Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов. Архив

Мамытов Конституция долбоорун талкуулабай, референдум дайындоого чакырды

(жаңыланган 11:46 03.03.2021)
Спикер депутаттар суроо берген сайын азыркы каралып жаткан долбоор талкууга жатпай турганын эскертип жатат.

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов депутаттарга жаңы Конституциянын долбоорун талкуулабай, референдумду дайындоо керектигин эскертти.

"Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу" мыйзамдын долбоору жалпы жыйында каралып жатат.

Анда депутаттар жаңы Баш мыйзамдын долбоорунун мүчүлүштүктөрүн айтып, оңдоону талап кылышкан.

"Долбоорду Конституциялык кеңешме жазып чыккан, азыр парламент референдумду гана дайындашы керек. Андыктан Баш мыйзамдын долбоорун талкуулабай, референдум дайындоону карайлы", — деди Мамытов.

Спикер депутаттар суроо берген сайын азыркы каралып жаткан долбоор талкууга жатпай турганын эскертип жатат.

Белгилер:
Талант Мамытов, Жогорку Кеңеш, долбоор, кароо, конституция
Тема:
Жаңы Конституциянын долбоору жана референдум (169)
Тема боюнча
Касымалиева Конституциянын долбоорун чачы таралбаган адамга салыштырды. Видео
ЖКда Конституциянын автору делген депутаттардын атын ачыктоо талап кылынды
ЖКнын тармактык комитети жаңы Конституциянын долбоорун жактырды
SWIFT банктар аралык байланыштын глобалдык тутумунун логотиби. Архив

"Москваны жазалоо": Россияда SWIFT системасы өчүрүлсө эмне болот?

(жаңыланган 10:10 14.04.2021)
SWIFT банктар аралык байланыштын глобалдык тутумунан өчүрүлөрүн айтып, Россияны АКШ гана тургай эми Европа да коркутууда.

Макулдашылган катаал чарага чакырык бул ирет Европарламентте да жаңырды. Мындай көрүнүш РФтин каржылык тутумуна кандай чагыларына Наталья Дембинская сереп салган.

Маалымат алмашуу жана төлөм жүргүзүүнүн эл аралык банктык тутумуна эки жүздөн ашуун өлкөдө 11 миңден көбүрөөк уюм туташтырылган. Россия — SWIFT системасын пайдалануучулардын ири үчтүгүнө кирет. Бирок 2014-жылдан тарта бул инструменттен РФтин өчүрүлөрү айтылып келет. Буга Крым да, Донбасс да, Скрипалдердин иши, блогер Алексей Навальныйдын кырдаалы да доомат катары келтирилет.

Президенттик кызматка киришери менен эле Россияны SWIFT системасынан өчүрүүнү Жо Байден убада кылган. Былтыр декабрда Reuters басылмасы президенттин командасынын пландары менен жакындан тааныш булактарга таянып, Кошмо Штаттардын мамлекеттик мекемелерине болгон хакердик чабуулга катыштыгы болушу мүмкүн деген айыптоо менен Байден Москваны жазалоого ниеттенгенин маалымдаган. Бул "Россиянын олуттуу экономикалык, каржылык же технологиялык жоготууларына" алып келиши мүмкүн. Жазалоонун варианттарынын бири — SWIFT тутумунан өчүрүү экенин Вашингтондогу стратегиялык жана эл аралык изилдөөлөр борборунун киберкоопсуздук боюнча эксперти Жеймс Эндрю Льюис боолголойт.

Апрелде Украинанын чыгышында кырдаал курчуп кетти, бул дагы  жаңы шылтоо. Мындай демилгени эми Европа колго алды. Европарламенттин башкаруучу фракциясы – Европалык элдик партиясынын башчысы Манфред Вебер Москва "кооптуу чагымчылыктардын нугун улантууда" дейт. Анын пикиринде, Украина менен чек арасында "аскердик күчтөрүн бекемдөө" менен Москва Батыштын сабырын сыноодо. Ошондуктан АКШ жана ЕБ макулдашылган жооп берүүгө тийиш. Парламентарий белгилегендей, абал курчуп турганда "өлчөнгөн санкциялардын маалы өтүүдө". Вебер "олигархтардын эсептерин масштабдуу тоңдурууну" жана SWIFT системасынан өчүрүүнү сунуштады.

Көйгөйлөр жаралат

Бир жагынан Россиянын 2014-жылы ишке киргизилген Каржылык билдирүүлөрдү алмашуу тутуму (СПФС) бар. Ага россиялык банктардын баары жана Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө болгон он чакты өлкө кошулган. SWIFT системасынан өчүрүлгөн соң банктар анын россиялык аналогуна өтөт. Бирок эл аралык төлөмдөр үчүн СПФС азырынча эл аралык системанын ордун толук баса албайт, ошондуктан олуттуу сокку урулушу мүмкүн.

Эксперттер Россиядагы доллар жана евро түрүндөгү экспорттук жана импорттук операциялардын көлөмү бир кыйла, ал эми өндүрүмдөрдүн көпчүлүк тобуна альтернатива табуу мүмкүн эмес.

"SWIFT системасынан өчүрүү россиялык банктардын транзакцияларын токтотот, — деп эскертет "Бета финансылык технологиялар" индекстик компаниясынын башкы стратеги Арарат Мкртчян. — Ири экспортчулар баарынан көп жабыркайт. Алар өз операциялык ишмердигин тейлөө үчүн чет элдик банктар менен гана иштөөгө аргасыз болот. Чектөөлөргө тушукпаган ортомчулар да мындайда көп чыгат. Айрыкча мында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн каржылык институттары утушка ээ болот.

Баарын чечүүгө болот

Бирок кандай болгон күндө да чоң кырсык болбойт. "Россиялык банктарды SWIFT тутумунан өчүрүүнүн өзү контрагенттер ортосундагы каржылык транзакциялар кымбаттайт жана ыргагы жайлайт дегенди гана туюндурат. Калыпка түшүп калган чынжырча үзүлөрү турулуу иш, аларды калыптандыруу үчүн убакыт талап кылынат. Бирок бир же эки аптада жагдайды жөнгө салууга болот", — дейт QBF улук аналитиги Олег Богданов.

Эгер россиялык резиденттердин доллар түрүндөгү каражаттары тоңдурулса, башка кеп экенин кошумчалайт эксперт. Анда рыноктордо башаламан реакция жаралышы ыктымал. Бир-эки кварталда каржылык байланыштарды баары бир калыптандырышат. Валюта курсу да кескин өзгөрүшү мүмкүн. Бирок өйдө-ылдый убак тез эле өтүп, рубль өз деңгээлине келет.

Кимге кымбат түшөт?

Ошентсе да Россия аталган тутумдан өчүрүлбөйт, коркутуп гана тим болушат деген ойлор да туулат. Анткени SWIFT — россиялык банктардан акча тапкан жеке компания. Анан да система эл аралык транзакциялар үчүн гана тургай, ички эл аралык которууларга да колдонушат. SWIFT тутумунан кимдир бирөөнү өчүрүү үчүн ЕБ же АКШнын компаниянын өзүнө каршы чечим кабыл алышы керек. Бирок анткен учурда Россиянын соода өнөктөштөрү — европалык жана америкалык бизнес четте калат.

"Бул россиялык компанияларга жана мамлекетке милдеттенмелерин төлөөгө мүмкүндүк бербей турган күтүүсүз жагдай болуп эсептелиши мүмкүн. Өлкөнүн тышкы карызы —450 миллиард доллардын тегерегинде. Мындан улам кредиторлордун да каржылык көйгөйлөрү жаралышы ыктымал. Андан тышкары, негизги соода өнөктөштөрү менен операциялар кыйындайт. Ал эми алардын эң чоңу — Евробиримдик. Европарламенттеги чакырыктар курулай гана популизм", — деп болжойт "Открытие Брокер" компаниясынын улук талдоочусу Андрей Кочетков.

АКШ да кыйналбай койбойт. Биринчиден, Вашингтондун SWIFT компаниясына болжолдуу гана таасири бар, анткени анын штаб-квартирасы Бельгияда жайгашкан. Экинчиден, андай чара көрүлө турган болсо Россия америкалык банк жана саясатчыларга каршы катаал санкциялар менен жооп кайтарышы да мүмкүн.

Белгилер:
банк, кредит, соода, АКШ, Евробиримдик, Акча которуулар, Россия, система
Тема боюнча
Эки тизгин, бир чылбырды бере тургула. Дүйнөнү башкарууга умтулган ЕБ лидерлери
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Текебаев. Архив

Текебаев: мамлекет төлөй турган 4 млн. сомдук компенсациядан баш тартам

(жаңыланган 17:09 13.04.2021)
Саясатчы бюджетте акча жок кризис болуп турган маалда өкмөттөн компенсация сураганы туура эмес болорун айтты.

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Текебаев акталгандан кийин мамлекет ага 4 миллион сомго чукул компенсация төлөмөр болду. Бул тууралуу саясатчы сот өкүмү чыккандан кийин журналисттерге билдирди.

Текебаев бул каражатты доолабай турганын айтты.

"Реабилитацияга болгон укуктарыбызды судья толугу менен канааттандырды. Материалдык доонун баары өкмөткө коюлат экен. Төрт жыл түрмөдө отурдук, ошол аралыктагы айлык, моралдык компенсация жана башка маселелер боюнча эсептесем 4 миллион сом болот экен. Бирок мен андан баш тартам. Бюджетте акча жок кризис болуп турган маалда өкмөттөн компенсация сураганым туура эмес болуп калат", — деди Текебаев.

Ошондой эле ал мындан ары дагы саясатка аралаша турганын кошумчалап, жакында "Ата Мекен" партиясынын саясий кеңеши менен иш пландарын аныктай турганын белгиледи.

"Сөзсүз түрдө саясатка дагы аралашам. 62 жашта болгонум жана чарчап турганым менен жарандык позициям активдүү болот. Азыр менде жана үй-бүлөмдө кубануу сезими жок. Мен муну жеңилденүү катары кабыл алат элем. Кубанып отурган бир киши бар, ал — апам. Ар бир сот отурумун унутпай сурап жаткан. Апам эртең менен реанимациядан чыкты, бүгүнкү кабар ага күч-кубат берет деп ойлойм", — деди саясатчы.

Белгилей кетсек, бүгүн Биринчи май райондук соту Текебаевди биротоло актаган.

Текебаевдин иши

2017-жылдын 25-февралында Башкы прокуратура "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновго карата Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүмү ("Коррупция") жана 166-беренесинин 4-бөлүмүнүн 2-3-пунктуларында ("Алдамчылык") камтылган белгилер боюнча кылмыш ишин козгогон.

Ал иштин алкагында Текебаев менен Чотонов кармалган. Россиялык бизнесмен Леонид Маевский Текебаев "Альфа Телеком" (Megacom) компаниясынын башкармалыгына кирүүгө мүмкүнчүлүк берүү үчүн бир миллион доллар алды деп айтып, депутаттын үстүнөн арыз жазган. 16-августта Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Текебаевди коррупция боюнча күнөөлүү деп таап, сегиз жылга эркинен ажыраткан. Шаардык сот жана Жогорку сот өкүмдү күчүндө калтырган.

Кийин жаңы жагдайлардан улам Текебаев менен Чотоновдун ишин Жогорку сот кайра кароого жөнөтүп, Фемида өкүлдөрү өткөн жылдын 29-августунда эки саясатчыны үй камагына коё берген. Мындан улам иш кайра башынан Биринчи май райондук сотунда каралып жатат.

Белгилер:
каражат, актоо, сот, Өмүрбек Текебаев
Тема боюнча
Прокуратура сотто Текебаев менен Чотоновго айып тагуудан баш тартты
Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов биротоло акталды