Иманалиев: негизги эки документ жок, Конституция долбоорун карай албайбыз

© Фото / пресс-служба ЖК КРЖогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев. Архив
Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.03.2021
Жазылуу
Эл өкүлүнүн айтымында, долбоорду кароого негиз болчу эки документ жок, мындан улам регламент боюнча кароого парламенттин укугу да жок.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев Конституциянын долбоорун жана референдум дайындоого негиз жок экенин айтты.
Анын айтымында, долбоорду кароого негиз болчу эки документ жок, мындан улам регламент боюнча кароого парламент укуктуу эмес.
"Сөз жок, керектүү эң негизги документ жок экен. Мындай жагдайда сөзсүз түрдө Конституциялык палатанын корутундусу керек. Экинчиден, "ооба, референдум өткөрүүгө өкмөт макул, мынча каражат керек" деген өкмөттүн корутундусу зарыл", — деди эл өкүлү.
Андан соң өкмөттүн парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытов өкмөттүн оң корутундусу бар экенин айтып, референдум өткөрүүгө 60 миллион сом керектелерин билдирди.
Иманалиев мындай корутунду депутаттарга берилбегенине нааразы болду.
Жаңылыктар түрмөгү
0