БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-мартта, Казакстанга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында коңшу өлкөнүн тунгуч өлкө башчысы Нурсултан Назарбаев менен жолугушту. Бул тууралуу мамлекет жетекчисинин маалымат кызматы кабарлады.
Назарбаев Жапаровдун келишин кубаттап, өткөн президенттик шайлоодо Кыргызстан эли ага чоң ишеним артканын баса белгиледи. Ал Садыр Жапаровго Кыргызстан элинин жаркын келечегин куруу жолундагы ишине ийгиликтерди каалады.
Ошону менен катар мамлекеттик сапарынын алкагында Казакстан менен Кыргызстан президенттеринин ортосунда болуп өткөн сүйлөшүүлөрдүн натыйжалуулугуна токтолду.
Президент Садыр Жапаров Нурсултан Назарбаевдин салмактуу ички жана тышкы саясатынын натыйжасында Казакстан эл аралык аренада алдыңкы орундарды ээлеп тургандыгын айтып, ага чоң кадыр-баркка ээ мамлекеттик ишмер катары урматтоосун билдирди.
"Кыргызстан эли оор мезгилдерде Казакстан тарап туруктуу көрсөтүп келген жардамды эч качан унутпасын баса белгиледи. Садыр Жапаров мындай тили жана каада-салты окшош элдердин ортосунда чечилбеген көйгөйлөр болбошу керектигин өзгөчө белгилеп, биргелешип өнүгүүгө даяр экендигин айтты. Ал инвесторлордун, анын ичинде Казакстандан келген инвесторлордун укуктарын коргоого толук кепилдик бере тургандыгын кошумчалады", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле мамлекет башчы анын Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда стратегиялык өнөктөштүктү жана достук мамилелерди орнотууга кошкон салымын жогору баалады.
"Боордош Казакстанга биринчи мамлекеттик сапар менен келүү биз үчүн чоң сыймык. Эки элдин ортосунда түзүлгөн бир туугандык жылуу мамилени сиздин колдооңуз менен сактап калууга жана андан ары өнүктүрүүгө умтулабыз", — деди ал.
Садыр Жапаров Нурсултан Назарбаевге бекем ден соолук, узак өмүр жана ишине ийгиликтерди, ал эми Казакстан элине тынчтык жана бакубаттуулук каалады.
АКШ 20 жылдан бери талибдер менен эпке келип, өлкөдө тынчтык орнотуу оюн ишке ашыра алган жок. Америкалык жоокерлер качан Афганистандан толук чыгып кетет? Согушкерлерге эмнени түшүндүрүп, кырдаалды кантип жолго салып кете алат. Суроолорго жоопту видеодон көрүңүз.
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов КМШ өлкөлөрүнүн парламенттерин учурдагы коркунучтарга каршы биргеликте күрөшүүгө чакырды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.
Төрага дүйнө коомчулугу СOVID-19 пандемиясы менен күрөшүп жаткан учурда да терроризм жана экстремизм көйгөйлөрү актуалдуулугун жоготпой, мурдагыдай эле глобалдык жана аймактык коопсуздуктун негизги коркунучу катары калып жатканын белгиледи.
Ал ошондой эле Ислам мамлекети жана башка радикалдык топтордун идеологиясынын жайылуусуна, террордук уюмдарга жарандардын тартылуусуна, Афганистандагы жана Жакынкы Чыгыштагы абалга карата Кыргызстандын кооптонуусу тууралуу сөз кылды.
"Биз терроризм менен экстремизмге бөгөт коюп, аларга байланышкан жараяндарга, баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүүсүнө, адамдарды жана куралдарды сатууга, арам акчаларды адалдоого, коррупцияга жана терроризмди каржылоого каршы биргелешип күрөшүүбүз кажет", — деди Мамытов.
Россиянын Федералдык жыйынынын Федерациялар кеңешинин жетекчиси Валентина Матвиенко дагы эл аралык терроризм коопсуздукту камсыздоодо негизги көйгөйлөрдүн бири бойдон турганын белгиледи.
"Өткөн жылы пайда болгон коронавирус пандемиясы террордук коркунучка каршы туруу ишин дагы бир кыйла татаалданткан жаңы фактор болуп калды", — деди ал.Матвиенко мындай татаал кырдаалда эл аралык кызматташууну ар тараптуу бекемдөө, алардын ыкчамдыгын жана натыйжалуулугун арттыруу, глобалдуу масштабдагы мыйзамдык коопсуздукту өркүндөтүү өзгөчө маанилүү болорун айтты.
Белгилей кетсек, Талант Мамытов жетектеген делегация 14-апрель күнү "COVID-19 пандемия шартында глобалдык чакырыктар жана коркунучтар. Терроризм жана зомбулук экстремизми" аталышында эл аралык парламенттик конференцияга катышуу үчүн Россияга учуп кеткен. Бул пандемия жарыялангандан бери биринчи офлайн жыйын болду.