Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Казакстандын өлкө башчысы Касым-Жомарт Токаевдин жолугушу

Жапаров менен Токаев талкуулаган маселелер. Жолугушуунун сүрөттөрү

(жаңыланган 13:27 02.03.2021)
Президент Садыр Жапаров КР делегациясынын атынан казак тараптын жылуу тосуп алганына ыраазычылык билдирди.

БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров мамлекеттик иш сапарынын алкагында Казакстандын өлкө башчысы Касым-Жомарт Токаев менен жолугуп, эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле биргелешкен өз ара алаканын мындан аркы келечегин талкуулады. Бул тууралуу мамлекет жетекчисинин маалымат кызматы билдирүү таратты.

Эскерте кетсек, мамлекеттик сапар 2-март күнү башталып, эки күнгө созулмакчы.

  • Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров мамлекеттик иш сапарынын алкагында Казакстандын өлкө башчысы Касым-Жомарт Токаев менен жолугуп, эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле биргелешкен өз ара алаканын мындан аркы келечегин талкуулады
    Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров мамлекеттик иш сапарынын алкагында Казакстандын өлкө башчысы Касым-Жомарт Токаев менен жолугуп, эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле биргелешкен өз ара алаканын мындан аркы келечегин талкуулады
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Эскерте кетсек, мамлекеттик сапар 2-март күнү башталып, эки күнгө созулмакчы
    Эскерте кетсек, мамлекеттик сапар 2-март күнү башталып, эки күнгө созулмакчы
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровду мамлекет башчысы кызматына шайланышы менен дагы бир жолу куттуктады
    Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровду мамлекет башчысы кызматына шайланышы менен дагы бир жолу куттуктады
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Андан соң тараптар мындан аркы алакалардын негизги багыттарын аныкташканын, диалогду бекемдөө боюнча пикир алышкандыгын айтып, тар чөйрөдөгү сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына канааттанганын белгиледи
    Андан соң тараптар мындан аркы алакалардын негизги багыттарын аныкташканын, диалогду бекемдөө боюнча пикир алышкандыгын айтып, тар чөйрөдөгү сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына канааттанганын белгиледи
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Токаев өлкөлөр ортосунда өз ара алгылыктуу чечимдерди табууга мүмкүн болбой турган маселе жок экендигин кошумчалады
    Токаев өлкөлөр ортосунда өз ара алгылыктуу чечимдерди табууга мүмкүн болбой турган маселе жок экендигин кошумчалады
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Касым-Жомарт Токаев Казакстан дагы өнөктөштүк жана союздаштык мамилелерди ар тараптуу тереңдетүү багытында бекем турарына ишендирип, кыргыз менен казактай жакын эл жок экендигин баса белгиледи
    Касым-Жомарт Токаев Казакстан дагы өнөктөштүк жана союздаштык мамилелерди ар тараптуу тереңдетүү багытында бекем турарына ишендирип, кыргыз менен казактай жакын эл жок экендигин баса белгиледи
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Өз кезегинде президент Садыр Жапаров КР делегациясынын атынан казак тараптын жылуу тосуп алгандыгына ыраазычылыгын билдирди
    Өз кезегинде президент Садыр Жапаров КР делегациясынын атынан казак тараптын жылуу тосуп алгандыгына ыраазычылыгын билдирди
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Мамлекет башчысы болуп шайлангандан кийин биринчилерден болуп Касым-Жомарт Токаевдин куттуктаганына токтолуп, боордош казак элинин колдоосу Кыргызстан үчүн өтө маанилүү экендигин айтты
    Мамлекет башчысы болуп шайлангандан кийин биринчилерден болуп Касым-Жомарт Токаевдин куттуктаганына токтолуп, боордош казак элинин колдоосу Кыргызстан үчүн өтө маанилүү экендигин айтты
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
1 / 8
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров мамлекеттик иш сапарынын алкагында Казакстандын өлкө башчысы Касым-Жомарт Токаев менен жолугуп, эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле биргелешкен өз ара алаканын мындан аркы келечегин талкуулады

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровду мамлекет башчысы кызматына шайланышы менен дагы бир жолу куттуктады. Андан соң тараптар мындан аркы алакалардын негизги багыттарын аныкташканын, диалогду бекемдөө боюнча пикир алышкандыгын айтып, тар чөйрөдөгү сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына канааттанганын белгиледи.

Токаев өлкөлөр ортосунда өз ара алгылыктуу чечимдерди табууга мүмкүн болбой турган маселе жок экендигин кошумчалады.

"Тескерисинче, биз өз ара аракеттенүүнүн ар кандай аспектилерин кароого ыкчам жана конструктивдүү мамиле жасоо ниетибизди билдирдик", — деди президент.

Касым-Жомарт Токаев Казакстан дагы өнөктөштүк жана союздаштык мамилелерди ар тараптуу тереңдетүү багытында бекем турарына ишендирип, кыргыз менен казактай жакын эл жок экендигин баса белгиледи.

Садыр Жапаров Казакстанга келиши
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Өз кезегинде президент Садыр Жапаров КР делегациясынын атынан казак тараптын жылуу тосуп алгандыгына ыраазычылыгын билдирди.

Мамлекет башчысы болуп шайлангандан кийин биринчилерден болуп Касым-Жомарт Токаевдин куттуктаганына токтолуп, боордош казак элинин колдоосу Кыргызстан үчүн өтө маанилүү экендигин айтты.

Жапаров эгемендүүлүк жылдарында өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелердин бекем пайдубалы түптөлгөнүн жана кызматташуунун жогорку деңгээлине жетишилгенин, Казакстан жакынкы коңшу эле эмес, Кыргызстандын маанилүү стратегиялык өнөктөшү экендигин баса белгиледи.

Эки элдин кылымдарды карыткан биримдиги мындан ары да чыңдала берерине ишеним артып, конструктивдүү диалогду улантууга даяр экенин билдирди.

Коронавирус пандемиясы маалында Кыргызстандын жарандарына жардам көрсөтүүдө, биринчи кезекте, алардын башка мамлекеттерден өз мекенине кайтып келүүсүнө көмөк көрсөтүү маселелеринде эки өлкө ортосунда конструктивдүү кызматташуунун оң тажрыйбасы калыптангандыгын кошумчалады.

Президент Садыр Жапаров бүгүнкү сүйлөшүүлөр эки өлкө ортосундагы мамлекеттер аралык мамилелерди өнүгүүнүн жаңы сапаттуу баскычына көтөрөрүнө, кыргыз-казак стратегиялык жана союздаштык алакасы мындан дагы тереңдеп, кеңейе тургандыгына бекем ишенерин билдирди.

Жапаровду Казакстанга кимдер коштоп кеткенин да билип алыңыз.

Белгилер:
пандемия, алака, иш сапар, Казакстан, Касым-Жомарт Токаев, Садыр Жапаров
Тема:
Жапаровдун Казакстанга болгон иш сапары (23)
Аткаминерлер. Архив

КМШ парламенттеринин төрагалары биринчи жолу офлайн жыйын өткөрөт

(жаңыланган 22:44 14.04.2021)
КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын (ПАА) жазгы сессиясы Таврия сарайында болот. Пленардык жыйынды ПАА кеңешинин башчысы, Россиянын Федералдык жыйынынын Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко өткөрөт.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. КМШ өлкөлөрүнүн парламенттеринин төрагалары пандемия жарыялангандан бери биринчи жолу жолугушат. Жыйын 15-апрелде Санкт-Петербургда өтөт.

КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын (ПАА) жазгы сессиясы Таврия сарайында болмокчу. Пленардык жыйынды ПАА кеңешинин башчысы, Россиянын Федералдык жыйынынын Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко өткөрөт.

Катышуучулардын болжолдуу тизмеси:

  • Сагиба Гафарова — Азербайжандын Милли мажлисинин төрайымы;
  • Арарат Мирзоян — Армениянын парламентинин төрагасы;
  • Маулен Ашимбаев — Казакстандын парламентинин сенатынын төрагасы;
  • Талант Мамытов — Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин төрагасы;
  • Зинаида Гречаный — Молдованын парламентинин төрайымы;
  • Танзила Нарбаева — Өзбекстандын Олий Мажлисинин төрайымы.

Ал эми видео байланыш менен жыйынга Беларусь менен Тажикстандын парламенттеринин спикерлери кошулат.

Парламент төрагаларынын катышуусундагы конференция "COVID-19 пандемия шартында глобалдык чакырыктар жана коркунучтар. Терроризм жана зомбулук экстремизми" аталышында өтөт.

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов. Архив
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Ошол эле күнү Кеңештин жыйыны болуп, анда делегация жетекчилери шериктештиктин аймагында өткөн шайлоолорго Парламенттер аралык ассамблеядан катышкан эл аралык байкоочулардын ишин талкуулашат.

16-апрель күнү ПААнын штабында Ассамблеянын 52-пленардык жыйыны өтөт. Анда өзөктүү тема катары пандемия маалында миграциялык процесстерди мыйзам түрүндө көзөмөлдөө талкууланары айтылды. Ошондой эле парламент жетекчилери Ассамблея тарабынан даярдалган КМШга мүчө мамлекеттер үчүн миграциялык кодексти карашат.

Жыйындын жүрүшү Ассамблеянын сайтында www.iacis.ru жана "Вместе-РФ" vmeste-rf.tv. каналынан түз алып көрсөтүлө турганы маалым болду.

Белгилер:
Россия, маселе, жыйын, төрага, КМШ Парламенттер аралык ассамблеясы
Тема боюнча
ЖКнын VI чакырылышына 185 мандат берилди, 65 депутат кайдан келди. Инфографика
УКМК: саясий серепчи Марат Казакпаев мамлекеттик чыккынчылыкка шектелип кармалды
Аткаминер портфель менен. Архив

Салык кызматынын жетекчиси отставкага кетип, ордуна башка келди

(жаңыланган 20:14 14.04.2021)
1-апрелде премьер-министр Улукбек Мариповдун буйругу менен кайра кызматка дайындалган Кабылов отставкага кетти.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Экономика жана финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев кызматынан кетти. Бул тууралуу аталган ведомстводон билдиришти.

Маалыматка караганда, анын ордуна Илияз Иманбетов келди. Ал буга чейин ЕАЭБдин алкагында кыйыр салыктар менен иштеген башкармалыкты жетектеп турган. 

Кабыл Абдалиев 2019-жылдын июль айынан бери ушул кызматты ээлеп келе жаткан. 2021-жылы өкмөттө реформа болуп, Салык кызматы Экономика жана финансы министрлигинин курамына киргендиктен 1-апрелде премьер-министр Улукбек Мариповдун буйругу менен Абдалиев кайра кызматка дайындалган болчу.

Белгилер:
Илияз Иманбетов, Кабыл Абдалиев, отставка, Мамлекеттик салык кызматы
Тема боюнча
Уланбек Асанов Социалдык фонддун төрагасы болуп дайындалды
Бишкек шаардык жана Биринчи май райондук милициясына жаңы жетекчилер дайындалды

Кер мурут жигит Сүймөнкул Чокморов. Улуттук банктын улуу инсан тууралуу видеосу

(жаңыланган 22:56 14.04.2021)
Улуттук банк кыргыз банкноталарына түшүрүлгөн белгилүү инсандар тууралуу видеолорду жарыялоодо. Бул ирет банк легендарлуу актер, сүрөтчү Сүймөнкул Чокморов тууралуу видеоролик жарыялаган.

Эки мүнөттөн ашык тартылган роликте сүрөтчүнүн жаш кезин көрүүгө болот. Анда Чокморов жана башка студенттер талаада педагогдун жетекчилигинин алдында жылкыны сүрөткө тартып жатышат. Видеонун алдында окуя 1963-жылы Ленинград облусунда болгону жазылган. Чокморов эмгегинде бир гана жылкыны эмес, анын артына тоолорду да тартат. Окутуучу жок тоону эмнеге тартканын сураганда, ал мекенин сагынганын айткан. Бир маалда жылкы үркүп, баланын колунан жулунуп, секире баштайт. Аны көрүп Чокморовдон башкасынын баары чочулайт. Бирок Сүймөнкул Чокморов аттын жанына барып, жылкыны сылап аны чуркатыш керектигин айтат. Бала ага макул болбой койгондо Чокморов "кыргыздар ээр үстүндө чоңойгон калкпыз. Ал эми ат биздин канатыбыз" деп чапкан боюнча жөнөгөн.

Кадр алмашып, Чокморов "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" тасмасындагы Карабалтанын образында болуп калат.

Улуттук банк роликтерди Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата тартып жатат. Анда улуттук валютага сүрөтү түшүрүлгөн философ Жусуп Баласагын, манасчы Саякбай Каралаев, сүрөтчү, актёр Сүймөнкул Чокморов, акын Алыкул Осмонов тууралуу видеолор көрсөтүлмөкчү.

Роликтерди режиссёр Руслан Акун белгилүү кино ишмерлери Актан Арым Кубат, Эрнест Абдыжапаров, Марат Сарулу жана Баян Сарыгуловдун колдоосу менен тарткан.