Жапаров бош убактысында эмне менен алектенерин айтты

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров. Архив
Президент Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.03.2021
Жазылуу
Журналист Жапаровдун хоббиси тууралуу суроо узатып, КР президенти чоң тенниске кызыгарын айткан.
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Бош убактым болуп калса эле бассейнге барам. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Казинформ" маалымат агенттигине берген маегинде айткан.
Журналист ага "Сиздин убактыңыз чектелүү, тар экенин түшүнөбүз. Ошентсе да Кыргызстандын президенти бош убактысында эмне менен алектенет?" деген суроо узаткан.
"Чынын айтсам, бош убактым жок. Маалымат катчым менен кеңешчимди "мага бош убакыт бербей жатасыңар" деп урушуп жатам. Бирок убакыт болору менен бассейнге барам. Азырынча ошол жакка гана барып жатам. Кудай буюрса, күн жылып калса футбол жана чоң теннис ойнойм. Бирок бош убакыт дээрлик жокко эсе", — деген Жапаров.
Маектин соңунда Жапаров казак калкы Кыргызстанга караганда бир топ жыл алдыга кеткенин айтып, бир тууган элдин ортосундагы ынтымактын бекем болушуна тилектеш экенин билдирген.
Жаңылыктар түрмөгү
0