-300 системасын алмай болду
БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова. Архив

Шайлдабекова: референдумда 89,83 миң бюллетень жараксыз деп табылды

(жаңыланган 22:18 11.04.2021)
Автоматтык түрдө санаган урналардагы добуштардын 96,34 пайызы эсептелгенден кийинки жыйынтыкка ылайык, референдумга шайлоочулардын 36,75 пайызы катышты.

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Референдумда добуш берилген 89 830 бюллетень (6,94 пайыз) жараксыз деп табылды. Бул тууралуу БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Референдумга катышууга 3 606 225 жаран укук алган. Анын ичинен 1 325 254 шайлоочу же 36,75 пайызы добуш берген. Бул автоматтык түрдө санаган урналардагы добуштардын 96,34 пайызы эсептелгенден кийинки жыйынтык.

Ага ылайык, жаңы Конституцияны шайлоого келгендердин 79,25 пайызы колдоп, 13,69 пайызы каршы добуш берген. 

Белгилер:
жыйынтык, добуш берүү, референдум, конституция
Тема:
Жергиликтүү кеңештерди шайлоо
Тема боюнча
Бишкек шаардык кеңешине 6 партия өттү. Алдын ала жыйынтык
Ош шаардык кеңешине шайлоо: алдыда 4 партия баратат
Вице-премьер Улукбек Кармышаков. Архив

Вице-премьер Улукбек Кармышаков шайлоо ийгиликтүү өткөнүн жарыялады

(жаңыланган 21:43 11.04.2021)
Вице-премьердин айтымында, бардык шайлоо участкаларында орой эреже бузуулар катталган жок.

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Вице-премьер Улукбек Кармышаков референдум менен жергиликтүү кеңештерге шайлоо ийгиликтүү өткөнүн брифингде жарыялады.

"Биз жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана жаңы Конституция боюнча референдумду ийгиликтүү өткөрүп алдык. Алдын ала маалымат боюнча, референдумда 30 пайыздан ашык шайлоочу добуш берди. Бардык шайлоо участкаларында орой эреже бузуулар катталган жок", — деди аткаминер.

Кармышаков мындай көрүнүш мамлекет шайлоо процессин ийгиликтүү өткөрүп алганынан кабар берерин кошумчалаган.

Белгилер:
референдум, Улукбек Кармышаков, шайлоо, Кыргызстан
Тема:
Жергиликтүү кеңештерди шайлоо
Тема боюнча
Ош шаардык кеңешине шайлоо: алдыда 4 партия баратат
Бишкек шаардык кеңешинде мандаттар кандай бөлүштүрүлүп жатат. Болжолдуу эсеп
Референдумдун алдын ала жыйынтыгы чыгып, жаңы Конституция колдоо тапты