Депутат Бешимбаева: жаңы Конституциянын автору эмесмин, тизмеден алып коюңуздар

© Фото / пресс-служба ЖКЖогорку Кеңештин депутаты Айгерим Бешимбаева. Архив
Жогорку Кеңештин депутаты Айгерим Бешимбаева. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.03.2021
Жазылуу
Эл өкүлү долбоор алгач өткөн жылдын ноябрында чыкканда эле демилгечи катары кошулуп калганын, бирок ошондо эле баш тартканын айтты.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Айгерим Бешимбаева жаңы Конституциянын демилгечиси эместигин айтып, кандайча автор катары кошулуп калганын түшүнбөй жатканын белгиледи.
Эл өкүлү долбоор алгач өткөн жылдын ноябрында чыкканда эле демилгечи катары кошулуп калганын, бирок ошондо эле авторлордун тизмесинен алып салууну суранганын айтты.
"Сайтты карасам демилгечилердин арасында мен дагы деле бар экенмин. Буга чейин кат түрүндө дагы жазгам, мен демилгечи эмесмин, ошол тизмеден алып койсоңуздар. Менин бул долбоорго эч кандай тиешем жок, талкуусуна дагы катышкан эмесмин", — деди Бешимбаева.
Төрага Талант Мамытов Жогорку Кеңештин аппаратына тактап көрүүгө тапшырма берди.
Белгилей кетсек, Бешимбаева башында эле жаңы сунушталган Конституция долбоорун жазууга катышпаганын билдирген болчу. Ошондой эле жаңы кирип жаткан өзгөртүүлөргө каршы экенин айткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0